Аннотация
В данном научном труде «Трансформация экологических парадигм в произведениях Ч. Айтматова» исследуется эволюции экологической памяти, экологического сознания и экологического отношения действующих лиц, и, на основе этих категорий выводиться экологическая этика писателя, созвучная требованиям нашего времени. Подчеркивается, что «Прощай, Гульсары!» и «Пегий пес бегущий по краям моря» великие произведения по всем параметрам, стоящие выше всех других антропоморфических произведений в мировой литературе.
В статьях критикуются серьезные недоастатки в айтматоведении и манасоведения, которые по сути, за последнее время не внесли ничего нового, стоящего, а повторяют как попугаи, на разные лады, разробатанные идеи 70-х и 80-х годов.
А также в книгу включена основное содержание фундаментальной монографии автора «Экологическая этика Ч. Айтматова» опубликованной в 2005-году в Бишкеке на кыргызском языке, которого сам Ч. Айтматов неоднократно предлагал перевести на русский язык.
Киришүү
Илимий-техникалык прогресстин тереңдеши, жаратылыш байлыктарын эксплуатациялоонун, айлана-чөйрөнүн булгануусунун геометриялык прогрессте өсүшү менен экологиялык маселелердин актуалдуулугу артууда. XIX кылымдын аягында XX кылымдын башында «экология» деген түшүнүк жаралганда ага айлана-чөйрөнү коргоо гана кирсе, азыр анын алкагы кеңейип, ал философия жана социология сыяктуу коомдук көрүнүштөрдүн кеңири чөйрөсүн камтыган илимге айланды. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Анткени, азыр адамзаттын гана эмес, жалпы тирүүлөрдүн келечеги экологиялык аң-сезимибизге, маданиятыбызга жана мамилелерибизге түздөн түз көз каранды болуп турат. Адамдардын айлана чөйрөгө карата көз караштарында, аутэкологияларында кескин өзгөрүүлөр жасалып, жаратылыш менен адамдардын ортосунда учурга адекваттуу мамилелер калыптанып, насил-нарктарды баалоочу шкалаларында жаңы парадигмалар жаралбаса, адамдар ядролук коркунучсуз деле чоң апаатка, экологиялык кыйроого учурабай койбойт.
БУУнун статмаалыматтары боюнча, 1972-жылдан бери жыл сайын 17 миллион гектар же Австриянын аянтына барабар токойлор жана бадалдар жок болууда. Ар мүнөттө 36 гектар тропикалык токойлор кыркылып турат. Акыркы 20 жылда 250 миллион гектар токой жок болуп, планетанын токой ресурсу 4 эсеге азайды. 1960-жылдарга салыштырганда Арал деңизинин деңгээли 15 метрге төмөндөп, аянты 60 пайызга кичирейди. Планетадагы эрозияга учураган аянттар Кытайдын айдоо жерлеринин көлөмүнөн ашат, ага жыл сайын 66 миллион гектар кошулууда. Таза суулардын запасы 1970-жылга салыштырганда эки эсе азайды. Атмосферадагы углероддук газдар геометриялык прогрессте өскөндүгүнөн улам климат жылып, түбөлүк муздардын эриши тездөөдө. Дүйнөдө бөлүнүп чыгарылып жаткан уулуу заттардын 80 пайызы индустриалдык жактан өнүккөн өлкөлөргө туура келет (38:23—34).
Жыл сайын 4—5 миң түрдөгү жан-жаныбарлар, өсүмдүктөр биротоло жок болууда. Атмосферадагы озондук катмар жукарып, ал ар кандай коркунучтуу дарттардын көбөйүшүн шарттоодо. Айрым индустриалдык өлкөлөрдүн улуттук эгоизми күчөөдө. Алсак, мурдагы президент Д. Трамптын демилгеси менен АКШ 2017-жылы атмосферага углероддук кычкылтектерди чыгарууну азайтуу боюнча Париж макулдашуусунан чыгып чыгып кетсе, кийинки президент Джо Байден өлкөнү ал макулдашууга кайра кошту. 2022-2023-жылдар адамзаттын тарыхындагы эң ысык жылдардан болду.
Адам менен жаратылыштын ортосундагы мамилелерди ачууда жана өнүктүрүүдө адабияттын ролу чоң. Экологиялык аң сезимди, маданиятты өнүктүрүүдө орус адабиятында А. Пушкин, В. Жуковский, И. Тургенев, Л. Толстой, Н. Некрасов, М. Пришвин, Ф. Тютчев, П. Бажов, Л. Леонов, В. Бианки, И. Соколов-Микитов, Г. Троепольский, В. Астафьев, С. Залыгин, В. Распутин, В. Чивилихин, В. Белов сыяктуу жазуучулардын чыгармалары канчалык чоң роль ойносо, Ч. Айтматовдун чыгармалары да учурдун императивдерине шайкеш экологиялык ой казынасын байытууда ошончолук милдетти аткарды жана аткарууда. Ч. Айтматовдун «Жамийла», «Ботокөз», «Саманчынын жолу», «Гүлсарат», «Ак кеме», «Кайрылып куштар келгенче», «Деңиз жээгин бойлой жорткон ала дөбөт», «Кылымга тете күн», «Кыямат», «Куюн», «Бахиана», «Кассандра тамгасы», «Тоолор кулаганда» деген повесттери, аңгемелери, романдары, М. Шаханов, Д. Икэда менен биргеликте жазган тарыхый, философиялык диалог-китептери көркөм сөз дүйнөсүндөгү, публицистикадагы гана эмес, экологиялык ой казынасындагы да жаңы ачылыштардан болуп саналат.
Ал дүйнөлүк Аристотель, Пифагор, Сенека, Монтень, Руссо, Вольтер, Кант, Швейцер сыяктуу улуу ойчулдардын мурастарындагы, элдик оозеки чыгармачылыктагы «Манас», «Эр Төштүк», «Кожожаш» эпосторундагы, «Карагул ботом» поэмасындагы, Кетбука, Асан кайгы, Токтогул (XVI кылымдагы), Арстанбек, Калыгул, Эшманбет, Молдо Кылыч, Нурмолдо, Жеңижок, Токтогул Сатылганов, Тоголок Молдо, Барпы сыяктуу залкарлардын чыгармаларындагы экологиялык идеяларды өнүктүрүп, байытып, жаңы реалийлердин тутумунда чечмелеген. Ч. Айтматовдун негизги чыгармаларындагы экологиялык императивдер, адам менен жан-жаныбарлардын, жаратылыштын ортосундагы айрым мамилелер классикалык орус адабиятынын мыкты өкүлдөрүнүн жетишкендеринен да алга озгон. «Гүлсарат» дүйнөдө зооцентристтик чыгармалардын туу чокусу болуп саналат.
Ч. Айтматов чыгармачылыгында антропоцентризмден баш тартып, бардык тирүүлөрдү белгилүү деңгээлде моралдык, нравалык ченемдерге, категорияларга кошуу, же коэволюциялык өнүгүүгө артыкчылык берүү маселесин козгойт. Аларды изилдеп, системалаштырып, билим берүү, илимий жана практикалык иштерге пайдалануу актуалдуу милдеттерден.
Учурга карата дүйнө жүзүндө Ч. Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча жүздөн ашык кандидаттык, докторлук диссертациялар корголуп, кырктан ашык монографиялар, илимий-публицистикалык эмгектер, макалалардын жыйнактары жарыяланды. Алар негизинен: библиографиялык, биографиялык-комментариялык, адабият таануу, лингвистикалык, социологиялык, тарыхый, педагогикалык жана этнографиялык ж.б. эмгектер. Жазуучунун советтик жана дүйнөлүк адабиятка кошкон салымын, көркөм каражаттарды пайдалануудагы чеберчилигин, элдик оозеки чыгармаларды жана мифтерди колдонуудагы өзгөчөлүгүн жана улуттук дүйнө таанымды кеңейтип, өнүктүрүүдөгү ролун ачып берүүдө Г. Гачевдин («Ч. Айтматов: в свете мировой культуры», Ф. «Адабият», 1989 г. 488 с.), В. Коркиндин («Человек о человеке: заметки о творчестве Ч. Айтматова», Ф.1974 г.), Л. Лебедеванын («Крутое восхождение», Ф.1981 г. 156 с.), К. Асаналиевдин («Открытие человека соовременности», Ф. 1968 г., «Движение во времени: портреты, полемика, заметки, критические миниатюры», Ф. 1979 г., «Аил, Шекер и космос», в кн: Исследования. Статьи. Выступления. О творчестве Чингиза Айтматова в пяти томах. Б. «Кирланд», 2018.т 1. с.217—466. ж.б.), А. Акматалиевдин («Айтматовго таасирленүү», Ф.1988 ж., «Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык жолу», Ф. 1988 ж., «Чингиз Айтматов: жизнь и творчество», Б. 1991 г., «Чингиз Айтматов и взаимосвязи литератур», Б. 1991 г., «Вселенная, человек и Жаабарс. В кн: Исследования. Статьи. Выступления. О творчестве Чингиза Айтматова в пяти томах. Б. «Кирланд», 2018.т 1. с. 108—135, ж.б.), Т. Аскаровдун («Поиски абсолюта- творческое кредо Чингиза Айтматова, Б. 2010), М. Дединанын («Фольклорно-мифологические мотивы в прозе Чингиза Айтматова». В кн: Исследования. Статьи. Выступления. О творчестве Чингиза Айтматова в пяти томах. Б. «Кирланд», 2018.т 3. с.104—220), В. Левченконун («Чингиз Айтматов, М.1983 г.), Л. Строиловдун («Творчество Чингиза Айтматова в западноевропейской критике, Ф.1988 г. 128 с.), Р. Рахманалиев жетектеген авторлор тобунун («Чингиз Айтматов в современном мире: автор-книга-читатель», Ф.1989 г.), Б. Панкиндин («Строгая литература», М.1982 г., «Страсть к настоящему», М. 1983 г.), П. Мирза Ахмедованын (» Национальная эпическая традиция в творчестве Чингиза Айтматова», Т. 1980 г.), А. Исеновдун («Психологизм современной прозы на материалах товрчество Ч. Айтматова», А-А. 1985 г.), А. Муратовдун («Чынгыз Айтматов-жазуучу-этнопедагог, Б. «Айат», 2006. 204 б.), Л. Үкүбаеванын (» Чынгыз Айтматов жана кыргыз адабияты», Б. «Турар», 2012. 392 б. ж.б.), А. Асанованын («Чынгыз Айтматов- публицист», Б. «Газета. КЖ», 2014. 238 б.), С. Байгазиевдин («Чынгызга карышкырдан кат», Б. «Гүлчынар», 2008. 164 б., «Манас» жана Чынгыз», Б. «Алтын тамга», 2019. 64 б. ж.б.), О. Ибраимовдун («Чингиз Айтматов. Последний писатель империи», Б. в кн: Исследования. Статьи. Выступления. О творчестве Чингиза Айтматова в пяти томах. Б. «Кирланд», 2018.т 3. с.343—430. ж.б.), К. Ибраимовдун («Чингиз Айтматов как мифотворец- мудрец века», Б. «Турар», 2018. 224 с.),С. Алахандын (»«Чынгыз Айтматовдун алгачкы аңгемелери», Б. «Полиграф-ресурс», 2013. 124 б. ж.б.), Ж. Сааданбековдун («Чынгыз Айтматовдун философиясы», Б. «Улуу тоолор», 2018. 280 б.), Э. Нурушевдин («Жамийла» жана улуттук эрос», Б.«Турар», 2018. 168 б.) деген монографиялары, изилдөөлөрү, булардан сырткары А. Салиев, З. Кедрина, М. Борбугулов, Р. Кыдырбаева, А. Овчаренко, Р. Опиц, К. Байжигитов, Ж. Бакашева, А. Кадырманбетова, А. Кацев, Б. Тагаев, Н. Сыдыков, М. Апышев сыяктуу авторлордун макалалары, рецензиялары обьектиге жаңыча чечмелеген оригиналдуулуктары, жаңычылдыгы менен айрымаланат. Дээрлик баардыгында аздыр-көптүр жазуучу өз чыгармаларында адам менен жаратылыштын ортосундагы мамилелерди, айбанаттарды жана үй жаныбарларын, экологиялык кризисти кандай чагылдырганы жөнүндө да сөз козголот.
Бирок, буларда жазуучунун экологиялык табылгалары философиялык өңүттө системдүү, комплекстүү (маселен, экологиялык аң сезим, экологиялык мамиле, тереңдетилген экология, экологиялык гуманизм, экологиялык этика ж.б.) каралбастан адам жана жаратылыш, экологиялык кризис, жаратылыш жана цивилизация сыяктуу социалдык, философиялык жалпы түшүнүктөргө басым жасалып, негизинен обзордук мүнөздө; адабият таануунун, эстетиканын алкактарында гана чечмеленген. Мындай көрүнүш жогоруда аталбай калган монографиялардын, эмгектердин, жазуучунун чыгармачылыгына арналган диссертациялардын жана макалалардын дээрлик баардыгына мүнөздүү. Же Ч. Айтматовдун көркөм жана эпистолярдык мурастарындагы экологиялык парадигмалар публицистикасындай, пейзажындай, стили менен лексикасындай, поэтикасы менен трагедиясындай, педагогикасындай, мифтерди жана легендаларды пайдалануудагы ж.б. өзгөчөлүктөрүндөй өзүнчө тематикалык изилдөөлөрдүн предметине айлана элек.
Бул эмгек мына ошол өксүктү толуктоону максат кылып коёт.
Эмгекте улуттук адабияттаанууда гана эмес, жалпы адабият таанууда, философияда биринчи жолу Ч. Айтматовдун көркөм чыгармаларындагы экологиялык аң сезимди жана маданиятты, биоэтикалык маселелерди системдүү изилдеп, талдап, алардын жыйынтыктарын этикалык нормативдик деңгээлде жалпылоого аракет жасалат. Буга чейинки жазуучунун чыгармачылыгына арналган эмгектерде анын чыгармаларындагы экологиялык көз караш жана аң сезим, маданият өзүнчө изилдеп-иликтөөлөрдүн предмети катары бөлүнүп алынбастан жалпы көркөмдүк–эстетикалык, философиялык маселелер менен бирге фрагментардык мүнөздө каралып келсе, бул эмгекте алар изилдөөнүн предмети катары өзүнчө бөлүнүп алынып талданды.
Эмгекте адабиятта, философияда алгачкы ирет жазуучунун чыгармаларында биоэтикалык маселелердин чагылдырылуусу каралып, анын экологиялык этикасын аныктап, жалпылоо боюнча аракеттер жасалды. Мында белгилей кетчү нерсе, классикалык орус адабиятынын Л. Толстой, И. Тургенев, П. Бажов, М. Пришвин, К. Паустовский сыяктуу чыгаан өкүлдөрүнүн чыгармаларындагы экологиялык дөөлөттөр деле мындай өңүттө изилденип, жалпылана элек. Жазуучунун чыгармаларындагы тереңдетилген экология, биоэтика жана экологиялык этика сыяктуу түшүнүктөрдүн, категориялардын талданып, изилденип, жалпылануусу айтматовтаануудагы гана эмес, адабияттаануу, философия, социалдык экология, адамдын экологиясы сыяктуу ж.б. тектеш, чектеш илимдердеги жаңы сөз болуп саналат.
1-Бап.
Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы экологиялык аң -сезимдин эволюциясы
1.1. Адабияттагы, философиядагы экологиялык аң-сезим жана маданият
Адамдын жаңы образын түзүү, же анда экологиялык императивдин талабына ылайык жаңыча сапаттарды калыптандыруу үчүн Ф. Ницшенин сырттанын (сверхчеловек), мурдагылардан таптакыр өзгөчөлөнгөн адамдын образын конструкциялоо зарылдыгы жок. «Жаңы нерсе — жакшылап унутулган эски нерсе» деп айтылгандай, сапаттык жаңы адамга теориялык, практикалык өбөлгө болуп бергидей илимий, маданий агымдар антропоцентристтик көз караштарга катарлаш байыртадан бери эле жашап келе жатат. Адам менен жаратылыштын ортосундагы гармониялуу мамилелер, жан жаныбарларга боорукерлик кылуунун маселелери байыркы адамдарды да тынчсыздандырып, алар өз көз караштарын «Алтын кылым» жана Бейиштин багы сыяктуу идиллиялык мифтерде, Библиядагы «Исаинин китебинде», Ямбулдун саякаты (б.з. ч. II к.) жөнүндөгү фантастикалык романда ж. б. у.с. көптөгөн мифтерде, уламыш, легендаларда жана жомоктордо чагылдырышкан. «Алтын кылымдагыга» үндөш түшүнүктөр, көз караштар Кытайдын, Египеттин, Индиянын маданий тарыхый эстеликтеринен, байыркы Кытайдын философу Лао-Цзынын (б.з.ч. 479—400 жж.) чыгармаларынан, «Даодоэцзин» деген трактаттан (б.з. ч. VI к.) да кезигет. «Сутта-Нипате» деген буддалык канондо «Эне өз өмүрүн аябай жалгыз баласын сактаганга кандай кам көрсө, баардык тирүүлөргө карата ошондой кам көрүшүбүз керек. Баардык тирүүлөргө карата достук сезим болуусу зарыл» («Поэзия и проза Древнего Востока. М. 1983 с. 448—449) деп айтылат.
Гесиод, Овидий, Лукреций сыяктуу ойчул, акындардын жаратылыш жөнүндөгү чыгармаларында да жогоркудай мифологиялык аң сезим, идиллиялык маанай басымдуулук кылат. Байыркы адамдар үчүн өздөрүн жан-жаныбарлардан бөлүп кароо, жаратылышка каршы коюу мүнөздүү болгон эмес. Алсак, «… Испаниядагы палеотикалык эстеликтердин 80 пайызынан ашыгында жан-жаныбарлар чагылдырылса, адамдардын элестери түшүрүлгөндөр 4 пайызга жакынды эле түзөт» [176: 88].
Байыркы Грециянын, Римдин Анаксимандр, Гераклит, Пифагор, Сенека, Плутарх сыяктуу философтору, стоиктер, киниктер да өз эмгектеринде жаратылыштын мыйзам ченемдүү көрүнүштөрү менен гармонияда жашоого, жан жаныбарларга боорукер мамиле жасап, алардын кызыкчылыктарын, укуктарын сыйлоого чакырышкан. «Акылмандык- чындыкты айтып, табияттагыларды тыңшап, ошого ылайык иш кылуу дегендик» (Гераклит) [53: 34]. Ал эми замандаштарынын айтуусуна караганда, Пифагор айбанаттарды бир боорлору катары эсептеп, алар менен сүйлөшүүгө да аракеттенген. Анын көп сандаган соратниктери болсо өздөрүнчө атайын союз түзүшүп, ага мүчө болгондорго эт жегенге, жан-жаныбарларга зыян келтиргенге тыюу салышкан [53: 45].
Өздөрүнүн чыгармаларында жана күндөлүк турмуштарында Сенека, Плутарх сыяктуу ойчулдар да пифагорчулардыкындай принципти тутунушкан, «Силер арстандарды, жолборсторду жана жыландарды ырайымсыз жырткычтар дегениңер менен андай жапайычылык жагынан өзүңөр деле калышпайсыңар. Алар үчүн өлтүрүү жан сактоонун жападан жалгыз аргасы болсо, силер үчүн ал көңүл ачуу жана кылмыш болуп саналат» (Плутарх) [130: 262]. Жан-жаныбарларга гумандуу мамиле жасоо ислам дининде да чоң орунду ээлейт. «О, силер кудайга сыйынгандар! Шарап, майсир, мусалла, курман чалган кушкана жана шамшар, бычак, жаа, жебе- шайтан тапкан залимдик. Ошолордон оолак болсоңор, балким бактылуу болосуңар!» [79: 113]. «Ал айтты: Бул төө: ал белгилүү бир убакта суу ичет,,силер да ошол убакта суу ичкиле. Кара санап ага кол тийгизсеңер, улуу күндө каарга каласыңар» [79: 308].
М. Монтень, М. Вольтер, Ж. Руссо, А. Шефтсбери, Т. Мор, Ч. Дарвин, Дж. Бентам, И. Кант, А. Шопенгауэр сыяктуу ойчулдар, философтор да да жогорудагыдай көз караштарды тутунушкан [40:146]. Вольтер менен Руссо моралдык, этикалык нормативдерде: жан–жаныбарлар адамдардай эле жашоого уктуктары бар. Жазыксыз жан жаныбарлардын өмүрлөрүн кыйып, жаратылышка зыян келтиргендер мыйзамдын алдында адамдардын өмүрлөрүнө кол салгандардай жоопкерчиликте болууга тийиш деп эсептешсе, немецтик классикалык философиянын эң көрүнүктүү өкүлү И. Кант «Адамзатты тукум курут кылбоо үчүн адам жан-жаныбарларга боорукер болуусу зарыл, ошондо гана ал адамдарга да боорукер боло алат» [67: 331) деген жыйынтыкка келген.
Жогорудагыдай идеялардын таасирлеринен улам айрым өлкөлөрдө жан-жаныбарлар белгилүү бир деңгээлде моралдын субьектисине кошулгандыктан Батыш Европадагы бир катар өлкөлөрдө XVIII кылымга чейин айрым жоруктары үчүн айбанаттардын сот жообуна тартылып, анда соттук иштердин бардык процедураларынын сакталышы адаттагы көрүнүштөрдөн болгон. Кийинчерээк Англияда [1824-ж.), анан Батыш Европадагы башка өлкөлөрдө айбанаттарга гумандуу мамиле жасоо боюнча коомдор түзүлө баштаган. Жаратылышты коргоо боюнча биринчи коом Россияда 1865-жылы уюштурулган. Бирөө-жарым айбанаттарга карата ырайымсыз мамиле жасаса, коомдун талабы боюнча андай адамдарга ар кандай өлчөмдөрдө айыптар салынып, айрымдары кызматтарынан бошотулган учурлар да болгон.
Коммунисттик идеянын негиздөөчүлөрү да экономикалык, социалдык иш аракеттерди, мамилелерди жаратылыштын мыйзам ченемдүүлүктөрү менен айкалыштырып жүргүзүүнүн зарылчылыктарын баса көрсөтүшкөн. К. Маркс 1844-жылдагы экономикалык-философиялык кол жазмаларында адамдын түздөн түз жаратылыштык көрүнүш экенин, коом адам менен жаратылыштын ажырагыс биримдигинен турарын белгилейт [102: 118]. К. Маркс, Ф. Энгельс бири-бирине жазган каттарында «Адамдардын жаратылыштын улуу мыйзамдарын эске албаган долбоорлору жалаң зыян алып келе тургандыгын» ырасташат. Ф. Энгельс «Табияттын диалектикасы» деген фундаменталдуу эмгегинде табийгаттагы тең салмактуулукту бузуунун кесепеттери оор боло турганын конкреттүү мисалдар менен далилдейт: «Жаратылыштын үстүнөн жеңиштерибизге өтө эле манчыркай бербешибиз керек. Андай ар бир жеңишибиз үчүн ал бизден өч алат. Ар жеңишибиздин биринчи жыйынтыктары биз күткөндөй болгону менен экинчи жана үчүнчүлөрү таптакыр биз ойлобогондой болуп, көп учурда биринчисинин маанисин жокко чыгарып салат. Айдоо жерлерге айландыруу үчүн Месопотомияда, Грецияда, Кичи Азияда жана башка жерлерде токойлорду кыркып жок кылгандар өздөрүнүн андай иштери менен ал жерлерди суулардын корлору сакталган токойлордон, бадалдардан айрылтып, азыркыдай кургакчылыкты башташканы ойлоруна түгүл, түштөрүнө да кирген эмес. Альпадагы италиялыктар тоолордогу ийне жалбырактуу токойлордун түндүк жагындагыларын коргоп, сакташкан менен түштүгүндөгүлөрүн аёосуз кыркып жок кылып жатышканда аны менен өз аймагынын бийик тоолорундагы мал чарбасынын тамырын кошо кыркып жатышканын билишкен эмес… Ток этерин айтканда, фактылар биз жаратылыштын үстүнөн андан сырткары туруп, башка элдерди жеңгендей бийлик жүргүзө албай турганыбызды, тескерисинче, денебиз, каныбыз жана жаныбыз менен бирге анын ичинде ага таандык экендигибизди, биздин анын үстүнөн бийлигибиздин насил- наркынын башка жандуулардыкынан айрымасы, анын мыйзамдарын өздөштүрүп билүүдө жана аны туура колдонууда гана экенин ырастап турат» [175: 495].
XIX—XX-кылымдардагы Л. Н. Толстой, М. Ганди, А. Швейцер сыяктуу улуу гуманисттердин, Н. Федоров, П. Флоренский, Н. Лосский, В. Соловьев, И. Киреевский сыяктуу орус космистеринин адам менен жаратылыштын ортосундагы мамилелери жөнүндөгү көз караштарын, жан-жаныбарлардын укуктары тууралуу жазгандарын, айрымдарынын күндөлүк жашоо образдарын экологиялык аң-сезимдин, маданияттын эң мыкты жетишкендиктери катары кароого болот. Л. Толстой менен М. Ганди жаратылыштагы гармонияны сактап, жан-жаныбарларга зыян келтирбөө үчүн адамдарды керектөөлөрүн чектөөгө чакырышып, андай жашоо образдарын өз турмуштарына киргизишсе, А. Швейцер тирүүлүктүн эң төмөнкү формасындагыларды да урматтоого чакырган. «Эгерде үй айбанаттары сүйлөгөндү үйрөнүп, биздин аларга карата жасаган кылмыштарыбызды айтышса– деген М. Ганди макалаларынын биринде — дүйнө ага чыдамак эмес» [49: 178), «Адегенде адамдар арасында, анан адамдар менен жан-жаныбарлардын ортосунда, анан жан-жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн ортосунда күрөштү жоюу жана чыр-чатактар бар жерде биригүүнү орнотуу керек» (Толстой Л. Н., ПСС т. 63. 440].
Орус окумуштуусу жана революционери П. А. Кропоткин да Л. Н. Толстойдукуна үндөш ойду айткан. «…Өз ара жардамдашуу-жаратылыштагы артыкчылыктуу фактор… өз ара жардамдашуу практикасы дайыма прогрессивдүү өнүгүүгө алып барчу күч» [82: 32].
Орус адабиятына жана философиясына Батыш Европа өлкөлөрүнүн маданиятындагыдай антропоцентристтик көз караштын бекем орнобогондугун, XIX кылымдын аягындагы XX кылымдын башталышындагы орус философтору жана жазуучулары түгүл, улуттук так илимдеринин дүйнөгө белгилүү К. Циолковский, Д. Менделеев, И. Сеченов сыяктуу өкүлдөрү деле адам менен жаратылыштын ортосундагы мамилелер жөнүндө космистик позицияга жакын көз карашта болушкандыгын белгилей кетүүбүз керек [106: 32]. Булардан Н. Федоровдун экологиялык ой жүгүртүүлөрү өзгөчө орунда турат. Анын «Философия общего дела» деген эмгегин орус илиминдеги коэволюциялык өнүгүү жөнүндөгү идеялардын алгачкы системасы катары кароого болот. «Ошентип дүйнө кыяматка карай баратат, а адам өз иш-аракеттери менен аны жакындатууда, анткени калыбына келтирүүчү эмес, эксплуатациялоочу цивилизация кыяматты тездеткенден башка жыйынтыкка алып барбайт» [154: 301
Л. Толстой экологиялык маселелерде да өзүнүн максималисттиги менен айырмаланып, айлана-чөйрөгө, өзгөчө жан-жаныбарларга зыян келтирүүнү адеп-ахлактык нормалардан сырткары турган нерсе катары жарыялап, жашы улгайганда вегетариандык тамак ашка өтсө, экинчи улуу гуманист А. Швейцер өзүнүн принциптерин практикалык иштери жана “ Биздин адамдыкка кайрылып келүүдөгү улуу жардамчыбыз — тирүүлүктү аздектөө этикасы» [168: 373] “ Мен өмүрмүн, башка жашагысы келген өмүрлөрдөй эле менин да жашагым келет» [168: 390) деген саптары менен ырастаган.
Постиндустриалдык коомдогу адам менен жаратылыштын ортосундагы мамилелерге жогоркудай бийиктиктерден караган адам азыркы мезгилдеги коомдук экологиялык аң-сезимдин жана маданияттын өткөн кылымдарга салыштырганда көп параметрлер боюнча артка кеткендигине ишенет. Илимий-техникалык прогресс өнүгүп, керектөөчүлүк психологиянын үстөмдүк кылуусу, адамдын субьективдүү мүмкүнчүлүктөрүн ашкере көкөлөтүп, аны жаратылыштын, биосферанын ээси катары караган идеологиялардын кеңири массага таркап, диндин таасиринин төмөндөшү- бизде гана эмес, башка өлкөлөрдө да антропоцентристтик көз караштын бекем орношуна алып келди. Аны философиялык, эстетикалык жактан кайра жаралуунун, франциялык, европалык агартуучулардын, алардын жолдорун улантуучулардын идеялары шарттады. «Бул дүйнөдөгү адамдар пайдалангандардын баардыгы алар үчүн жаралган жана даярдалган» [150: 373) деген принцип өкүм сүрүп, адам жаратылыштын жападан жалгыз кожоюну, айлана-чөйрөдөгүлөр анын муктаждыктарын гана канааттандыруучу, моралдын, этиканын нормаларына татыксыз нерселер катары каралган. Ал эми учурдагы экологиялык тарбиянын, же А. Печчеинин сөзү менен айтканда, адамдын сапаттарын жакшыртуунун башкы максаты- жогорудагы жана көпчүлүк окумуштуулар туура белгилешкендей, адамдарды антропоцентристтик этикадан баш тарттырып, аларда жаңы шартка ылайык экологиялык аң сезимди, маданиятты, экологиялык этиканы жана философияны калыптандырууда турат.
Жаңыдан калыптанып келаткан экологиялык маданияттын принциптерине жана нормаларына ылайык адам жаратылыштын кожоюну, жан- жаныбарлардын «улуу агасы» катары эмес, алардын бирдей укуктагы өнөктөшү, кошунасы катары гана каралууга тийиш. Ушул мезгилге чейин моралдын субьектиси адам гана болуп келсе, мындан ары бардык тирүү нерселер тийиштүү деңгээлде моралдын субьектисине кошулуусу зарыл.
Коомдук аң-сезимде мындай парадигманы калыптандырууда адабияттын ролу чоң. Адабият коомдук аң-сезимдин катализатору катары өткөндөгүлөрдү, учурдагыларды гана адекваттуу трансформациялоо менен чектелбестен, өзүнүн мыкты үлгүлөрү аркылуу көп учурларда келечектин, эртеңкинин моралын, философиясын проекциялап турат.
Жаратылышка чарбачыл, жан-жаныбарларга гумандуу мамиле жасоо маселеси кыргыз фольклорунда, элдик философияда эзелтен чоң орунду ээлеген. Ага далил катары элибиздин «Манас», «Эр Төштүк», «Кожожаш» эпосторун, «Карагул ботом» поэмасын, Асан кайгы жөнүндөгү легенданы, көптөгөн жомокторду, уламыштарды, макалдарды жана лакаптарды көрсөтсө болот. Эр Төштүк Алп кара куш, ак жолборс, аюу сыяктуу жаныбарлар менен достошуп, дайыма алардан өз жардамын аябаса, жаныбарлар да убагы келгенде аны кыйынчылыктардан куткарып турушат. Бул байыркы кыргыздардын «жаныбарлар да адамдардай эле социалдык макамга ээ. Алар да жакшылык, жамандыкты айрый билгенге жөндөмдүү. Ошондуктан жан-жаныбарларга адамдардай мамиле жасоо керек» деген түшүнүктөрүнөн кабар берет. Мифологиялык түшүнүктөгү кыргыздар; «баардык тирүү нерселердин аталары, коргоочулары болот (Камбар Ата, Чолпон Ата, Занги Баба, Ойсул Ата ж. б.), эгерде айбанаттарга жазыксыз зыян келтирсең, алардын жаратылыштагы коргоочулары жазалайт» деген ишенимде болушкан. Этнолингвист А. Сыдыков өз эмгегинде биологиялык түрлөрдүн андай колдоочуларынын 41ин келтирсе [147:185—186), философ Гүлзат Аалиева монографиясында 89 колдоочуну көрсөткөн [1: 99—102]. Алардын арасында билимдин пири — Сурама, акылдын пири — Улама дегендей ар кандай кесип ээлерине тиешелүүлөрү да бар, бирок эки автордо тең басымдуу көпчүлүгү жан-жаныбарлардын ээлери, колдоочулары болуп саналат.
Социалдык, философиялык жыйынтыктарына караганда «Кожожаш» эпосу, «Карагул ботом» поэмасы, Асан кайгы жөнүндөгү легенда «Манас», «Эр Төштүктөн» кийин, же адам өзүн жаратылыштан моралдык, психологиялык жактан обочолонтуп, жаратылыш менен карама каршылыгы күчөп, көркөм аң-сезимде, философияда экологиялык түшүнүк калыптана баштаганда жаралган. Анткени, «Кожожаш» эпосунун, «Карагул ботом» поэмасынын жана Асан кайгынын бизге жеткен («Санат, термелери», «Бак-дарак, өсүмдүктөр жөнүндө», «Аалам, жер жөнүндө», «жерге берген сыны» ж.б.) тексттеринин негизги мазмунун «жаныбарларды ырайымсыз эксплуатациялап, аларды кырып жойсоң, ал адамзатка, өзүңө душмандык кылганың» деген жыйынтык түзөт.
Тилегин берсе эчкинин
Сенин да бир күн Кожожаш
Көзүңдүн жашы көл болор,
Жаратылыш айлана
Өзү сага жоо болор… [76: 60].
Таразасын көтөрүп
Тарбаңдаган шор тумшук
Ташбака байкуш кантти экен?
…
Кирер эшиги жок
Корголор тешиги жок
Коңуз байкуш кантти экен?
Уясын кар баскан чыгар
Шору таштай каткан чыгар,
Чымчык байкуш кантти экен?
Чилде түштү, кыш болду
Суунун баары тоңуп, муз болду.
Каз, өрдөктөн канча өлдү экен?
Каркыра-турналар кантти экен? [95: 581—582].
Экологиялык маселелер Калыгул («Акыр заман», «Калыгулдун меселдери», «Калыгулдун ыры» ж.б.), Арстанбек («Тар заман», «Санат», «Уйлар өлгөндө» ж.б.), Токтогул («Болобу», «Аккан суу», «Жерди көргөндө» ж.б.), Эшмамбет («Касиеттүү жер эне», «Кең кол», «Баарын берген жер эне», «Кеминим жердей жер экен» ж.б.), Тоголок Молдо («Жер жана анын балдары», «Эки чилде», «Куштардын аңгемеси», «Үркөр-үркөр топ жылдыз»), Жеңижок («Аккан суу» (үч түрү бар), «Жалгыз тал», «Жеңижок менен Эсенамандын айтышы», «Жер соорусу Аксы экен», «Өскөн жер» ж.б.),Эсенаман («Аккан суу», «Аккан суу баяны» «Ак булут»),Барпы («Аккан суу», «Бул куштардын санаты», «Жырткычтар», «Күн», «Шамал»), Калык («Асыл тукум жылкы», «Жыгачтар менен сырдашуу», «Тулпарлардын сыны», «Жашыл гүл» ж.б.), Осмонкул («Ат-Башы», «Кызыл гүл», «Чүйдүн көрүнүшү», «Чүйүм» ж.б.) сыяктуу кыргыздын залкар философ-акындарынын чыгармаларында да негизги орунду ээлейт. Аталган акындар жаратылыштын, жер эненин улуулугун гана даңазалашпастан, жаратылыш байлыктарына чарбачылык менен мамиле жасоонун зарылчылыгы, адамдын өзүн курчап турган табияттын алдындагы милдети жөнүндө да ойлорун, көз караштарын билдиришкен. Элдик оозеки чыгармачылыкта кеңири экологиялык аң-сезим эмес, зооцентристтик түшүнүк үстөмдүк кылган. Байыркы кыргыздардын айлана-чөйрөгө сарамжалдуу мамиле жасоо жөнүндөгү архаикалык түшүнүктөрү негизинен жан-жаныбарлар дүйнөсү менен гана чектелген. Фольклордо, Тоголок Молдо, Жеңижок, Барпы, Токтогул, Эшмамбет сыяктуу акындардын ырларында жаратылыштын кооз жерлерине; сууга, шамалга, тоолорго, токойлорго арналган саптар да аз эмес, бирок аларда адамдын жаратылыш менен болгон мамилелериндеги терс көрүнүштөргө тынчсызданууга караганда кооздукка, сулуулукка, чексиздикке суктануу сыяктуу эстетикалык сезимдер басымдуулук кылат.
XVIII кылымдан баштап орус адабиятында да жаратылыш жөнүндөгү маселелер өзгөчө орунду ээлеп келген. Кандай чоң акын, жазуучусу болбосун өз чыгармасында жаратылышка көңүл бурбай койгон эмес. Г. Державин, Н. Карамзин, М. Ломоносов сыяктуу алгачкы орус акындарынын чыгармаларында жаратылыштын кубулуштары, жан-жаныбарлар теологиялык мүнөздө сүрөттөлсө, андан кийинки муундагы Е. Баратынский, Ф. Тютчев, Л. Толстой, Ф. Достоевский өңдүү акын, жазуучуларды коом өнүккөн сайын адамдын жаратылыштан четтеп, цивилизациянын жетишкендиктерин адам жаратылышка каршы пайдалана баштагандыгы өзгөчө тынчсыздандырган. Бул маселелер С. Есенин, В. Маяковский, Н. Гумилев, В. Шишков, К. Паустовский, П. Бажов сыяктуу акын, жазуучулардын чыгармаларында трагедиялык мүнөздөгү жаңы трансформациясына ээ болуп, Улуу Ата Мекендик согуштан кийин орус адабиятында азыркы мезгилге адекваттуу экологиялык тема биротоло калыптанган.
Орус адабиятында экологиялык теманын сапаттык жаңы баскычка көтөрүлүшү М. Пришвин, Л. Леонов сыяктуу жазуучулардын ысымдары менен тыгыз байланыштуу. М. Пришвин өз чыгармаларында жана публицистикаларында (“…табиятты сезип-тую- андагы өзүңдүн жекече жашооңду сезүү, анткени жаратылыш өзүңсүң») [132: 43) пролеткульттун духундагы жазуучулардан айырмаланып, физикалык жактан гана эмес, психологиялык жагынан да адам менен жаратылыштын ажырагыстыгы жөнүндө идеяны бекемдесе, Л. Леонов советтик гана эмес, дүйнөлүк адабиятта алгачкылардан болуп жаратылыштын деградацияга учурашына түздөн түз адам жооптуу экендиги жөнүндөгү маселени койгон. Анын 1947-жылы жарыяланган атактуу «В защиту друга» деген макаласы адабияттагы гана эмес, жалпы экологиялык кыймылдын өнүгүшүндөгү маанилүү этаптан болгон. Макала коомдо кандай резонанс туудургандыгын автор төмөндөгүдөй эскерет: «… 1947-жылы «Известияга» «Досту коргоо» деген макала жаздым. Ал жарыялангандан кийин академиктерден тартып үй кызматкерлери, лейтенанттар, майыптар, кызматкерлер, пионерлер сыяктуу ар кандай адамдардан көптөгөн каттарды алдым… менин макаламдан кийин Грузияда Токойлордун досу деген коом түзүлүп, чынын айтсак, бул мезгилге чейин чоң ийгиликтерге жетишти» [89: 239—241].
Автордун жаратылыш жана адам, биосфера жана ноосфера жөнүндөгү чейрек кылымдан ашык убакыттан берки ой толгоолору анын 1953-жылы жарыяланган «Орус токою» романында Ф. Достоевский, Р. Роллан, Т. Манн сыяктуу улуу сүрөткерлердин чыгармаларындагыдай социалдык кеңири масштабда, философиялык тереңдикте жалпыланып, роман өзүнүн көркөмдүк, философиялык этикалык касиеттери аркылуу совет адабиятында экологиялык проблемалардын сапаттык жаңы деңгээлде коюлушун шарттады.
Ф. Достоевский «Биз баарыбыз Гоголдун „Шинелинен“ чыкканбыз» дегендей, 60-70-жылдарда экологиялык проблемаларды козгогон советтик, бир катар чет элдик жазуучулар да Л. Леоновдун «Орус токоюнун» мектебинен чыгышкан. Л. Леоновдун таасири 50-жылдардын аягында 60-жылдардын башталышында чоң адабиятка келген В. Астафьев, Ю. Казаков, Е. Носов, В. Белов, С. Залыгин, А. Крон, В. Чивилихин сыяктуу жазуучулардын чыгармачылыктарынан ачык көрүнөт. Булар жана андан кийинки муундагы В. Распутин, В. Песков, Б. Комаров, О. Чухонцев, А. Ким өңдүү жазуучу, акындар жаңыча экологиялык мамилелерди калыптандыруу маселелерин көркөм чыгармаларында, публицистикалык макалаларында козгоо менен чектелбестен коомдук, саясий чөйрөдө граждандык активдүүлүктөрү менен конкреттүү реликтилик аймактарды ырайымсыз эксплуатациялоодон, өндүрүштүк булгоолордон сактоо боюнча да чоң иштерди жүргүзүштү. С. Залыгин жарандык, калемгердик эрдиги менен Сибирдин айрым жерлерин Катун, Турухан ГЭСтеринин суусунун алдында калуудан сактап калса, В. Распутин Байкалды коргоодо айрым ведомстволордон да көп иш аткарган. О. Сулейманов менен Р. Сайсенбаев Казакстандагы экологиялык кыймылды жетектешип, Семейдеги ядролук сыноолордун кесепеттерин жоюуга коомчулукту көтөрүшсө, Т. Каипбергенов, А. Якубов сыяктуу жазуучулар Арал трагедиясын коомчулукка жеткиришип, өз убагында бир катар өкмөттүк чечимдердин кабыл алынышына, Борбордук Азиядагы экологиялык кырдаал жөнүндө обьективдүү коомдук пикирдин түзүлүшүнө себепкер болушту. Ч. Айтматов да өмүрү өткүчө экологиялык тең салмактуулукту сактоо үчүн күрөшкөн.
1.2. Теманын изилденүү абалы
Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча жүздөн ашык диссертация корголуп, кырктан ашык монографиялар, илимий, илимий-публицистикалык эмгектер, жүздөгөн макалалар жарыяланганын эмгегибиздин «Киришүүсүндө» маалымдап, алардын негиздүүлөрүн келтиргенбиз. Биз бул жерде ал эмгектерди кайра санабастан, айтматовтаанууда өзгөчөлөнүп, кеңири резонанстарга ээ болгон эмгектердин авторлорун гана алып, алардын негизги эмгектеринде жазуучунун экологиялык табылгалары кандай изилденип, талданганын кыскача чагылдырып, анан тийиштүү жыйынтыктарды чыгарабыз. Ага «Киришүүдө» айтылгандар, бул параграфта талдангандар жетишет деп ойлойбуз. Анткени, мында баарына токтолгонго мүмкүн эмес, анын зарылчылыгы да жок, резонанстууларынын негизги маани-мазмундарынан кабардар кылсак, улуу жазуучунун экологиялык дүйнөсүнүн изилденип, чечмеленүүсүнүн өзгөчөлүктөрү, реалдуу абалы ачык болот.
Кыргызстандагы көрүнүктүү айтматовтаануучулар катары К. Асаналиев, А. Акматалиев, О. Ибраимов, С. Байгазиев, А. Кадырмамбетова, С. Алахан, Л. Үкүбаева, Ж. Бакашева эсептелишет. Булар Ч. Айтматовдун чыгармаларын филологиялык өңүттө изилдеп, чечмелеп таанылышкан. Анын философиясы боюнча К. Ибраимов, Ж. Сааданбеков, Т. Аскаров, Э. Нурушев, педагогикасы боюнча А. Муратов, социологиясы боюнча Р. Рахманалиев жетектеген авторлор тобу эмгектерди жазышкан. Ал эми Ч. Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча кандидаттык, доктордук диссертацияларды коргогондордун арасында толук өз эмгегин жазуучунун экологиялык дөөлөттөрүнө арнагандар жок.
Мурдагы Союзга кирген аймактагылардан: Россиядан- Г. Гачев, З. Кедрина, Л. Лебедева, В. Коркин, В. Глинкин, Б. Панкин, Л. Строилов ж. б., Казакстандан-А. Исенов, Өзбекстандан-П. Мирза-Ахмедова көрүнүктүү айтматовтаануучулардан же анын чыгармалары боюнча илимий насил-наркы жогору эмгектерди жаратышкандардан болуп саналышат. Булар жазуучунун чыгармаларындагы экологиялык катмарды канчалык деңгээлде изилдеп, кандай жыйынтыктарды чыгарышкан?
Чыгаан психолог жана философ, адабиятчы Азиз Салиев улуттук айтматовтаануунун чыйырын салгандардан. Ал Ч. Айтматовдун алгачкы чыгармаларына рецензияларды, макалаларды жазган.1962-жылы Ч. Айтматовдун повесттер жыйнагын Лениндик сыйлыкка көрсөтүүгө демилгечи болгон. Анын улуу жазуучу жөнүндөгү макалалары, же алардын мазмундары «Человеческая психология и искусство» (Ф. «Кыргызстан», 1980. 308 с., «Человек входит в мир» Ф. «Кыргызстан», 1983. 272с., «Разум и время» Ф. «Кыргызстан», 1986.440с.) деген эмгектерине кирген. Бирок, ал Ч. Айтматовдун чыгармаларын өзүнүн темасына ылайык психологиялык өңүттөн гана карап, образдардын ачылышына гана басым жасаган.
Ж. Сааданбеков чоң мамлекеттик ишмер, саясат таануучу гана эмес, оригиналдуу ой жүгүрткөн көрүнүктүү философ катары да белгилүү. Анын 2018-жылы улуу жазуучунун 90 жылдыгына арналып чыгарылган эмгеги «Чынгыз Айтматовдун философиясы» (138) деп аталат.«Арийне, мыкты философтор менен публицисттердин бар экендигине карабай ушу кезге чейин философиялык мазмундагы мындай китеп жазылбады, -деп белгилейт ал „Киришүүсүндө“. Ошентип, колума калем алып, алымдын жетишинче Айтматовдун философиясын ачып берүүгө аракеттенген ушул китебимди жаздым» (138:13).
Мында кошумчалай кетчү нерсе, эгерде Жумагул Сааданбеков философиянын айтматовтаануудагы орду бош калбасы үчүн жогоруда аталган эмгегин жазса, биздин Ч. Айтматовдун чыгармачылыгына арналган эмгегибиз (Дүйшөнбаев П., Чынгыз Айтматовдун экологиялык этикасы, Б.» Шам», 2005, 336 б.) анын экологиялык парадигмаларына арналган биринчи жана азырынча акыркы монография бойдон калууда.
Ж. Сааданбековдун эмгеги фундаменталдуу, 9 баптан турат. Автор улуу жазуучунун дээрлик бардык негизги чыгармаларын азыркы саясый, социалдык жана адеп-ахлактык көйгөйлөрдүн тутумдарынан карап, аларды К. Маркс, Ф. Энгельс, Вл. Соловьев, В.И.Вернадский, С. Кьеркогор, Ф. Фукуяма, М.К.Мамардашвили сыяктуу улуу гуманист-ойчулдардын бийиктиктеринен чечмелөөгө аракеттенген. Ал өз эмгегинин «Чынгыз Айтматовдун дүйнө карамы» деген 1-бабында жазуучунун философиясынын өзгөчөлүгүнө негизги басым жасап, аны метафизикалык кабылдоодогу синтетикалык, дуалисттик философия катары чечмелеп, Ф. Достоевскийдин философиясына жакындыгын, анда сүрөткерлик гениалдуу интуиция барын, анын чыгармалары фантастикалык метафоралардын, мифтердин жана уламыш, легендалардын кеңирсиген жайыты экенин белгилейт. «Адамды адамдан табуу» деген аталыштагы 2-бабы адеп башталганда Ч. Айтматовдун «дүйнөкарамдын башкы маңызы жана наркы-адам» деген сөзүн келтирип, «Ч. Айтматовдун чыгармаларынын дээрлик баардык каармандары-эмгектин жана идеянын адамдары» (138:39) деген жыйынтык чыгарып, ага далил катары Танабай, Эдигей сыяктуу кейипкерлерди көрсөтүп, «Кылымга тете күн» романындагы ширинин 4 маанисин чечмелейт.
«Махабаттын жалгыздыгы» деген 3-бабы жазуучунун чыгармачылыгындагы сүйүү темасына арналган. Ч. Айтматовдо сүйүүнүн баардык формалары бар. Алар- Данияр менен Жамийланын, Илияс менен Аселдин, Танабай менен Бүбүжандын, Эдигей менен Зарипанын, Арсен менен Айдананын ортосундагы сезимдер. Булардын бири -Шекспирдин трагедиясындагыдай күчтүү сезимдерге тушуккандар болсо, экинчиси-коомдо үстөмдүк кылган адеп-ахлактык норманын чегинен чыкпайт, үчүнчүсү- жөн эле арзуу. Бирок, Ж. Сааданбеков 2-бапка «Махабаттын жалгыздыгы» деп эң туура тема койгон. Анткени, кандай адам болбосун өзүнүн чыныгы сүйүүсүнүн жана өлүмүнүн алдында дайыма жалгыздыкта болот. Ага өзүнө чейинкилердин тажрыйбалары эч кандай жардам бере албайт.
Кийинки баптары үй-бүлөгө, адамдардын тагдырларына, рынок менен демократиянын доорундагы улуттун жашоо-тиричилигинин көлөкөлөрүнө арналган. Жогоруда аталган баптарда адам менен жаратылыштын ортосундагы мамилелер саясый, социалдык жана демографиялык тутумдарда метафизикалык өңүттө гана каралат. Алар андан ары экологиялык түшүнүктөргө проекцияланып, бифуркацияланбайт же тарам-тарамдарга бөлүнбөйт, жалпыланган абстракциялык жыйынтыктар чыгарылбайт. Бул өңүттөн алганда Ж. Сааданбековдун эмгегинин сегизинчи «Чынгыз Айтматовдун планетардык ой чабыты» деген бабын гана белгилүү деңгээлде экологиялык көйгөйлөргө арналган десе болот.«Дүйнө де факто бир бүтүн болуп калды, муну баары макул табышат, бирок бул функционалдык биримдик уюштуруучулук биримдик менен толукталбай келатат, — дейт автор учурдун глобалдуу көйгөйлөрү жөнүндө. Бардык ишаарага караганда, „кансыз согуштун“ дээрлик жарым кылымдык доорун артка калтырган адамзат ХХ1 кылымдын башталышында жаңы коркунучтар менен гөйгөйлөрдүн мурдагы кыяматтарга салыштырмалуу абдан олуттуу экенин таасын түшүнүүгө дале даяр эмес жана аларга текебер мамиле жасайт» (138:222). Андан ары автор ХХ1 кылымдын саясый, экономикалык жана социалдык, анын ичинде демографиялык жана моралдык көйгөйлөрүн Ч. Айтматовдун көркөм жана публицистикалык чыгармаларынын тутумунда талдаган.
Ч. Айтматов кайра куруунун жана жаңыча саясый ой жүгүртүүнүн апологеттеринин биринен болгон, коомдук аң сезимге «планетардык ой жүгүртүү», «жаңы гуманизм», «чыгармачылык аркылуу аман калуу» деген түшүнүктөрдү киргизген. Булардын баардыгында экологиялык компоненттер басымдуулук кылат. Ж. Сааданбеков бул бапта «планетардык ой жүгүртүү» дегенди кеңири талдап, Ч. Айтматовдун айткандарынан узун шилтеме келтирип, бул «…космополитизм түшүнүгүнө дал келет», ал азыркы «ааламдаштыруунун» эски аталышы деген жыйынтык чыгарат. «Планетардык ой чабыттын мааниси ар бир адам башкалар туурасында, бөлөк мамлекеттердеги адамдар тууралуу өзү жөнүндө кандай ойлосо, ошондой ойлоо, -деп айткан Ч. Айтматов, -башкалардын оорусу менен бактысына, кайгысы жана майрамына тынчсыздануу жана кубануу, бул дүйнөдө канткенде жакшы жашоо болот, дүйнөнү жакшы жагына өзгөртүү үчүн эмнелерди жасоо керек деген соболдун үстүнөн тынбай ойлонуу дегенде жатат… биздин урпактарыбыз „Мен-планетанын адамымын, бул планетадагы баардык адамдар менин бир туугандарым!“ деп айтканда гана биздин алтын тилегибиз ишке ашат» (138:224).
«Чыңгыз Айтматовдун дээрлик баардык чыгармаларында курчап турган чөйрөнү сактоо маселелери орчундуу орунду ээлейт, — деп белгилейт Ж. Сааданбеков. Ал азыркы жаратылыш жана техногендик кырсыктар адамдын табийгатка карата ач көз жана агрессивдүү мамилесинин натыйжасы экенине, акыр аягында бул адамзаттын мерт болушуна алып келишине ишенет» (138:241).
Автордун айтымында, Ч. Айтматов бала кезинде Москвага баратып, Арал деңизинин толкундары темир жолду жайпап турганын көргөн экен. Ал эми советтик мезгилдин акыркы жылдарында Борбордук Азияда сууну көп талап кылган пахта, шалы, жүгөрү аянттары эпсиз кеңейтилип, каналдарда жоготуулар көп болгондуктан Амур менен Сыр дарыянын сууларынын көпчүлүгү Аралга жетпей, деңиз соолуп азайып, жээги темир жолдон ондогон чакырымга алыстап кеткенин кейиштүүлүк менен белгилейт.
Ж. Сааданбеков бул бабында дүйнөдөгү экономикалык, социалдык теңсиздиктер, айрым континенттердеги көзөмөлдөн биротоло чыгып кеткен демографиялык абалдардан көптөгөн конкреттүү мисалдарды келтирип, айрым аймактарда кедейчиликтин, жакырчылыктын өсүшү айрымдарды «Тоолор кулаганда» романындагы Таштанафгандай экстремисттик, террористтик жоруктарга барууга аргасыз кылууда деген жыйынтыкка келет. Бадал-токойлор азайып, жер кыртыштарынын эрозияга учуроосу, атмосферада озондук катмардын азаюусу ж.б. адамдардын иш аракеттеринен жаралган деградациялык көрүнүштөр табийгый кырсыктарды көбөйтүүдө. Алсак, акыркы 40 жылда ар биринин зыяны 1 миллиард доллардан ашкан жаратылыш кырсыктары 4,5 эсеге көбөйгөн (138:242).
Автор жазуучунун «Кассандра тамгасы» романын жаратылыштын адамга каршы көтөрүлүшү, эгерде абалды оңдобосо, акыр заман боло турганы жөнүндө эскертүүсү катары карап талдайт. Аягында: «Адамдын айлана-чөйрөнүн үстүнөн жасаган бийлиги ушунчалык деңгээлге жетти, эгерде мындан ары бул бийликти адам ачкөздүгүнө пайдалана берсе, өзүн өзү кыйроого алып келе турганы шексиз» (138:249) деген жыйынтык чыгарат.
Ж. Сааданбековдун Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы экологиялык идеяларды, парадигмаларды талдоосу кейипкерлерди, алардын жоруктарын, коомдогу темага үндөш фактыларды констатациялап, үстүртөн жыйынтыктарды чыгаруу менен чектелет. Ал жазуучунун чыгармачылыгындагы экологиялык катмарды андан ары тереңдетип изилдеген эмес.
Философ Теңдик Аскаровдун улуу жазуучунун чыгармачылыгына арналган монографиясы «Поиски абсолюта- творческое кредо Чингиза Айтматова» (Б. «Бишкектранзит», 206 с.) деп аталат. Анда диалектиканын көркөм аң сезимдин абстрактуулуктан конкреттүүгө, карама каршылыктардын күрөшү жана биримдиги сыяктуу философиялык категориялар аркылуу жазуучунун чыгармаларын талдаган. Анын 1-бабында Ч. Айтматовдун чыгармачылыгына жалпы саресеп жасалса, «Поиски абсолюта-творческое кредо Чингиза Айтматова» деген экинчи бабында сүрөткер жана сулуулук, анын эталондору жана идеалдары, абсолюттук сулуулук жөнүндө түшүнүк, көркөм сөздөгү абсолюттук чеберчилик маселелери талданып, жазуучу көркөм сөз искусствосунда абсолюттук чеберчиликке жеткен деген тыянакка келет (28:82). Чындыгында Ч. Айтматов баардык чыгармаларымды ойдогудай жаздым деп эч жерде айткан эмес, «Бетме-бетин» кийин кайра иштеп чыккан, «Кылымга тете күн» романына кыстарма кылып повесть жазган. Башка айрым чыгармаларын да оңдогусу, толуктагысы келип, «буга чейин топондорду эле жазып жүргөн экенбиз да» деп өкүнгөн учурлары да болгон, бирок ал «Деңиз жээгин бойлой жорткон ала дөбөт» повестинде жанрга ылайык көркөм ой жүгүртүп, каражаттарды колдонууда жана текстти чыйралтууда максималдуу чегиме жеттим деп эсептеген.
«Социалистический реализм и Чингиз Айтматов» деген 3-бабында ал терминдин жаралышынан тартып, мурдагы Союздун адабиятын өнүктүрүүдөгү ролуна чейин талдап: «Есть у нас полное основание заявить без обиняков, что Ч. Айтматов стал всемирно известным писателем прежде всего благодаря следованию им социалистическому реализму, методом которого руководствовался в своем творчестве» (28:151) дейт.«Возвышающее» воздействие ухода из жизни Чингиза Айтматова на сознание людей» деген 3-бабында жазуучуну түз жана кыйыр түрдө аябай сындаган. Ал чоң жазуучу болгон менен чоң инсан боло албаган, чыгармаларында чындык үчүн күйгөндөрдү, эрктүүлөрдү даңазалаган менен өзү андай болгон эмес, айрым чыгармаларында плагиаттык көрүнүштөрдүн белгилери бар дегендин четин чыгарган. Белгилүү философтун бул эмгегинде сүрөткердин экологиялык табылгалары түгүл, экологиялык көз караштары тууралуу деле сөз козголбогон.
Чыгаан адабият таануучу Кеңешбек Асаналиев философ Калык Ибраимовду мурдагы Союзга кирген аймактардагы гана эмес, дүйнөдөгү эң чоң айтматовтаануучу Георгий Гачевге салыштырган (63:4). К. Асаналиев эч качан комплиментардуулугу, айрымдардай кесиптештеринин, жаштардын көңүлдөрүн улап, көтөрмөлөп, мактай бергендиги жагынан айрымаланган эмес. Жашыбы, карысыбы, иши кылып, кесиптешпи же башкасыбы, айтор, алардын эмгектеринин насил-нарктары жөнүндө чындыкты айткан, өзү бекем ишенгендерди гана жазган окумуштуу болгон. К. Ибраимовдун Ч. Айтматовдун чыгармачылыгына арналган эмгектерин окуп чыккандар К. Асаналиевдин баасына толугу менен кошулат деп ойлойбуз. К. Ибраимов–эрудициясы күчтүү, кругозору кең философ, оригиналдуу ойчул. Ал Ч. Айтматовдун чыгармачылыгына арналган (Ибраимов К., Миф и миропонимание в гуманистической философии Чингиза Айтматова, Б. «Кыргызстан», 1998 г., 108 с., Ибраимов К., Чингиз Айтматов как мифотворец-мудрец века, Б. «Турар», 2018. 224 с.) деген эмгектеринде жазуучунун «Саманчынын жолу», «Гүлсарат», «Ак кеме» сыяктуу негизги чыгармаларындагы мифологиялык мотивдерди, адеп-ахлактык жана эсхатологиялык маселелерди, этнос менен космосту бирдиктүү субстанция катары карап, алардын тутумунда адам турмушунун келечегине социалдык-футурологиялык саресеп салууга аракеттенген. Ал жазуучу козгогон экологиялык маселелерди социалдык апааттардын бири катары гана карайт, анын ички саясый экономикалык гана эмес, моралдык, психологиялык жана нравалык себептерине үңүлбөйт. Же ток этерин айтканда, экологиялык мотивдер жазуучунун чыгармаларындагы социалдык башка маселелердин тутумунда дүңүнөн гана каралып, айрым жерлеринде бир аз комментарияланат. Алардын ичинен философтун Г. Белаянын «…отношения человека и природы есть прежде всего вопрос об утрачиваемой органической почве развития всех форм человеческой жизни» (63:70) деген пикирине таянып, айлана чөйрөдөгү кризистер негизинен адамдын биологиялык түр катары өзүнүн кризиске учуроосунан башталат деген маанидеги А. Печчеиникиндей жыйынтыкка келгени көңүл бурууга арзыйт. «Не случайно термин «природа» имеет также значение внутренней закономерности, сущности вещей и явлений, — деп белгилеген ал өз эмгегинде. Родная для данного народа (этноса) природа (географическая среда) существенно воздействует на формирование самой природы сущности данного этноса, характера его жизнеотношений. Маркс специально отметил, что природные условия вообще «могут быть сведены либо к природе самого человека, к его расе и т.д., либо к природе его окружающей “ (Маркс К.и Энгельс Ф. Об искусстве. М.. «Искусство», 1976. Т. 1. С. 86) (63:70).К. Ибраимов А. Печчеинин эмгектерин окубаса керек, окуса бир жерде шилтеме келтирмек, бирок аны билбей туруп, ага жакын жыйынтыкка келгени- философтун билиминин гана эмес, интуициясынын да күчтүүлүгүн айгинелейт.
Л. Герайзаде Ч. Айтматовго арналган монографиясынын (Мир Айтматова, Б. 2013, «Бийиктик», 128 с.) «Башаттарга кайрылуу: Чынгыз Айтматовдун чыгармачылыгындагы диний мотивдер» деген 1-бабында жазуучунун чыгармачылыгындагы диний мотивдерди изилдесе, «Адам жана жаратылыш: азыркы мезгилдин экологиялык көйгөйлөрү» деген 2-бабында «Ак кеме», «Деңиз жээгин бойлой жорткон ала дөбөт» повесттериндеги, «Кылымга тете күн», «Кассандра тамгасы» романдарындагы жазуучу козгогон экологиялык көйгөйлөрдү талдоого алып, «Адам жана анын айлана чөйрөсүндөгү дүйнө: Ч. Айтматовдун адеп-ахлактык–философиялык концепциясы “ деп аталган 3-бабында философиялык гана эмес, кеңири масштабда саясый, социалдык жыйынтыктарды чыгарууга аракеттенет.
Мындан көрүнүп тургандай 2-бапта, биринчиден, изилдөөгө жазуучунун чыгармалары толук камтылган эмес, алгачкы аңгемелери, повесттери, а түгүл экологиялык темадагы эң улуу чыгармасы «Гүлсарат» да талдоодон сырткары калган. Экинчиден, жазуучунун экологиялык көз караштары философиялык өңүттө системдүү, комплекстүү алынып (маселен, экологиялык аң сезим, экологиялык мамиле, тереңдетилген экология, экологиялык гуманизм, экологиялык этика ж.б.) каралбастан адам жана жаратылыш, экологиялык кризис, жаратылыш жана цивилизация сыяктуу социалдык, философиялык жалпы түшүнүктөргө басым жасалып, сүрөткердин экологиялык табылгалары негизинен обзордук мүнөздө- адабият таануунун, эстетиканын алкактарында гана чечмеленген. Мындай көрүнүш жогоруда аталган жана аталбай калган монографиялардын, эмгектердин, жазуучунун чыгармачылыгына арналган диссертациялардын жана макалалардын дээрлик баардыгына мүнөздүү болуп саналат. Же Ч. Айтматовдун көркөм жана эпистолярдык мурастарындагы экологиялык парадигмалар философияда публицистикасындай, пейзажындай, стили менен лексикасындай, поэтикасы менен трагедиясындай, педагогикасындай, мифтерди жана легендаларды пайдалануудагы ж.б. өзгөчөлүктөрүндөй өзүнчө тематикалык изилдөөлөрдүн предметине айлана элек.
Орус адабий сынында Ч. Айтматовдун чыгармалары боюнча эң көп макалаларды, адабий сындарды жазган- Г. Гачев. Ал Ч. Айтматовдун дээрлик баардык чыгармалары боюнча (жазуучунун алгачкы аңгемелерин, диалог-китептерин кошпогондо) рецензияларды, макалаларды жазды. Алар чогултулуп Кыргызстанда эки ирет китеп болуп чыгарылды. Биз мында Г. Гачевдин «Чингиз Айтматов (в свете мировой литературы»). (Ф. «Адабият», 1989. 488 с.) деген негизги эмгеги боюнча гана сөз кылабыз.
Г. Гачев адабий сынды философияга, мифологияга, космогонияга, музыка таанууга ширештирген маданияттаануучу (культуролог). Жазуу стили орустун философу Н. Бердяевдин стилине жакын: максималисттик тондо ой жүгүртүп, дайыма категориялуу жыйынтыктарды чыгарат. Анда ойлорун этият баяндап, айрымдарынан күдүктөнүүгө, талкууга, кайчы пикирлерге орун калтыруу деген плюралисттик көрүнүш жок. Ал кандай ойду айтпасын чындыктын акыркы инстанциясындай категориялуу түрдө жарыялайт.
Г. Гачев жазуучунун кандай чыгармасы болбосун мифологиянын, космогониянын алкактарынан, инжилдин поэтикасынан алып караганы менен айрымаланат. Ал кайсыл чыгармасын албасын анын негизги өзгөчөлүктөрүн (сюжети, мифтерди, легендаларды колдонуу, социологиясы ж.б.) айтып келет да, философиялык, культурологиялык, космогониялык чегинүүлөргө түшүп кетип («Да! Четверо в этой лодке- это аванпост, авангард и арьергард земной цивилизации: во космосех лодчонка плывет, космический это корабль…» (жогорудагы китепте, 320 б.), анан патетикалык пафосто өз карашын далилдөөгө аракеттенет. «Природа — не одушевленность жизни животного, а сырье, предмет, мертвая материя-материал рассудку человечьему и технике на переработку, чтоб обрести ей образ, вид на лик. Для кочевника же разум живого есть непосредственная данность и достоверность: его и доказывать ему нечего» (жогорудагы китепте 220 б.).
Г. Гачевдин изилдөөлөрүндө жазуучунун чыгармаларындагы адам менен жаратылыштын ортосундагы мамилелердин сырткы көрүнүштөрү гана чагылдырылган, социалдык, психологиялык жактары сюжеттин бир компоненти катары көрсөтүлгөн менен андан ары тереңдетилип изилденген эмес. Же Г. Гачев үчүн жаратылыш, жан-жаныбарлар, өсүмдүктөр- көркөм чыгармаларга пайдаланчу техникалык каражаттардын, мифологиялык символдордун же координаттардын бири катары гана каралат.
З. Кедрина, В. Коркин, Л. Лебедева, В. Левченко, Б. Панкин, А. Овчаренко, Л. Коган сыяктуу адабиятчылардын эмгектери жөнүндө да ушуларды айтууга болот. Ал эми Л. Строиловдун обзордук монографиясында (Строилов Л., Творчество Чингиза Айтматова в западно-европейской критике, Ф. «Кыргызстан», 1988. 128 с.) жазуучунун чыгармалары боюнча чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялангандар комментарияланат.
Жазуучу улуттук адабият таануудан сынчы Кеңешбек Асаналиевди жогору баалап, анын илимий эмгектерине гана эмес, макалаларына, пикирлерине, айткандарына ыкластана мамиле жасап келген. Ага бир мисалды биз «Сулуулук канткенде дүйнөнү сактап калат?» (Б. «Полиграфбумресурсы», 2019. б. 72, 256 б.) деген илимий-публицистикалык жыйнагыбызда келтигенбиз. К. Асаналиев, биринчиден, Ч. Айтматовду 1950-жылдардын аягынан бери колдоп, акыбалы жетишинче айрым чыныгы чоң адабияттан кабарлары жок дөө-шаалардын тепкилеринен, көрө албастардын жалааларынан коргоп келсе, экинчиден, ал чындыгында улуттук адабият таануудагы билимдүүлүгү, көз карашынын кеңдиги, принципиалдуулугу, топторго, жааттарга кошулбай, дайыма калыс жүргөндүгү менен айрымаланган инсан болгон. Анын 1982-1983-жылдарда өзүнүн кыргызча чыккан 3 томдук чыгармалар жыйнагына жазган баш сөзүн Ч. Айтматов жогору баалап, теле аркылуу ыраазылыгын билдирген. К. Асаналиев ага чейин да Ч. Айтматовдун чыгармачылыгы жөнүндө көп жазган, андан кийин жазгандары да аз болбоду, бирок биз алардын баарын тизмектебестен «Аил, Шекер и космос» (В кн: Исследования, статьи, выступления о творчестве Чингиза Айтматова в пяти томах. Т 1. Б. «Кирланд», 2018. с.217—461. 480 с.) деген, жыйынтыктоочу фундаменталдуу эмгегинин негизинде гана сөз кылмакчыбыз.
К. Асаналиев көлөмдүү эмгегинде жазуучунун чыгар-мачылыгынын пайдубалы, көркөмдүк эстетикалык жана идеялык негиздери элдик оозеки чыгармачылыктан, Арстанбек, Калыгул, Молдо Кылыч сыяктуу ойчулдардан башталганын белгилеп, анан «Жамийладан» «Кыяматка» чейинки чыгармаларын талдоого алган. Анда образдарга, алардын саясый, социалдык тамырларына, көркөм каражаттарга негизги басым жасалып, жазуучунун Танабай менен Гүлсарынын, Эдигей менен Каранардын, Акбара менен Ташчайнардын ортосундагы мамилелер ачылып берилет. Алардын алдыңкы эки жубунун ортолорундагы мамилелердин, сезимдердин адамдардын ортосундагы ысык достук, өнөктөштүктөн, үчүнчү жуптун ортосундагылары ынтымактуу эрди-катындын сезимдеринен айрымаланбайт. Ал эми Момун менен Баланын Мүйүздүү Бугу Энеге, Органдын Айым Балыкка карата сезимдерине кандай жооп болгонун көрбөйбүз, алар үчүн Бугу Эне, Айым Балык идеал бойдон гана калат. «Эрте келген турналардагы» Султанмурат атасынан калган Чабдар атты кыялында баатырлардын тулпарларындай элестетип, ошондой болушун көргүсү, өзү Манастай эрдиктерди жасагысы келет. Анын акыркы эпизоддо колуна жүгөндү оңтойлонто кармап, ач карышкырга каршы турганын бир чети ушуну менен түшүндүрсө да болот.
«Звезда Эмрайина», «ветер Орган», «волны акы-Мылгун», -это не просто красивые слова, а каждое из этих понятий воспринимается как знак, как символ, знаменующий определенные явления природы, -дейт К. Асаналиев. А это означает, что ни аки-Мылгун, ни аткычх Орган, ни отец Эмрайн, никто из них для мальчика не исчез бесследно, они остались в нем, как сама природа, как Вселенная» (жогоруда аталган китепте, б.341). Ал эми Органдын өлүм алдындагы ойлорун келтирүү менен адабиятчы да ага окшоп, адам менен жаратылышты ажырагыс биргеликте карай турганын, аман калган Кириск деңизде курман болгон үй-бүлөнүн гана эмес, жаратылыштын да чүрпөсү экенин ырастайт. «Он понимал, что перед лицом бесконечности простора, человек в лодке ничто. Но человек мыслит и темвосходит к величиюМоря и Неба, и тем утверждает себя перед вечными стихиями, и тем, он соизмерен глубине и высоте миров. И потому, пока жив человек, духом он могуч, как море, бесконечен, как небо, ибо нет предела его мысли. А когда он умрет, кто-то другой будет мыслить дальше, от него и дальше, а следующий еще дальше и так без конца…» (жогорудагы китепте, б.341).
Адабиятчы «Кыямат» романында ургаачы (адатта иттин, карышкырдын ургаачысы канчык делинет, бирок Акбаранынын ички дүйнөсүн, рефлекстерин адамдардыкындай ачып бергендиктен аны «канчык» дегенге ооз барбайт) карышкыр Акбара баардык сюжеттик линияларды, окуяларды жана турмуштук жагдайларды өзүнө тартып турган контрапункттук милдетти аткарганын белгилейт. Кеңири алганда жазуучунун чыгармаларындагы баардык негизги жаныбарлар ошондой милдеттерди аткарышат. Алсак, «Гүлсаратты» — Гүлсарысыз, «Ак кемени» — Бугу Энесиз, «Кылымга тете кундү» — Каранарсыз, «Кыяматты» — эки карышкырсыз жана сайгактарсыз, «Кассандра тамгасын» — киттерсиз, «Тоолор кулаганда» романын- илбирстерсиз элестетүүгө мүмкүн эмес. Адабиятчы жазуучу чыгармаларында адам менен жан-жаныбарлардын тагдырлары биргелигин көрсөткөнүн эмгектеринин көп жерлеринде белгилейт, бирок ал аны адабият таануунун каражаттары менен гана чечмелеген, философиялык категориялардын, түшүнүктөрдүн алкактарынан алып карап, аларга негизги басым жасаган эмес. “ Диалог между Авдием и Акбарой- это диалог между человеком и природой, желающими найти компромисс, «общий язык», -деген ал «Кыямат» жөнүндөгү экологиялык жыйынтыгында. Это стремление к взаимопониманию, к естественному единству и гармонии между ними, сохранению естественных законов развития и жизни. Поэтому Акбара, спасая свое потомство от разного рода бедствий, учиненных человеком, вместе с тем сама приходит на помощь человеку, который тоже хотел найти с ней «обший язык», полную гармонию. В этом смысле Акбара не просто зверь –хишница, она в высшей степени оправдывает смысл своей клички «Акбара» — великая волчица-Мать, символ Матери-природы» (жогорудагы китепте, б.411).
К. Асаналиевдин «Кыяматтагы» гана эмес, жазуучунун чыгармаларындагы экологиялык парадигмаларды резюмелеген башкы жыйынтыктарынын бири ушул, андан ары өткөн эмес. Ч. Айтматовдун үч томдугуна жазган баш сөзүндө негизинен аталган эмгектегилер айтылат, ал эми «Адабий айкаш» (Б. «Кутаалам», 2013, 312 б.) деген макалалар жыйнагы улуттук адабияттагы таймаштарды, кармаштарды чагылдырган мемуардык мүнөздө болсо, «Чыңгыз Айтматов- адабий доор» (Б. «Кутаалам», 2013. 184 б.) деген макалалар жыйнагы жазуучунун социалисттик реализмдин талабынан кантип кыйгап өтүп жүргөнүнө, кош тилдүулүк маселелерине арналган.
Филология илимдеринин доктору, академик Абдылдажан Акматалиев бүткүл өмүрүн айтматовтаанууга арнап келе жатат. Ч. Айтматовдун чыгармалары жөнүндө андан көп изилдөөлөрдү, макалаларды жазган эч ким жок. Анын айрым фундаменталдуу эмгектерин диссертациянын «Киришүүсүндө» атадык, мында алгач кыргыз, орус тилдериндеги изилдөөлөрүнөн үзүндүлөр, макалалар киргизилген эки томдук тандалган чыгармалар жыйнагындагы (Акматалиев А.,Тандалган чыгармалар жыйнагы, Б.«Шам», 1 т. Адабият таануу. 1997. 428 б., 2 т. 424 б.) темабызга шайкеш келгендер жөнүндө сөз кылып, андан кийин түздөн түз экологиялык темадагы ««Аалам, адам жана Жаабарс» (Б. «Шам», 2006. 80 б.) деген эмгегине өтмөкчүбүз.
Жыйнактын 1-томуна адабиятчынын кыргыз, орус тилдеринде чыккан 5 эмгегинен үзүндүлөр, макалалары киргизилген. Ал өзүнүн «Жар боюнда боздоп калбайлы» деген жазуучунун япон философу Дайсаку Икеда менен бирге чыгарган диалог-китебиндеги экологиялык темага токтолуп келип: «Жаратылышты коргоо-чыгарманын негизги өзөгү. Ч. Айтматов да, Д. Икеда да бул маселеге олуттуу мамиле кылышат. Жапондук философко кыргыз элинин „Кожожашы“ аябай катуу таасир этет» (1 т., б.377) деп белгилейт.
Жыйнактын 2-томун Ч. Айтматовдун чыгармаларына, «Манаска», М. Ауэзовго, Г. Маркеске,«Эл адабияты» сериясындагы 40 томдукка, эстетикага ж.б. арналган макалалар, интервьюлар түзөт. Буларда экологиялык мотив жокко эсе. Болсо да эстетикалык, көркөм каражаттар катары гана чечмеленет.
Адабиятчынын «Аалам, Адам жана Жаабарс”деген илимий-публицистикалык эмгеги „Тоолор кулаганда“ романына арналган. Мында негизинен романдын сюжети сыдыргыдан өткөрүлүп, андагы дээрлик баардык кейипкерлер саналып, Арсен Саманчин менен Эрташ-Курчалдын Айдананын айынан болгон эрегиши, Таштанафгандын террористтик аракеттери, карыган илбирс Жаабарстын трагедиясы сыяктуу драмалуу окуялар баяндалып, адам менен жаратылыштын ортосундагы мамилелер да козголот. „Айтматовдун чыгармаларындагы образдар системасындагы эволюциялык-диалектикалык мүнөзгө ээ болгон философиялык ой жүгүртүүлөрдүн системасы менен комплекстүү биригип, жуурулушуп Аалам менен Адамдын бир бүтүндүгүн, ажырастыгын тастыктайт“ (жогорудагы китепте, б.13), -дейт автор. Жазуучу өз чыгармаларынын көркөмдүк-эстетикалык таасирлерин арттыруу үчүн жан-жаныбарларды символ түрүндө көп колдонгон. Ал „Гүлсаратта“- Боз инген,.„Кылымга тете күндө“- Дөнөнбайлаган куш, „Кыяматта“- Бөрү эне, „Кассандра тамгасында“- кассандра-эмбриондор, киттер, үкү, „Тоолор кулаганда“ романында» — чабалекейлер ж.б.
Изилдөөчү жан-жаныбарлар менен адамдардын тагдырлары окшоштугун, айрым учурларда бирдейлигин көрсөтөт. Биз мында жаныбарлар да адамдардай эле чыккынчылыкты трагедиялуу кабыл алып, депрессияларга тушугуп, кайгы-капаларды баштарынан өткөрүшөрүнкошумчалап, ага мисал катары Арсен Саманчиндин Айданадан, карыган Жаабарстын түгөйүнөн ажыраган учурларын көрсөткүбүз келет. Алсак, акчага, даңкка азгырылган Айдана аны таштап кеткенден кийин Арсен Саманчин Эрташ-Курчалды өлтүрүүнү чечсе, канчыгын жаш дөбөткө тарттырган Жаабарс өзү жалгыз өлүү үчүн Үзөңгүлөшкө жөнөйт. А. Акматалиев «Айтматовдон башка сүрөткерлерден өзгөчөлүгү-жырткыч айбанды жырткыч кылып сүрөттөбөйт. Тескерисинче, авторду жырткычтагы „гумандуулук“, татыктуу сапаттар кызыктырат» (б.40) деп туура айткан. Ал пикирин бекемдөө үчүн Ч. Айтматовдун «В жизни животных немало интересных историй. Проблема, однако, в том, что мы смотрим на животных только как на животных и не пытаемся понять их внутреннее состояние» (б. 40) деп айтканын келтирет.
Адабиятчы жазуучунун экологиялык маселелер боюнча дөөлөттөрү жөнүндө: «Ооба, Айтматов көркөм адабиятта айбанаттардын өзүнчө бир поэтикалык образдарынын галереясын түздү. Аларда айбанаттардын биз көрүп, билип жүргөн сырткы туруш-турпаты, тирчилик образы эле чагылдырылбастан, ички жан дүйнөсү: ата-энелик, түгөйлүк-ынактык сезим, түшүнүктөрү, жоопкерчиликтери, кайгысы, кубанычы, түйшөлүүсү терең психологиялуу ошону менен катар көркөм, лирикалуу жана драмалуу сүрөттөлгөн» (б.40) деп жыйынтыктайт.
Ч. Айтматов, анын чыгармалары жөнүндө академик О. Ибраимов да бир катар эмгектерди, көптөгөн макалаларды жарыялады. Алардын ичинен макамы жагынан Москвада «Белгилүү адамдардын өмүрү» сериясында басылган «Чингиз Айтматов» (М. «Молодая гвардия» (ЖЗЛ),2018, 222 с.) деген китеби жогору турат. Бирок, ал Ж. Сааданбеков, К. Асаналиев, К. Ибрамов сыяктуу авторлордун эмгектериндей монография же бир темага арналган системдүү изилдөө эмес. Ал ар кайсыл темалардагы макалалардын жыйнагы болгону- анын мазмуну макамына дал келбей, таасирин жана насил-наркын төмөндөтүп турат. Адатта аталган серияда макалалар жыйнактары басылчу эмес, фундаменталдуу изилдөөлөр гана жарык көрчү. Бирок, макалалар жыйнагы да басыла баштаганына караганда ал басылма да биротоло коммерциялашып кетсе керек.
О. Ибраимовдун жыйнагындагы отузга жакын макала- жазуучунун өмүр жолуна, согушка, кош тилдүүлүккө Айтматов менен Сыдыкбековдун ортосундагы мамилелерге, «Ысык-Көл форумуна», «Манас» эпосуна, түрк дүйнөсүнө, жазуучунун А. Токомбаев менен болгон кармашына, ж.б.д.у.с. маселелерге арналган. Экологиялык маселелер жөнүндө сөз деле жок.
«Киришүүдө» айтылгандардан сырткары Ч. Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча изилдөөлөрдү, макалаларды жазышкан М. Борбугулов, С. Жигитов, Б. Ашымбаев, К. Артыкбаев, Е. Озмитель, А. Брудный, А. Эркебаев, Ч. Жолдош-ева, А. Кацев, Макелек Өмүрбай уулу, К. Байжигитов сыяктуу ж.б. адабиятчылардын эмгектеринде да жазуучунун чыгармаларындагы экологиялык проблемалар өзүнчө предмет катары изилденген эмес.
Жогорудагыларга салыштырганда педагогика илимдеринин доктору А. Муратовдун «Чыңгыз Айтматов- жазуучу-этнопедагог» (Б. «Айат», 2006. 204 б.) деген монографиясында жазуучунун балалык убагында жайлоо калтырган таасирлери, «Гүлсарат», «Ак кеме» повесттеринин экологиялык маани-мазмундары терең ачылган. Изилдөөчү жазуучунун «Балалыгым» деген эскерүүсүндөгү өзүнө жайлоо кандай таасир калтырганына чоң басым жасаган. Андан кийин философ ойчул жазуучуда заманбап экологиялык көз караштын, парадигмалардын жаралуусуна жаш кезинде айылдык турмуш, өзгөчө жайлоодогу күндөрү, чоң энеси Айымкандын жомоктору өзгөчө чоң таасир тийгизгени көрүнүп турат. «Жайлообул-бейиштин төрүндөй ажайып чөлкөм, — деп эскерген кийин Ч. Айтматов, — бийик тоолордогу көкмөк шиберлер, түркүн түстүү гүлдөрдүн кооздугубу эми өзүнчө бир кайталангыс керемет көрүнүштөр. Түбөлүк жаткан мөңгүлөр тараптан жортуп келген салкын, таза аба…Таштан ташка урунуп шаркырап аккан мөлтүр кашка тоо суусу… Ар айбанаттар менен куштардын керемет үнү, очокко жага турган отундун ушунчалык көптүгү… Булардын эми кайсыл бирин айта аласың…» (111:29).
Изилдөөчү эмгегинин «Ат жана адам этнопедагогикасы Айтматовдо» деген 3-бабында жылкы темасынын улуттук дүйнө таанымда ээлеген ордун, баатырдык жана көчмөндүк мезгилде элибиздин турмушундагы аттын маанисин, ага жасалган өзгөчө мамилени терең ачып берген. Бул бапты ат жөнүндө чакан энциклопедия десе да болот. Мында элдик оозеки чыгармачылыктагы баатырлардын, чоролордун баардыгынын аттары аталган.Чындыгында кыргыздар үчүн ат көлүк унаа гана эмес, көпчүлүгү үчүн адамдын коомдогу абалын көрсөтүүчү социалдык макамдын белгиси, майданда эң жакын жолдош да болгон. Жоргосу, күлүгү барлардын абройлору автоматтык түрдө арткан, кыргыз үчүн аты жок калуу кедейликтин, бечаралыктын эң төмөнкү чеги катары эсептелген.
А. Муратовдун педагогикалык көз караштары, баяндары тууралуу эч нерсе дей албайбыз, ал биздин милдетке да кирбейт, биз мында анын жылкы темасын, элибиздин атка болгон мамилесин жетиштүү чагылдыргандыгын гана баса белгилегибиз келет. «Жазуучу катары Чыңгыз Айтматов неге мынчалык жылкы баласын келиштирип сүрөттөйт да, жылкыны жандандырып, адам менен бириктирип жиберет дейсиң, — деп жазат ал. Айталык, „Гүлсаратта“ Адам менен Жылкы каны да, ою да, сүйүү-күйүүсү да, жаштыгы-карылыгы да–бүтүндөй тагдыр-таржымалы, дене –бою биригип калган. Г. Гачев белгилегендей, Эне-Табиятты көрүүдө Танабай микроскоп болсо, Гүлсары телескоп-макроскоп. Ошон үчүн адабиятчы ал экөөнү бириктирип, кентавр кылып, а түгүл Гүлсары плюс Танабай, барабар Гүлтан (Гүлсары+Танабай=Гүлтан) деп карайт» (111:105).
Автордун кыргыздарда аттын культу болгон деген пикирине кошулабыз жана бул маселе боюнча көз карашыбызды эмгектин 1-бабынын 1.2.параграфында кеңири баяндайбыз.
Монографиянын «Ак кеме» -элдик педагогиканын асыл нускасы» деген 4-бабында айрым билгилердин табияттын сырларын терең үйрөнүүсүнөн жаралган элдик эмпирикалык астрономия жана астрология, кут жана жайчылык жөнүндө түшүнүктөр изилденет. Ай-кыргыздар үчүн календарь гана эмес, алдыдагы бир айлык убакыттагы аба-ырайынын күзгүсү да болгон. Билгилер ай жаңырганда анын формасына, түсүнө, жайгашуусуна карап, аба ырайы жөнүндө бир айлык болжолду айтышса, ал негизинен көпчүлүк учурда туура чыккан. Повесттеги Момун чал- мифологиялык аң сезимдеги Баланы элдик педагогиканын негизинде гана эмес, экологиялык аң сезимде да тарбиялоого аракеттенет. Анын Бугу Эне жөнүндө айткандарын тотемдик миф катары гана эмес, экологиялык мамиленин бир формасы катары чечмелесе да болот. «Мифологиялык катмар кайталангыс. Кээ бир сынчылар мени эски, архаикалык аң-сезимди таңуулайт деп күнөөлөп жүрүшөт, -деген жазуучу «Люксембург Ворт» гезитине берген интервьюсунда. Бирок, буга ушу өңүттөн караш керек эмес да. Биз аларга бүгүнкү күндө да актуалдуу боло турган өңүттөн карашыбыз ылайык» (111:181).
Дегинкисинде адабий сынга, адабият таанууга жана философияга салыштырганда этнопедагогикада адам менен жаратылыштын ортосундагы мамилелер кеңири жана терең чечмеленип, аларды конкреттүү таалим-тарбия иштерине айландырууга негизги басым жасаларын белгилей кетүү зарыл. Бул этнопедагогиканын кесиптик өзгөчөлүгүнө байланыштуу деп ойлойбуз. Анткени, философтор, адабиятчылар абстракцияланган жыйынтыктарга көбүрөөк басым жасашса, педагогдор абстракттуу нерселерди да конкреттүү иш аракеттерге айландырып, колдонгонго көнүп калышкан.
Р. Рахманалиев жетектеген авторлор тобунун (Р. Рахманалиев, А. Гречихин, М. Жарких, З. Асамбаева, «Чингиз Айтматов современном мире: автор- книга- читатель. Опыт социокультурного и книговедческого исследования», Ф.«Кыргызстан», 1989.360с.) эмгегинде жазуучунун чыгармаларынын мурдагы Союзда, чет өлкөлөрдө өзгөчө популярдуулугунун себеби изилденип, кайсыл тилдерге которулуп, канча ирет, кандай нускаларда басылганы, кимдер ага көбүрөөк кызыга турганы келтирилип, ал дүйнөгө белгилүү башка айрым жазуучулардын көрсөткүчтөрү менен салыштырылып талдоо жүргүзүлгөн. Азырынча жазуучунун чыгармалары боюнча бул жааттагы эң чоң эмгек 2019-жылы Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкана тарабынан даярдалып чыгарылган «Айтматов ааламы деген библиографиялык энциклопедия (Айсаракунова Ж., Бакашова Ж. К., Сманова Э., Айтматов ааламы: библиографиялык энциклопедия. 4-бас. Б. Полиграфбумресурсы, 2019. 560 б.).
Бул параграфта Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы экологиялык катмар философияда, адабият таанууда, педагогикада жана социологияда, библиографияда кандай деңгээлдерде изилденгенине саресеп салдык. Параграфтын көлөмү аз, милдети чектелүү болгондуктан көпчүлүк эмгектердин жакшы жактарына, кемчиликтерине, илимий деңгээлдерине кененирээк токтолгонго мүмкүнчүлүк болбоду. Ч. Айтматовдун чыгармалары боюнча убагында тийип-кача жазгандар, азыр деле антип жүргөндөр мында аталган да жок. Бирок, жогоруда аталып, айрымдарынын эмгектери аздыр-көптүр талдангандар деле улуу жазуучу жана ойчулдун мурастарындагы экологиялык катмар жаңы реалийлердин тутумунда жетиштүү изилдене электигине ынандырат деп ойлойбуз. Ал эми, тилекке каршы, анын экологиялык парадигмалары илимий предмет катары өзүнчө бөлүнүп алынып, изилдене элек.
1.3. Зооцентризм. Гүлсаратты моралдык, нравалык нормаларга кошуусу («Гүлсарат» повестинин мисалында)
Көпчүлүк окумуштуулар учурга адекваттуу экологиялык мамилелерди калыптандыруу үчүн жаратылышты, биринчи кезекте жан-жаныбарларды моралдык, нравалык нормативдерге кошуу керектигин белгилешет. Муну айтууга оңой болгону менен практикалык жактан ишке ашыруу кыйын. Анткени, жаратылыш, өзгөчө айбанаттар айлана-чөйрөдөгү декоративдүү нерселер гана эмес, адамдын жашоосунун, физиологиялык керектөөлөрүн канааттандыруунун бирден бир булагы болуп саналат. Адам моралдык, нравалык принциптерден улам өзүнүн керектөөлөрүнүн айрым түрлөрүнөн баш тартуусу, же чектеши, андай жорук анын биологиялык жана социалдык турмушуна анча терс таасирин тийгизбеши мүмкүн, бирок адамдарды айбанаттарды көмөкчү, жардамчы (унаа, күзөтчү ж.б.), азык түлүк катары пайдалануудан биротоло баш тарттыруу кыйын.
Бирок, коомдун айбанаттарга карата мамилелерин мүмкүн болушунча жумшартып, гумандаштырып, аларга карата жырткычтык көрүнүштөрдү азайтып, айрым түрлөрүнө моралдык, нравалык мамилелердин кээ бир жактарын таркатып, тирүү нерселер үчүн бирдиктүү гумандуу мамилелерди калыптандырууга аракеттенүү- адамзаттын жандуу башка нерселердин алдындагы ыйык милдети болуп саналат. Кеңири пландан алганда, бул обьективдүү тарыхый процесс. Же алгачкы убактарда моралдык, нравалык мамилелер бир уруунун, элдин ичине гана таркатылса, коом өнүккөн сайын анын алкагы кеңейип, кийин ал жалпы адамзатка мүнөздүү көрүнүшкө айланган.
Ар кандай көрүнүштү, процессти иликтегенде биринчи кезекте анын башатына экскурс жасап, эволюциялык өнүгүшүнө саресеп жасоо илимге коюлчу талаптардан. Адамдардын айбанаттар менен болгон мамилелеринин башталышына кайрылсак, жан-жаныбарларга карата гумандуу мамиле жасоо байыркы адамдардын мыкты өкүлдөрүн тынчсыздандырып, алардын көз караштары адабий, философиялык эстеликтерде калтырылганын көрөбүз.
Адалдык жана арамдык, күн менен түн дайыма ээрчишип жүргөндөй эле зооцентристтик, зоофилдик мамилелер, тотемисттик көрүнүштөр да байыркы доордо, зоофобиялык, антропоцентристтик мамилелер менен бир убакта калыптанган. Мифологиялык түшүнүктө, аң-сезимде жашаган байыркы адамдарга жандууларды жаратылыштан бөлүп карап, өздөрүн айбанаттарга карама-каршы коюу мүнөздүү болгон эмес. «Жаратылышты азыркыдай жандуу жана жансыз деп бөлүштүрүү кийинки эле учурларда пайда болду, –дейт изилдөөчү Ч. Усупова. –Узак убакыт бою мифтик-диний сезим жаратылыштын ушундай болушун өзүнчө чагылдырып, эч кандай жансыз жана өлүк нерсе болбойт, не дегенде жаратылыш акыл эс менен сезимдерге, максат ченемдүү эркке ээ болгон өнөктөш да, каршылаш да болуп саналат… деп эсептеп келген. Алгачкы доордогу кыргыз үчүн анын жеринин ар бир чарчысы мифологиялык өзгөчө мааниге ээ болуп, аны менен… уламыштар, жомоктор байланыштырып турган» [153: 11]. Бул пикирди бекемдөө үчүн байыркы маданий эстеликтерди көрсөтсө болот [176: 88].
«Эр Төштүк», «Кожожаш» эпостору да белгилүү өлчөмдө мифологиялык аң-сезимдеги адамдардын жаратылыш жөнүндөгү түшүнүктөрүн чагылдырат. Мындан байыркы адамдардын экологиялык аң сезимдери, мамилелери жогорку деңгээлде болгон дегендей жыйынтык келип чыкпайт. Тескерисинче, ал жаш наристе өзүн айлана-чөйрөдөн бөлүп карай албагандай эле байыркы адамдардын жаратылыш жөнүндөгү түшүнүктөрү чектелүү болгонун, же айлана-чөйрөнү таанып билүүдө «балалык» мамиле жасашкандыктарын гана айгинелейт. Байыркы мезгилде айбанаттарга гумандуу мамиле жасоо жалпыга мүнөздүү типтүү көрүнүш эмес, айрым алдыңкы адамдардын гана көз караштары болгон. Ал убакта, андан кийинки мезгилдерде деле айбанаттар түгүл адамдардын көпчүлүгүнүн (өзгөчө уруу, топтор, сословиелер арасында) бири-бирине жырткычтардай мамиле жасап, тилсиз макулуктарды физиологиялык керектөөлөрүн канааттандырууга гана эмес, жапайы көңүл ачууларга, оюн тамашаларга да пайдалануу көндүм нерселерден болгон. «Цезарь 400 жапайы жырткыч айбанатты кыйнап өлтүрткөн, Август уюштурган көңүл ачууларда антип өлтүрүлгөн жырткычтардын саны 35 миңге жеткен. Б.з.ч. 2 кылымда Марс өч алуучу храмынын курулушуна арналган салтанаттарда 36 крокодил өлтүрүлгөн. Б.з. 107-жылында Трояндын дактарды жеңгенине арналган майрамдарда 11 миң жырткыч кыйноо менен курмандыкка чалынган. Адриандын убагындагы цирк оюндарында күн сайын жүздөгөн жолборстор өлтүрүлүп турган. Мындай ырайымсыз көңүл ачуулар менен императорлор жана жогорку кызматагылар гана эмес, көптөгөн оокаттуу адамдар да алектенишкен» [65: 226].
Байыркы Грецияда жана Римде мындай зоофобиялык көрүнүштөрдүн философиялык идеологдору Цицерон, Платон жана булардын окууларын улантуучулар болсо, кийинки софистердин, неоплатонисттердин, эпикурчулардын көз караштары да булардыкына жакын болгон. XVI—XIX кылымдардагы Бэкон, Декарт, Вольтер, Гердер, Гегель сыяктуу философтор да Цицерондукундай («Бул дүйнөдөгү адамдар пайдалангандардын баардыгы–алар үчүн гана жаралган жана даярдалган» [165: 153) деген көз карашты тутунушкан. Мында өзгөчө кайра жаралуу жана андан кийинки мезгилдердеги К. Бовилль («адам дүйнөнүн жаны жана жарыгы, мээси, көркү: дүйнө чындыгында адамдын өзүнүн денеси» [53: 278), Ф. Бэкон («адамдын акыл-эси тоскоолдуктардан арылып, эр жеткендей болгондо, сөзсүз анын ал-акыбалы жакшырып, жаратылыштын үстүнөн бийлиги кеңейет, күчөйт ” [53: 213) дешсе, Р. Декарт адамдын денеси менен духун карама-каршы коюп, аларды антиподдор катары эсептеген [65: 225) сыяктуу ойчулдар антропоцентристтик окууларынын ашкере максималисттиги менен айырмаланышкан.
Бирок, коомдук аң-сезимдин өнүгүшү менен философияда жана адабиятта зооцентристтик көз караш да тереңдеп, аны жактоочулардын катарлары да көбөйө берген. Немец окумуштуусу Х. Б. Миллердин пикирине ылайык, зоофобиянын атасы Платон болсо, зоофилдин негиздөөчүсү Аристотелден кийинки стоиктер, андан мурдагы пифагорчулар, киниктер, киренаиктер, XVII—XVII кылымдардагы агартуучулар да зооцентризмге жакын позицияда болушкан. Бирок, ырасын айтыш керек, алардын окууларында илимий системалуулук, этикалык так императив болгон эмес. Жакшылап иликтеген адам Декарт менен Бэкондун эмгектеринен деле зооцентризмге жакын ойлорду табат, ал эми Аристотель менен стоиктердин мурастарында антропоцентризмди даңазалаган фразалар да аз эмес. Ошондуктан биз бул жерде жогоруда айтылган ойчулдардын көз караштарын, дегеле дүйнөлүк ой казынасын зоофобиялык, зооцентристтик дегендей эки агымга бөлүү көп жагынан шарттуу түшүнүк экенин, чын-чынына келгенде XX кылымдын 60-жылдарына чейинки зооцентристтик көз караштар, ойлор бирин-экин адамдарга гана мүнөздүү болуп, алардын айбанаттарга мамилелери философияда, этикада жакшылап талкууланбаганын жана орчундуу маселелердин бири катары эсептелбегенин белгилей кетүүбүз зарыл [65: 220]. Өткөн кылымдын 60-жылдарынан гана коомдук илимдерде айбанаттардын укуктары, адамдын алардын алдындагы милдеттери жөнүндөгү маселелер кеңири чөйрөлөрдө талкуулана баштады. Тарыхка кылчайсак, адам менен айбанаттардын ортосундагы мамилелер коомдук илимдерге караганда адабиятта көбүрөөк чагылдырылган. Улуттук адабиятты алсак, тигил же бул деңгээлде адам менен жан-жаныбарлардын ортосундагы мамилелерди сүрөттөбөгөн жомокту, легенданы, элдик эпосту, уламышты табуу кыйын. Элдик эпостордо айбанаттар адам менен бирдей деңгээлде сүрөттөлүп, алардын кылык жоруктарын, сапаттарын чагылдырууга айрым баатырларга караганда көбүрөөк орун берилет (мас. Аккула, Сур эчки ж.б.). Мындай көрүнүш башка элдердин оозеки чыгармачылыгына да мүнөздүү. Же элдик оозеки чыгармалардын басымдуу көпчүлүгү анималисттик темада жаралган.
Анималисттик тема дүйнөлүк классикалык адабиятта чоң орунду ээлейт. Алсак, Г. Меллвилдин «Моби дик» романы, Л. Толстойдун «Холстомер», И. Тургеневдин «Муму», А. Чеховдун «Каштанка», Джек Лондондун «Ак азуу», Э. Хемингуэйдин «Деңиз жана чал» деген классикалык чыгармалары, А. Куприндин, Н. Некрасовдун, В. Маяковскийдин, С. Есениндин, А. Блоктун бир катар аңгемелери, ырлары, 50-60-жылдардагы В. Бианкинин «Сорока Галя», «Слепой бельчонок», «Зайчата», «Кузя двух востей», Г. Троепольскийдин «Кара кулактуу ак Бим», Н. Дуровдун «Котька», «Как свинья стала рысаком», В. Курочкиндин «Урод», А. Ткаченконун «Одиночество», Г. Федосееванын «Смерть меня подождет», «Злой дух Ямбуя» деген аңгеме, повесттери түздөн түз адам менен айбанаттардын ортосундагы мамилелерге арналган.
Конкреттүү элдин айбанаттардын тигил, же бул түрү менен болгон мамилесинин интенсивдүүлүгү, же сейректиги, өз ара карым катнаштын мүнөзү, тотемистик түшүнүктөрү түздөн түз географиялык, климаттык шарттарга, өндүрүштүк каражаттардын деңгээлине байланыштуу болот. Афинада эчки ыйык деп эсептелсе, Фифалыктар койду ошондой касиетке ээ деп эсетептешкен. Немецтер менен француздар карышкырда, итте жана казда сыйкырдуу сапаттар бар деп келишкен [157: 418]. Африкада жана Азиянын көп өлкөлөрүндө адамдын негизги жардамчысы катары төө эсептелсе, мурдагы европалыктар жана көчмөн элдер атсыз турмушту элестете алышпаган. Кайсыл эл күндөлүк турмушунда кандай жаныбарга жакын болсо, анын элдик оозеки чыгармаларында да ошол жаныбар көбүрөөк чагылдырылган.
Орус жана кыргыз адабиятындагы анималисттик чыгармалардын өзөктүү темасын түзүп келаткан нерсе — бул адам менен аттын ортосундагы мамиле. Эки миң жылдан ашык тарыхынын дээрлик баардыгын көчмөн турмушта өткөрүп келген кыргыз үчүн аттан зарыл, андан кымбат жаныбар болгон эмес. Ата бабаларыбыз «ат адамдын канаты» деген макалды бекеринен чыгарышпаган. Көчмөн кыргыздардын «баатыр», «эр» деген түшүнүктөрү көп жагынан европалыктардын кентавр деген түшүнүгүнө жакын. Алар баатырды, жоокерди атырылган аргымаксыз элестетишпеген. Маселен, Манасты Аккуласыз, Семетейди Тайбуурулсуз, Эр Төштүктү Чалкуйруксуз, Алмамбетти Сараласыз, Коңурбайды Алгарасыз элестетүүгө болобу?
Баатырдык эпостордун башкы каармандары үчүн сүйгөн атынан айрылуу өлүмгө тете көрүнүш катары эсептелген.«Деги эле душман менен урушканда алардын атын кармап алуу өтө чоң мааниге ээ болчу, — деп жазат бул тууралуу „Манасты“ изилдеген түрк окумуштуусу Хайреттин Ивгин. Себеби, атын алдырып жиберген баатырдын баркы түшүп, баш көтөргүс абалга келчү» [64: 250]. Ал туура, Телторусу жок барган Курманбек алгачкы эле чабышта жеңилүүгө учурайт. Ал эми сууга агып бараткан Семетейдин абалы төмөнкүдөй сүрөттөлөт:
Эсин жыйып алганда,
Энесинче заңгырап
Тайбуурулду жоктоду:
…
Ээй, ананайын Тайбуурул,
Биттейимде биригип,
Бармактайда баш кошкон
Кедей күндө кезиккен,
Керишке миңген бууданым.
Атам, Манастан калган Аколпок,
Кийе турган күн барбы?
Нардай болгон Буурулдун
Үстүнө минер күн барбы?
Эгерде Семетейдин мындай чакырыгын укпаса, ээсинин оор абалда калганын жүрөгү менен туйбаса, Тайбуурул баатырга татыктуу ат катары эсептелмек эмес.
Жылкы ичинде ал буудан
Семетей үнүн угуптур.
Окуранып шокшоктоп,
Кара жерди токмоктоп,
…
Семетейдин сууда экенин
Билген экен Буурул ат,
Семетейди көргөндө
Кулунун көргөн немедей
Агып жаткан дайрага
Алты-жети кишинеп
Кирген экен Буурул ат [140: 178—179].
Көчмөн кыргыздардын күндөлүк тиричиликтеринде кой, эчки, уй сыяктуу жаныбарлар деле чоң роль ойногон, бирок, эмнегедир фольклордо аларга анча көңүл бөлүнбөйт. Кокус алар уламыш, жомокторго персонаж катары кирип калышса, адатта кой- момундун, уй- андан өткөн бечаранын кейиптерин даанаракачып берүүгө гана жардамдашып турушат.
Анималисттик чыгармалардагы аттын, жылкынын приоритети орус адабиятына да мүнөздүү. Же XVIII—XX кылымдардагы ири орус акындарынын айбанаттар жөнүндөгү лирикалык ырларынын дээрлик жарымы ат, жылкы жөнүндө болсо, андан кийинки орундарды ит, жылан, карышкыр тууралуу ырлар ээлейт. «Орус поэзиясынын анималисттик образдар системасында ат негизги орунду ээлей тургандыгы талашсыз» [176: 92]. Анын себептери эмнеде?
Биринчиден, ат адам менен күндөлүк тиричиликте да бирге иштешип, ээси менен ысык-суукту чогуу баштан өткөрүп, техногендүү цивилизацияга чейин согушта да тагдырлаш болгон жаншерик, өнөктөш. Техниканын доорунда ат өзүнүн социалдык статусун көп жерде жоготту, бирок айыл жеринде аттын ролу көп жагынан мурдагыдай бойдон калды..
Экинчиден, ат кыргыз эле эмес башка элдер үчүн да сулуулуктун, энергиянын жана күчтүн символу болуп саналат. Бул тууралуу окумуштуу-фольклорист А.Н.Афанасьев төмөндөгүдөй ойлорду айтат: «Жомоктордогу жылкылар бороондордой жана шашылган булуттардай, адамдарды учурган шамалдардай элестерде болгондуктан, алардын канаттары бар, ал жагынан алар мифологиялык канаттуулардай… оттуу, оозунан от чачыраган ат, бирде жарык чачкан күндүн поэтикалык образын жаратса, бирде булуттардын арасындагы жаркылдаган чагылганга окшошуп кеткенсийт… Дегиңкисинде биздин жомоктордогу жана болмуштардагы баатырлардын аттары тоолордон тоолорго, деңиздерде, көлдөрдө жана дарыяларда жеңил желпи, кыйналбай жүгүрүп жүрө берет, алардын тулкулары жана күчтөрү мифологиядан жана стихияларды жандандыруудан жаралганын айгинелеп турат» [29: 147—148].
Мындай сулуулукту, күчтү алып жүргөн жаныбарга ээ боллуу ар кандай адам үчүн коомдун алдында да, өз абийиринин алдында да өзгөчө сыймык болгон. Андай күчтүн өзүнө баш ийип кызмат кылышы- адамдын социалдык статусун жогорулаткан, андай адамда атка карата эң жакшы сезимдерди жараткан. Анын натыйжасы катары элдик оозеки чыгармаларда, эпостордо жана акындардын ырларында, прозада жылкынын жүздөгөн, миңдеген мыкты образдары түзүлгөн.
Бирок, акыркы убактарга чейин элдик оозеки чыгармаларда түгүл, жазма адабиятта да аттын образын чагылдырууда бүтүндүк болбогон, же толук ипостасы алынбай, анын бир учуру, эпизоду гана сүрөттөлүп келген. Маселен, А. Пушкин, М. Лермонтов, А. Блок, С. Есенин сыяктуу акындар атты сүрөттөөгө келгенде анын күчүнө, сулуулугуна гана басым жасашса, тескерисинче Н. Некрасовдун («О погоде», «Мороз, красный нос»), Л. Толстойдун («Холстомер»), Т. Сыдыкбековдун («Тоо арасында») чыгармаларында арыган, жүдөгөн аттар гана чагылдырылат.
Адабиятта каармандын ипостасын толук көрсөтүү мурда адамдын гана прерогативасы болуп келсе, советтик гана эмес, дүйнөлүк адабиятта антропоцентристтик мындай салтты биринчилерден болуп бузуп, аттын балалыгын, жаштыгын жана карылыгын, кубанычын жана трагедиясын толук көрсөткөн Чыңгыз Айтматов болгон.
Элүүнчү жылдарга чейин адабиятта жана коомдук аң сезимде жаратылышка карата ашкере агрессивдүү мамиле үстөмдүк кылып келсе, алтымышынчы жылдардан тартып экологиялык мода өкүм сүрүп, жаратылышты кыйраткандар да, аларга каршы күрөшкөндөр да экологдорго, зооцентристтерге айланышып, айлана-чөйрөгө зыяндуу завод, фабрикаларды жаптырып, каналдардын, ГЭСтердин курулуштарын токтотуу менен чектелишпестен, айрымдар Пифагорчулардын, Сенеканын, Плутархтын, Л. Толстойдун ж. б. вегетарианчылардын мурастарын эстешип, айбанаттарга адамдардай мамиле жасоого, а түгүл тамак-аштан этти, жумуртканы алып салууга чакырышууда [130: 265].
Мындай жакшы ниеттердин, чакырыктардын болгону жакшы. Бирок, алдыбызга кандай жакшы максаттарды койбойлу реалдуу турмуштан алыстап, оболоп кетпестен, мүмкүнчүлүктүн чегиндеги, практикада ишке аша тургандарды гана жараналаган оң. Көңүлүбүздү канчалык зоофилдик сезимдер уялабасын адамдар бири экинчисине жырткычтай мамиле жасап, коомдо керектөөчүлүк маанай үстөмдүк кылып турганда айбанаттарды толугу менен моралдык, нравалык нормаларга кошуп, аларга карата ойдогудай гумандуу мамилени калыптандыруу кыйын. Анын үстүнө декларативдүү түрдө проекциялангандардын күндөлүк турмушка трансформацияланышы үчүн убакыт керек. Мындан айбанаттарды моралдык, нравалык нормативдерге кошууга али эрте деген тыянак келип чыкпайт. Кыргыз үчүн башкасы болбосо да өзүнүн атына жакын жолдошундай, кээде андан да ысык мамиле жасоо байыртадан келаткан көрүнүш.
Ч. Айтматовдун 1966-жылы жарык көргөн «Гүлсарат» повестинде мына ошол адам менен аттын ортосундагы өнөктөштүк мамиле ачылып берилет.
Повесть «Өр талашкан кара жолдо эски араба айдаган кары киши келет. Араба тарткан кула Гүлсары да картаң ат, абыдан эле картаң ат…» [11: 29) деген мааниси алысты чарпыган сөз тиркемдери менен башталат. Кимде болбосун мында «эмне үчүн экөөсү тең мынчалык картаң? Булар эмнелерден улам азыркыдай абалга дуушар болушкан? «Карып-арыгандыгынан көңүлү караңгылап, башы айланып, аяк астынан жер көчүп бараткан Гүлсарынын жана аны жетелей албай энтиккен Танабайдын өмүрлөрүнүн артында эмнелер бар?» деген суроолор пайда болот.
Повесттин кийинки беттеринен Гүлсараттын убагында бир дубанга даңкы чыккан жорго болгонун, анын аркасы менен Танабайдын да аты далайга угула зоболосу көтөрүлүп, экөө далай жакшы нерселерди баштарынан чогуу өткөрүшүп жүрүп, мансапкор адамдардын айынан эки жакка бөлүнүшүп, эки жакта карып-арышып, анан эч кимге керектери болбой калганда кайрадан жолугушканын көрөбүз.
Чыгарма жанры боюнча повесть деп аталганы менен анда романга тете окуялар, же Гүлсарынын тай кезинен тартып, карылыгы жетип өлгөнгө чейинки, Танабайдын буурул мурут курагынан пенсияга чыкканга чейинки өмүрлөрү, кеңири масштабдан алганда колхоздук түзүлүштүн согуштан кийинки учурунан алтымышынчы жылдардын ортосуна чейинки мезгили камтылган. Бирок, мынчалык мезгилдик мейкиндик тилкени камтыган менен автор өз чыгармасында окуяларды хроникалык түрдө майдалап, тизмектеп отурбайт. «…ал эч жерде өз кейипкерлеринин майда-чүйдөсүнө чейин жазылган толук бейнелерин көрсөтпөйт, туалетин майдалап сүрөттөбөйт» [66: 61]. Жазуучуга эпикалык хроникалык эмес, окуяларды жана боекторду мүмкүн болушунча концентрациялаштырып, каармандарды контрастташтырган динамикалык ыкма мүнөздүү болуп саналат. Муну көпчүлүк адабиятчылар автордун чеберчилиги катары баалашса, аны жазуучунун кемчилигиндей карагандар да жок эмес [43: 67]. Биздин оюбузча, жалаң ыкманын өзүнөн чеберчиликти, же кемчиликти издөө туура эмес. Ар кандай ыкманын өзүнө жараша артыкчылыктары менен кошо чектелген жактары да болот. Же эпикалык баяндоодо, окуялар каармандар кеңири камтылганы менен андай чыгарманын башталышынан аягына чейин эмоционалдык, философиялык жана көркөмдүк жогорку деңгээлди сактоо кыйын. Ал эми динамикалуу чакан чыгармаларда эмоционалдык чыйралуу, сюжеттик өнүгүү чапчаң болгон менен кээде контрасттуулук ашкере күчөтүлүп, адамдардын сапаттарынын айрым жактарына гана басым жасалып, кейипкерлердин бейнелери, ички дүйнөлөрү бир жактуу гана чагылдырылып калышы да мүмкүн. Ага далил катары Ысмайылдын, Толгонайдын, Орозкулдун, Тансыкбаевдин образдарын көрсөтүүгө болот. Адамдын ички дүйнөсү жогорудагы каармандардыкындай же жалаң жакшылыктан, же бир өңчөй жамандыктан, дүйнө ак менен кара боектон гана турбайт. Кандай адамда болбосун жакшылык менен жамандыктын, рационалдуулук менен иррационалдуулуктун башталыштары кошо жүрөт. «Мен биротоло жаман адамды кезиктире элекмин, -деген өмүр бою жүздөгөн, он миңдеген адамдар иштеген ишканаларды жетектеген Генри Форд. Ар бир адамда жакшы сапаттар болот, алардын ачылышына жардам берүү гана керек» (Форд Г., Моя жизнь. Мои достижения. М. «АСТ», 2022. С. 130, 320 с.) Ошондуктан, айрым адабиятчылардын «Айтматов кээде контрасттуулукту ашкере күчөтүп, боекту коюулатып жиберет» деген (Г. Гачев, А. Алимжанов, Е. Сидоров ж. б.) пикирлеринин да негизи бар. Ал тийиштүү өлчөмдө «Гүлсаратка» да мүнөздүү.
Тоталитардык коомдо алардын акыбалдарын жеңилдетүүнү, алардын моралдык укуктарын сыйлоону эч ким ойлогон эмес. Моралдык субьект катары алар эч кимди кызыктырбаган. Танабай үчүн көпчүлүк адамдарга караганда моралдык, психологиялык жактан Гүлсары алда канча жакын болуп, жоргонун ички дүйнөсүндөгү өзгөрүүлөрдү айттырбай түшүнүп, анын биологиялык, турмуштук талаптарына урмат менен мамиле жасаса, өз кезегинде жоргого Танабайдан жакын эч ким болбогон. Бир жагынан алганда мындай ынактык үй-бүлөлүк турмушту эске салса, экинчи жагынан адам менен айбанаттардын ортосундагы табийгый генетикалык биргеликти, байланышты символдоштурат.
Танабай менен Гүлсарынын эриш-аркак турмушу каат күндөрдө башталат. Бул тууралуу автор «Экөө алгач согуш бүткөн жылы жолуккан» [11:38) дейт. Мына ушул саптын өзү эле автор «Гүлсаратта» мурдагы чыгармаларынан өзгөчө милдетти чечүүнү, же адамга үй бүлө мүчөсүндөй кызмат кылып, аны менен тагдырлаш жаныбардын турмушун да кеңири ачып берип, аттын социалдык статусун демейдегиден жогорулатууну максат кылып койгонун көрсөтөт. Ээсине жолуккан кезде Гүлсары жоргосу жаңы чыга баштаган кула тай болсо, Танабай ага чейин турмуштун ачуу-таттуусун, а түгүл согушту башынан өткөрүп, мурутун ак аралаган тотуккан киши эле. Билими тайкы болсо да ал революциянын бардык идеяларын жүрөгү менен кабыл алып, партиянын ураандарына курандай ишенип, кандай саясый, чарбалык кампания болбосун алардын эң алдында кыйкырып келген, тоталитардык коом тарбиялаган социалдык көп винтиктердин, энтузиастардын бири. Анын образы көп жагынан трагедиялуу. Анткени, ал адамгерчиликке, адамдык экологияга ылайык келбес нерселерди да жасаган. Жамаатташтыруу мезгилинде батраккомго шайланып, колхозго элди ой-бойлоруна койбой айдап киргизип, каршыларды, кылчактагандарды Сибирге, андан алыс жерлерге айдаткандардын бири болгон. Танабайдын ал мезгилдеги саясий психологиялык облигин автор төмөндөгүдөй сүрөттөйт: «…Танабай күрөшпөй ким күрөшөт. Кулактар жоюлсун! Кындан кылыч суурулуп, жан аяшпас, бөрк ал десе баш алуудан кайра тартпас кыйын кезең башталды. Күндүз ээрде, түндө жыйналышта. Байлар, молдолор, кедейге кордук көрсөткөн жана башкалар отоо чөптөй жулунуп жатты. Адал чөп коолоп өссүн деп, арам отоонун баарын жулуу керек эле» [11:142]. Мына ошол учурда Танабай бир кезде байда чогуу малай болуп жүрүшүп, бирок кийин маңдай тери аркылуу ирденип калган агасы Кулубайды да кулактарга кошуп Сибирге айдатууга демилгечи болуп чыгат. Бирок, таптык күрөштө адамдарды аябаган менен Танабай бир көргөндө эле Гүлсарыга имерилип, ага жакынындай жылуу мамиле жасай баштайт. Бул эмнеликтен?
Фанатикалык идея, таптык күрөш жана оор турмуш коомдо конфронтациялык психологияны күчөтүп, адамдардын ырайымсыздык, кекчилдик сыяктуу терс сапаттарын өрчүткөн менен нормалдуу инсандарга каны менен кошо бүткөн боорукердик жана жакшылыкты, кооздукту, тирүүлүктүн көрүнүштөрүн урматтоо сезимдерин биротоло сүрүп чыгара албайт. Бир идеяга фанатиктей берилип, ал үчүн эч кимдерди аябаган инсанда элге, жерге, же башка нерселерге карата сүйүү сезими күчтүү болушу да мүмкүн. Маселен, англичандардын жекече үй-бүлөлүк мамилелерине индивидуализм, эгоцентризм мүнөздүү болгон менен алар жан жаныбарларды коргоого, аларга гумандуу мамиле жасоого өзгөчө маани беришет. Англияда айбанаттарга ырайымсыз мамиле жасоого каршы коом 1824-жылы түзүлсө, балдарды коргоо боюнча коом 1884-жылы гана уюшулган. Азыркы учурда Англия айбанаттардын ооруканалары боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. Типтүү англичан үчүн жазыксыз айбанатка залал келтиргенден оор күнөө жок. Бул пикирди ырастоо үчүн белгилүү эл аралык журналист В. С. Овчинниковдун төмөндөгүдөй байкоолорун мисалга келтирсек болот. “ Ит же мышык алар үчүн үй-бүлөнүн сүйүктүү мүчөсү, эң ишенимдүү жолдош жана эң жагымдуу компания..» …Англиялыктарда үй-бүлө жаныбарлары балдарга салыштырганда алда канча жогору орунда турат», «жекшембилерде кароосуз иттер жана мышыктар үчүн жыйналган акчалар, кароосуз балдарга чогултулган каражаттардан кыйла көп сумманы түзөт» [122: 15—16].
Сыягы, алардын балдарына, жакындарына реализацияланбаган жакшы сезимдери үй айбанаттарына трансформацияланып кетет окшойт. Танабайдын Гүлсарыга карата мамилесин да ушул өңүттөн түшүндүрсө болот. Бирок, Танабайдын Гүлсарыга карата мамилесинде эч кандай сентименталдык элементтер жок. Түшүнүктүү ата балдарын катуу тартипте кармагандай Танабай да Гүлсарыны тийиштүү чектен чыгарбайт. Мезгили келгенде так түйүлгөнүнө карабай, азууларын кайыштыра ооздуктап, үстүнө ээр салат. Аса байлап таң ашырат. Жээликкенде камчыны аябай анда да ийге келтирет. Бирок, сыртынан катуу мамиле жасагандай көрүнгөнү менен жүрөгүнүн түпкүрүндө Танабай Гүлсарынын жорголугун, күлүктүгүн гана эмес, жандуу нерселердин жарыкчылыктагы эң чоң шыбагасына — тукум калтыруу укугуна, айбандык сүйүүсүнө жана нормалдуу жашоого болгон укугуна кымындай да шек келтирбейт. «Чылбырды үзүп качкан экенсиң го, жаныбарым. Жарайсың! Ал, сайранда, сайрандап ал! Мен эч кимге айтпаймын», — деди ичинен Танабай. Анан жылкыны бир ээликтирип алмакчы болду. Артынан куугунчу келгенче Гүлсары кумардан чыга ойноп алсын… Гүлсары силкинип алып, боюн жасап, мойнун дүгдүйтө ийип, үйүрдүн алдына чыкты. Жаңы кошкон айгырды артка кууп таштады да, кайра үйүрдүн алдынан чыгып жол баштап, көйрөңдөнө ойноп баратты. Сүттүү бээлердин жытына, шыбактуу талаа жытына мас болуп башы айланып, көөдөндөгү жалындуу күчкө дүүлүгүп баратты. Үстүндөгү баркыт жаздык көрпөчөлүү ээр токум менен, эки капталын ургулаган салмактуу сары үзөңгү менен иши болбоду. Кечээ гана райондун борборунда мамыга аса байланып, кордугуна чыдабай суулугун кемирип турганын, көнбөгөн неме жолдон машине өтсө селт этип үркүп турганын унутту. Андан кийин араккананын алдында саргайып дагы көпкө байланганын, жаңы кожоюну аракканадан бир топ жолдоштору менен арак сасып чыкканын, кожоюну улам сасык кекирип ээрге араң мингенин да унутту. Анан кайра келаткан баткак жолдо жарышып чапканын, Гүлсары адатынча алдына ат салбай, жаңы кожоюнун ала качып келатканда ал неме ээрге жөндөп отура албай эт салынган каптай лөкүлдөгөнүн, ал айыбын жоргодон чыгарып, башка көзгө чапканын да унутту. Гүлсары азыр анын баарын унутуп, сүт жыттанган бээлердин жытына, ууз жыттанган кулундардын жытына, шыбактуу талаа жытына башы айланып, кумарын күчөткөн жалындуу күчкө дүүлүгүп баратты…» [11: 96].
Бул саптардан Танабай гана эмес автордун да жаратылыштын улуу инстинктине, турмуштун кыймылдаткыч күчүнө урмат менен мамиле жасай турганы көрүнүп турат. Танабай Гүлсарынын табийгый талаптарына жолдошунун жоругундай түшүнүү менен караса, ага көз арткан активдер үчүн анын кара күчү гана мааниге ээ. Гүлсарынын калган сапаттары аларды кымындай да кызыктырбайт. Жорго кишендегенге карабай үйүрүнө качып келе берип тажаткан соң Ыбырайым, жаңы башкарма баштаган активдер аны бычтырып салышат. Тоо арасында жүргөн Танабай жоргонун трагедиясын жүрөгү менен сезип, ал окуя түшүнө аян берип, аялы экөө жакага түшкөндө адегенде эле атканага кайрылат. «Танабай эрдин тиштеп, ыңгырана онтоп жиберди. Жоргосуна жакын баргысы келип, бирок батына албады. Дене бою дүркүрөп, эрксизден чыйрыккандай силкинип алды. Аңгыраган сарайдын, каңгыраган ээн короонун, тигинтип бычылып турган жоргонун көрүнүшү үрөйүн учурду. Терс бурулду да, үн сөзсүз илкий басып кете берди» [11: 109].
Андан көп өтпөй Танабай кой бакканга өтөт. Гүлсарыдан айрылып, анын табийгый кубанычын көрө албагандан кийин Танабайга жылкычылыгы да, койчулугу да баары бир болчу.
Танабай менен Гүлсарыны бирин экинчисине имерилтип, психологиялык жактан эгиздердей чырмалыштырып турган нерсе- бири-бирине карата өз ара ыраазычылык, алкоо сезими болуп саналат. Кайсыл учурда болбосун алар бири экинчисин көргөндө жакшы сезимдери козголуп ар кимиси аны өз мүмкүнчүлүгүнө жараша билдирип турат. Бул пикирди ырастоо үчүн Гүлсары менен Танабайдын райондук жыйында жана партиядан чыгарылгандан кийинки жолугушкан эпизоддорун көрсөтсөк болот:
«Азыр келем, — деп Танабай аттардын арасына кирип кетти. Ал машинеден түшө электе көп аттардын арасынан Гүлсарыны көргөн. Жаздан бери сагынган неме эми жоргосуна баратты.
Кула сары, кең омуроо, кочкор тушмук, куу далы, катыңкы баш, кара көз турпаты менен Гүлсары көп аттардын ичинде алда кайдан көзгө түшүмдүү.
— Амансыңбы, Гүлсарым! — деп күбүрөдү Танабай жоргосуна жакын барып.–Кандай күндөсүң жаныбарым?
Жорго алагар көзүн кыйык сала карап, мурдагы ээсин тааный койду, бир ордунда тыбырчылап, окуранып жиберди» [11: 117].
«– Таарынба, Гүлсары, унут, — деп күбүрөдү Танабай. — Менин жайымы сураба, кайгым оор. Айласыз оор… — деп жоргонун мойнун кучактап каңырыгы түтөп кетти. Бирок карманды. Өткөн-кеткендерден уялып, эптеп карманды» [11: 165].
Бир убакта дубанды жарган жорго болуп, өзүнө ак кызмат өтөп, кечиккен сүйүүсүнө жана далай жакшы күндөрүнө ортоктош болгондугу үчүн Танабайда Гүлсарыга карата ыраазычылык, милдеткер сезим бекем орноп калса, өз кезегинде жорго да ээсинин анын табийгый инстинктин, айбандык сүйүүсүн урматтап, аны колунан келишинче жакшылап караганын унутпайт. Жорго карып-арып, эч кимге кереги болбой калганда да Танабай өзүн анын алдында милдеткер сезип, акырына чейин өз парзын өтөп турушу — экологиялык мамиленин, аң сезимдин эң жогорку формасы экендиги шексиз. Анткени, адамда кандай жакшы ниет болбосун атка, же итке толук адамдай мамиле жасоо кыйын.
Немецтин улуу философу И. Кант өзүнүн этика боюнча лекцияларында бул маселеге да токтолуп, адамдын айбанаттарды иштетүүгө, сатууга болгон укуктарын ырастап, бирок ал укук ырайымсыз эксплуатациялоого, жырткычтыкка айланып кетпеши керек деген жыйынтыкка келген. «Эгерде ит өз ээсине көп ждылдар бою кызмат өтөсө, анда анын кызматы адамдардын кызматтарына барабар болот жана ит кызмат өтөй албай калса, ээси аны өлгүчө бакканга милдеттүү болуп саналат. Муну менен биз адамдардын алдындагы милдетибизди аткарабыз, анткени аларга андай кызмат кылганга милдеттүүбүз. Эгерде кимдир бирөө кызмат кылганга жарабай калгандыгы үчүн итин өлтүрсө, ал итинин алдындагы өз милдетине каршы иш жасабайт, анткени ити жакшы, жаман жөнүндө ой жүгүртө албайт, аны менен ал өзүнүн күндөлүк турмушунда кармана турган адамкерчиликтин принцибин бузат» [67: 310—311].
Танабай Канттын этикалык императиви, Пифагордун, Сенеканын жана башка гуманисттердин экологиялык көз караштары менен тааныш болбосо да элдик моралдык, нравалык нормаларда тарбияланган, табийгатынан абийирдүү, жолдоштукка бекем инсан катары өзүнүн Гүлсарынын алдындагы моралдык милдетин терең түшүнүп, аны аягына чейин чын ыкласта аткарат. Аны автор повесттин башталышынан аягына чейин кызыл сызык менен баса көрсөтөт. Экологиялык пландан алганда повесть адамдын өзүнө кызмат кылган жаныбардын алдында акыркы парзын кандай өтөө керектигин көрсөтүү үчүн жазылган деп айтса да болот. Өр талашкан кара жолдо Танабай Гүлсары менен бирге өткөн өмүрүн эстеген сайын анын карыган жоргого ыраазычылык сезими ошончолук арта берет.
Мындай мотив чыгарманын лейтмотиви катары повестте улам кайталанып, ансайын повесттин сюжеттик линиясынын, философиялык, эмоционалдык чыңалуусунун өнүгүшүнө түрткү берип жүрүп отурат. Эгерде «Саманчынын жолунда» Толгонайдын жер эне менен болгон диалогу, мамилеси чыгарманын квинтессенциясын түзсө, «Гүлсаратта» Танабайдын Гүлсаратка карата акыркы ызаат, урматы ошондой милдетти аткарат.
«– Сага эмне болду, ыя? — Танабай аттын жанына келип, өпкө кага акырын онтогонун укту. — Үргүлөп кеткенсиң го? Кыйналып турасыңбы, картаңым? Ыя, акыбалың жаманбы?» [11: 36].
«– Кыйналдың го, байкушум. Катуу кыйналдың го. Үшүдүңбү? Эч качан үшүбөгөн сен эми үшүдүңбү? — деп Танабай оозуна келген бирдемелерди күбүрөй берди, Гүлсары бирин да уккан жок» [11: 84].
«Экөө жолдо калган баягы эле караңгы түн. Карыя киши, картаң ат. Жар башында от күйөт. Танабай улам туруп барып, жан таазимде жаткан Гүлсарынын үстүндөгү тонун оңдоп жабат. Кайра келип, кашына отурат. Бүткүл өмүрү көз алдынан чууруйт» [11: 121].
Повесттин соңунда Танабайдын төрт аягын тарта албай кыркырап жаткан жоргонун көздөрүн жаап, өзүнүн эң жакын адамдарынын бири менен коштошкондой, жаман, жакшы нерселер үчүн андан ыраазылык сурап, өзү да ага ыраазылыгын билдирип отурганын көрөбүз. Чыгарманын эң драмалуу, экологиялык пландан алганда кульминациялык эпизодун бул жерде келтирбей кетүүгө мүмкүн эмес. Танабайдын жоргосуна карата баардык сезимдери төмөндөгү бир нече саптар аркылуу билдирилет. «Танабай болсо жорго менен коштошуп, ыраазылык сурап, өз ыраазылыгын айтып отурду: «Жаныбарым, буудан туума ат элең. Мага канат болдуң Гүлсарым. Менин күлгүн өмүрүм, жаркын жылдарым сени менен кетти. Өмүр бою эстей жүрөмүн. Мына эми колумда өлүп баратасың, ал ансайын мен өткөндү өксүй эстеп отурам, бууданым. Күлүк күнүң кетти, тулпар тушуң өттү, Гүлсарым. Кези келсе о дүйнөдөн жолугаарбыз. Бирок, ал жайда дүбүртүңдү уга албасмын, дүйнөнү дүңгүрөтүп жорго салар жолу жок, туякка такат кылар жери жок, анткени ал жайда жашоо жок. Бирок, бу дүйнөдө көзүм тирүү кезимде сен өлбөйсүң, дайым менин эсимде жүрөсүң. Сенин дүбүртүң бу дүйнөдө менин өмүрлүк ырым болуп кошо жүрөр…» [11: 186].
Жорго алдуу күчтүү кезинде үй жаныбарына таандык алкактан чыгарылбаган менен жогорку саптар Гүлсары өлгөндөн кийин Танабай аны толугу менен моралдык, нравалык нормаларга кошконун айкындайт. Гүлсары социалдык жактан адамдардын деңгээлине көтөрүлө албаган менен анын ак кызматы моралдык мааниге ээ болуп, Танабай жана окурмандар үчүн моралдык көрүнүшкө айланат, анын нормаларына кошулат.
«Гүлсарат» экологиялык жактан оптимисттик болгон менен социалдык жагынан пессимисттик маанайдагы эстелик. Анткени, повесть негизинен адамдын да, аттын да трагедиялуу турмуштарын чагылдырган. Анын үстүнө повестте Танабайдын экологиялык аң сезими кеңири социалдык планда эмес, бир атка карата мамилеси аркылуу гана ачылган. Чыгармадан Танабайдын жалпы жаратылышка карата мамилесин эмес, жалгыз Гүлсарыга карата мамилесин гана көрөбүз. Бирок, адамдын айбанатка карата мындай күчтүү сезимин чагылдыруу улуттук жазма адабиятта түгүл, дүйнөлүк адабиятта да сейрек кездешет. Эгерде Г. Мелвиллдин «Моби дик» романында адамдын айбанатка карата элдешкис өчү, Э. Хемингуэйдин «Деңиз жана чал» повестинде адамдын балыкка карата эрегиши, Л. Толстойдун «Холстомеринде» арыган аттын муңайыңкы эскерүүсү, А. Куприндин бир катар чыгармаларында адамдардын айбанаттарга жасаган кыянаттыктары чагылдырылса, Ч. Айтматов өз повестинде адам менен аттын ортосундагы өнөктөштүктү, боордоштукту даңазалоо менен экологиялык маданиятка салымын кошту. Анын этикасынын планкасын тийиштүү деңгээлде жогорулатты.
Автор Гүлсарынын турмушун Танабайдын тагдыры аркылуу гана эмес, антропоморфисттик ыкманын жардамы же жоргонун ички дүйнөсүн адамдыкына окшотуп сүрөттөө аркылуу да чагылдырган.
Коомдун өнүгүшүнө жараша адамдардын жаратылышка, сүрөткерлердин жан жаныбарларды чагылдырууга карата мамилелери да эволюциялык өзгөрүүлөргө учуроодо. Эгерде кайра жаралуу, классицизм мезгилинде сүрөткерлер негизинен айбанаттарды адамдардын терс мүнөздөрүн чагылдыруу, ички дүйнөлөрүн ачып берүү (мис. карышкыр — жырткычтык сезими, түлкү — куулугу, айлакерлиги ж.б.) үчүн пайдаланып келишсе, XIX кылымдын аягында XX кылымдын башында орус адабиятында айбанаттарга карата мамиле өзгөрүп, көпчүлүк акын-жазуучулар айбанаттардын образдарын универсалдуу максатта, обьективдүү дүйнөнү, цивилизацияны толугураак ачып берүүгө колдонушуп, белгилүү деңгээлде жаратылышка, коомго карата алардын сезим-туюмдары жана мамилелери менен кароого аракеттенишкен. Анын классикалык далили катары Л. Толстой, С. Есенин, В. Хлебников, Н. Клюев сыяктуу орус акын-жазуучуларынын, Тоголок Молдонун чыгармаларын көрсөтсөк болот.
Ал эми отузунчу, элүүнчү жылдарда совет адабиятында жан- жаныбарларга, өзгөчө үй айбанаттарына социалдык эмгектик процесстин алкагынан мамиле жасалып, алар адамдын негизги жардамчылары, жаңы коомду куруунун активдүү катышуучулары катары сүрөттөлүшсө, 60-70-жылдардагы адабиятта жан-жаныбарлар адамдын, техногендүү цивилизациянын эрксиз туткуну, алардын курмандыгы, дүйнөнүн эң назик, эң аярлуу нервдик клеткалары катары чечмеленет. «60-70-жылдардагы поэтикалык анимализмдин жаңычылдыгы- бул баарынан мурда мурдагы адамдын жан-жаныбарлардан артыкчылыгын жокко чыгарып, аларды социалдаштыруу жана гумандаштыруу, адамдардан артыкчылыктарын көрсөтүп, аны биологиялаштыруу жана бестиализациялоо болуп саналат.
Жан-жаныбарлардагы поэтикалык эң негизги көрүнүш «жырткычтык» жана «акылсыздык» эмес, алардын боор ачырлык аярлуу жардамсыздыгы болуп баратат ” [176: 122].
«Гүлсараттагы» жоргонун образы советтик мезгилдеги мына ушул эки тенденциянын иллюстрациясы экендиги талашсыз. Бир жагынан алганда, жорго Танабайдын эң жакын, эң сүйүктүү жардамчысы. Экинчи жагынан, андай преррогатива Гүлсарыны айбанаттарга мүнөздүү эрксиздиктен, байкуштуктан куткара албайт. Жоргонун биологиялык сезим-туюмдарын, симпатия, антипатияларын тереңирээк ачып, образын толугураак чагылдыруу үчүн автор анын ички дүйнөсүнө сүңгүп, айлана-чөйрөдөгү айрым окуяларга анын көзү менен кароого аракеттенген, же образды ачып берүүдө антропоморфисттик ыкманы колдонгон.
Минтип айбанатты адамдык сапаттарга ээ кылып, анын негизинде образ түзүү дүйнөлүк адабиятта, кыргыз адабиятында эзелтен келаткан көрүнүш. Мифологиялык эпостордо, элдик оозеки чыгармачылыктын башка түрлөрүндө айбанаттарды, жан-жаныбарларды сүрөттөөдө негизинен антропоморфисттик көрүнүш үстөмдүк кылып келген. Аны «Эр Төштүк», «Кожожаш» эпостору, «Жоодар бешим», «Муңдуубай» жомоктору, бир катар легендалар, уламыштар ырастайт. Бирок, элдик оозеки чыгармачылыктагы андай универсалдуулукту жазма адабияттагы антропоморфисттик көрүнүштөр менен бирдей кароого болбойт. Анткени, элдик оозеки чыгармачылыктагы антпропоморфисттик көрүнүштөр мифологиялык, тотемисттик аң сезимдеги адамдардын психологияларынын типтүү, тарыхый өзгөчөлүктөрүнөн болсо, жазма адабияттагы андай көрүнүштөр айрым сүрөткерлердин гана көркөм ыкмасы, индивидуалдуу чеберчилиги болуп саналат.
Классикалык орус, кыргыз адабияттарында өздөрүнүн чыгармаларында антропоморфисттик ыкманын жардамы менен айбанаттардын, жаратылыштын көрүнүштөрүнүн образдарын түзгөндөр аз эмес. Анын мыкты үлгүлөрүнө М. Лермонтовдун «Мцыри», Л. Толстойдун «Холстомер», А. Куприндин «Изумруд», А. Чеховдун «Каштанка», Т. Молдонун «Эки чилде», «Иттин доолдай тиктирем дегени», «Жер жана анын балдары» сыяктуу чыгармалары кирет. Көркөмдүк ыкманын колдонулушу философиялык, социалдык жактан чечилиши боюнча «Гүлсарат», Л. Толстойдун «Холстомери», А. Куприндин «Изумруду» менен үндөшүп турат.
Бул чыгармалардын биринчисинде оор турмуштан мертинип (Холстомер) көп жылдар бою анын азабын тартып жүрүп талаада өлгөн аттын муңдуу тагдыры баяндалса, экинчисинде (Изумруд) мелдеште жеңип, даңкы чыккан күлүк ат ичи тар адамдар тарабынан ууландырылып өлтүрүлөт.
Изумруддун ички дүйнөсүн ачып берүүдө автор традициялуу рамкалардан четтебеген, аңгемеде антропоморфисттик ыкманын анча-мынча гана белгилери болбосо, негизинен аттын сезим-туюмдары, айлана чөйрөдөгүлөргө карата рефлекстери автордук баяндама аркылуу гана сүрөттөлөт. Изумруддун этологиясы, психологиясы айбанаттарга мүнөздүү шарттуу рефлекстердин алкактарынан көп деле чыкпайт.
Л. Толстойдун Холстомери толугу менен антропоморфтоштурулган образ. Холстомер адамча сүйлөп, адамча ой жүгүрткөн гана ат эмес, ал айлана-чөйрөдөгүлөрдүн баардыгын байкап, өз акылында таразага салып, атканадагы бир түрдүү турмуштан, жарык дүйнөдөгү адилетсиздиктерден, өзүнүн кейиштүү тагдырынан, рационалдаштырылган жыйынтыктарынан чарчай баштаган философ. «Мен адамдардын мени ала болгондугум үчүн эле айыпташкан адилетсиздиктери жөнүндө ойлоном, мен эненин жана аялдардын сүйүүлөрүнүн физикалык шартка жараша өзгөрмөлүгү жөнүндө ойлоном, эң башкысы биз дайыма аралашып жүргөн жан-жаныбарлардын адамдар деп аталган түрүндөгү сапаттар ойлондурат..» [150: 23]. Холстомер өзүнүн ээси Нестордун да адамдык кемчиликтерин түшүнөт, карыган ат багарга энесиндей кечирим менен мамиле жасайт. «Мен буга кубанамын, анткени эртең мененки шүүдүрүмдөргө аралаш тараган андай жыт мага жагымдуу маанай тартуулайт: бирок мүштөгүн тиштеген абышка өзүн кыйындай сезип, дайыма ээрге кыйшая отурганы жакпайт, анткенде капталым ооруп кетет. Анысына деле мейли элем, мен үчүн бирөөлөрдүн ырахаты үчүн кыйналуу жаңылык эмес. Мен андан кандайдыр бир аттык ырахатты да сезе баштадым» [150: 9].
Ал узак түндө башка жылкыларды айланасына чогултуп алып, өткөн кеткендерди эскерүү, өмүр баянын айтуу, байкагандарын, билгендерин ортого салуу менен убакыт өткөрөт. Чыгарманын подтекстинен аттын гана эмес, адамдардын турмушу жөнүндөгү философиялык ой-толгоолор сезилип турат. Мындан Л. Толстойдун интуитивдүү түрдө аттын абалын, ички дүйнөсүн түшүнүп, өз жан териси менен сезгендерди окурмандарга түздөн түз жеткирип, аларда Холстомерге гана эмес, башка тирүү нерселерге карата гумандуу сезимдерди, мамилелерди пайда кылуу үчүн антропоморфисттик ыкманы тандап алганы ачык көрүнөт. Адабияттагы мындай интерпретациялар коомдо экологиялык кыймылдардын жанданышына, айбанаттардын биологиялык, этологиялык маселелерине кызыгуулардын артуусуна оң таасирин тийгизбей койбойт.
Ч. Айтматовдун повестинде аттын образы А. Куприндин аңгемесине караганда алда канча терең, ишенимдүү ачылган, жазуучу автордук баяндоонун чегинен чыгып, айлана чөйрөнү аттын ички сезим-туюмдары аркылуу да чагылдырган. Бирок, ошентсе да Л. Толстойдун «Холстомериндей» Гүлсарыны толугу менен антропоморфтоштуруп, рационалдаштырып жиберген эмес. Жеке бул кадамдын өзүн автордун жетишкендиги, же кемчилиги катары кароого болбойт. Маселе ыкманын колдонулушунда эмес, маселе- ошол ыкманын жардамы менен автор айтайын деген оюн окурмандарга жеткириш деңгээлинде, образдын ишенимдүү жеткиликтүү ачылып берилишинде, анын философиялык, социалдык жактан чечилишинде. Бирок, ар кандай көркөм ыкманын өзүнүн табийгатына жараша артыкчылыгы жана чектелген жагы да болбой койбойт.
Автор Гүлсарынын образын түзүүдө, көркөм ыкманы колдонууда ар бир оригиналдуу сүрөткерге мүнөздүү индивидуалдуу жаңы ачылыш жасап, жаңы боёк киргизген менен айбанат менен адамдын ортосундагы социалдык, моралдык дистанциянын чегинен чыкпайт. Менимче, бул автордун кылымдар бою мал менен жан сактаган, көчмөн элдин арасында туулуп өскөнү, өзүнүн да мал чарбасын жакшы билгендиги менен түшүндүрүлөт. Мал арасында чоңоюп, ар бир жаныбардын кулк-мүнөзүн жакшы билген сүрөткерге тигил, же бул үй жаныбарынын ишенимдүү образын түзүү үчүн ашкере боёкторго, көркөм ыкмаларга басым жасоонун деле кажети жок. Андай сүрөткер өзгөчө абстракциясыз, көркөм инструментсиз деле кулактары тикчиңдеген тайдын, куйрук жалын жая элирген кунандын ички дүйнөсүн кандай сезимдер ээлеп, эмнелер канын кызытып жатканын баамдай алат. Ч. Айтматов да Гүлсарынын жаштыгын, алгачкы сүйүүсүн, оргуган турмуштук күчүн жана жаратылыштагы эң улуу кыймылдаткыч болгон тукум калтыруу инстинктин өзгөчө берилүү менен сүрөттөп, анын бул мезгилдеги балалык кубанычтарын, коркунучтарын өзү кошо башынан өткөргөндөй ишенимдүү ачып берет.
«Мурда карышкырдын улуган үнүн укпаган Гүлсары дирт этип алып, тула бою муздап кетти. Жылкы үйүр тобу менен бир дүрт алды да кулак түрө титиреп, кайра токтоду. Түн жымжырт, бирок ошонусу үрөй учурат. Кар үнсүз жаап, Гүлсарынын элөөрүп көтөрө калган тумшугуна жабышып, эрип турду. Кожоюн кайда? Ушул азыр болсочу, жадегенде үнүн угузсачы, тонунун түтүн буруксуган жытын жыттатсачы. Кайрат болбос беле. Бирок, ал дайынсыз» [11: 45]. «Анан Гүлсары кожоюндун кыялданган ырын угат. Ырды жорго жактырат, ырдаган кожоюнун да ал учурда жакшы көрөт, ырдын ыргагына сала бөжүйт» [11: 48].
Мындагы автордук баяндамада жаш жоргонун жалпы айбанаттарга таандык эмоцияларын чагылдыруу менен кошо анын конкреттүү адамга, же Танабайга карата инстинктивдүү, рефлекстик жылуу сезими дакөрсөтүлгөн.
Жаңыдан бири-бирине үйрөнүшүп, анын үстүнө оргуган күчүнө, жаштыгына элирип жүргөн мезгилде жоргодо өзүнө кожоюндук кылган ээсине карата бирде жылуу сезимдердин учкундары пайда болсо, бирде тескерисинче рефлекстердин, реакциялардын жаралып туруусу мыйзам ченемдүү көрүнүштөрдөн. Биз повесттен Танабайдын айрым учурларда жоргого карата катаал мамиле жасаганына күбө болгонубуз менен Гүлсарыда Танабайга карата эч кандай антипатия, агрессивдүүлүк болбогонун көрөбүз.
Менимче, мунун обьективдүү себептери бар. Биринчиден, Айтматов Гүлсарыны белгилүү деңгээлде социалдык көрүнүшкө айландырган менен биротоло антропоморфтоштуруп, рационалдаштырып жиберген эмес. Экинчиден, элибиздин аң-сезиминдеги кылымдар бою айбанаттарга карата калыптанган мамилесин, салтын сактаган, ал спонтандуу түрдө авторго эстетикалык, моралдык чек болуп турган. Анткени, айрым үй айбандары (уй, жылкы, кой) көчмөн элдин боор эти менен тең жаныбарлардан болуу менен бирге физиологиялык керектөөнүн негизги булагы болуп эсептелген. Үй айбандары адамдарга нааразы болушу мүмкүн, алар адамдарсыз деле жашай алышат, ага алардын моралдык укуктары бар дегендей Батыш Европадагыларга таандык дискурсивдер, философиялык, этикалык проекциялар кыргыздарга мүнөздүү болгон эмес. Маселен, Манас Аккуланы боор эти менен тең көргөнүнө, ансыз баатыр боло албасына карабастан ачуусу келгенде атын соёмун деп да оолугат, а түгүл Алманбетке тартуу кылгандан да кайра тартпайт.
Элдик оозеки чыгармачылыктагы мындай көрүнүштөргө салыштырганда жазуучунун Гүлсарыга карата мамилеси универсалдуулугу менен айырмаланат. Жазуучу Гүлсарынын жорголугунан, оргуган күчүнөн бир аттын гана эмес, жалпы тирүүлөрдүн жашоого, тукум калтырууга болгон күчтүү инстинктин, моралдык укугун көрөт. Анын айбандык сүйүүсүн, симпатияларын чагылдырууга да тийиштүү орун берген.
«Өзөндөн өткөн байтал куйругуна, чачысына суунун муздак илебин ала келди. Экөө жытташып калды, жумшак жылуу эриндери менен байтал аны аймалап жиберди. Ойноок бышкырып, айгырак Гүлсарыны чакыргандай болду. Гүлсары болсо ордунан козголо алгыс абалда. Анда тору байтал айгырактын жалына ээк тартып, жалын кашып кирди. Гүлсары да байталдын ыйык жалын кашып берсе болмок, бирок ылаажы жок, байталдын эреркеген ниетине ыкласын билдире албады. Козголууга дармансыз. Каны катып суусап турат. Аттиң, байтал ага суу апкелип берер болсочу! Акыры тору байтал желе-жорто кайра кетти. Карааны караң түнгө сиңип кеткиче Гүлсары аны артынан томсоруп карап турду. Келди да, кетти. Айгырактын көзүнөн жаш мөлтүлдөдү. Мончоктоп тушмугуна чууруп, аяк астына үнсүз таамп жатты» [11: 52].
«Мындай ажайып кол эч жанда жок. Үйүрдөгү тору кашка байталдын эрининдей мээримдүү жибек кол. Адам баласында бул келиндин көзүндөй сүйкүмдүү көз да жок» [11: 62].
Жогорудагы эпизоддор аркылуу автор Гүлсарынын гана эмес, Танабайдын да ак жоолукчан келинге карата жылуу сезимин көрсөтөт. Мында Гүлсарынын антропоморфтоштурулган симпатиялары, аллегориялык милдетти да аткарып, Танабайдын ички дүйнөсүн, психологиялык абалын тереңирээк ачып бергенге өбөлгө түзүп турат. Автор ак жоолукчан келинге карата Танабай айтпаган жакшы сөздөрдү, ал аркылуу трансформацияланбаган сезимдерди Гүлсарынын мамилеси менен билдирет. Бул дагы биздин жогорудагы Айтматов Гүлсарыны антропоморфтоштурганда элдик маданий, тарыхый салтты уланткан деген пикирлерибизди ырастайт. Анткени, кыргыздын даанышмандары, акылмандары философияны, жаныбарлардын этологиясын илимий жактан изилдеп үйрөнүшпөсө деле өздөрүнүн тажрыйбалары, тубаса байкоочулук таланттары аркылуу адам менен үй айбандары көпкө чейин аралашып жүрүшсө, бири-биринин ойлорун, мүнөздөрүн айттырбай түшүнүшүп, тилсиз деле кыймылдары, интуициялары аркылуу сүйлөшүп калыша турушкандыктарын жакшы билишкен. Алардын бул багыттагы философиялык жыйынтыктары элдик оозекчи чыгармалардан (мис. «мал ээсин тартпаса арам өлөт») ачык көрүнүп турат.
Мындан айбанаттар адамдар менен мамиледе болгондо гана аларда аң сезимдин айрым учкундары пайда болот деген жыйынтык келип чыкпайт. Бирок, ырасын айтыш керек, айбанаттардын этологиясы, психологиялык жана психопатологиялык өзгөчөлүктөрү илимде жаңы гана тереңдетилип изилденүүдө. Эгерде аттын, же иттин психопатологиясы миллион координаттан турса, ашып кетсе алардын 5—6 миңи гана эмпирикалык жактан үйрөнүлгөн, жалпыланган. Ал эми калгандары биз үчүн ачыла элек.
Айбанаттардын этологиясын үйрөнүүдө табийгый илимдер менен кошо адабияттын да ролу чоң. Адабияттагы философиялык интерпретациялар белгилүү өлчөмдө эмпирикалык анализдердин жыйынтыктары болуп саналат. Адатта чоң сүрөткерлер эмпирикалык байкоолорго гана таянышпастан өздөрүнүн подсознаниелик интуициялары, фантазиялары аркылуу али адис окумуштууларга белгисиз көрүнүштөрдү, машиналарды конструкциялашса (Ж. Верн, А. Кларк, И. Ефремов ж. б.), кийин алардын көпчүлүгү болбосо да сезилерлик бөлүгү илимде далилденип, техникалык жактан жүзөгө ашырылган.
Мына ушуларга таянып коомдо биздин «кичи бир туугандарыбызга» карата гумандуу мамилелерди калыптандырууга гана эмес, алардын психопатологиялык өзгөчөлүктөрүн үйрөнүүгө, фауна дүйнөсүнүн али бизге белгисиз табышмактарын чечмелөөгө да адам рухунун инженерлери өз салымдарын кошо алышат деп ишенимдүү айтсак болот. Аны Айтматовдун «Гүлсарат», «Кыямат» сыяктуу чыгармалары да ырастайт.
Коомдо учурга адекваттуу экологиялык аң сезимдин үстөмдүк кылуусуна жетишүү үчүн ар ким өзүнүн атависттик инстикттерин жеңип, эгоисттик «мендин» рамкасынан чыгып, башка тирүүлөрдөн да өзүндөй субьектти, индивидди көрүүгө, алардын табийгый, моралдык укуктарын таанууга, урматтоого аракеттенүүсү зарыл. Бул милдетти чечүүдө да «Гүлсараттай» чыгармалар чоң ролду ойнобой койбойт. Антропоцентристтер белгилеп кетишкендей, дүйнөнүн киндиги, бермети жалгыз адам эмес. Эгерде табиятта артыкчылык укуктан пайдалана тургандар болсо, ал жалпы тирүүлөр. Жаратылыштагы бир көрүнүштү экинчисинен бөлүп, бирин экинчисинен жогору коюп, үчүнчүсүн биосферадагы бардык нерселердин ээликтөөчүсү кылып жарыялоо эскирди.
Айбанаттардын психологияларын, абалдарын түшүнүүгө жасаган аракетибиз өзүбүздү, айлана чөйрөнү тереңирээк үйрөнүп, бардык тирүүлөрдүн генеологиялык тектештигине үңүлүп, башка тирүүлөрдүн алдындагы миңдеген жылдык карызыбызды маданий, моралдык чөйрөлөрдө болсо да компенсациялоо болуп саналат. Же улуу гуманист Альберт Швейцердин сөзү менен айтканда «Биздин адамкерчиликке кайрылып келүүдөгү улуу жардамчыбыз- тирүүлүктү аздектөө этикасы болуп саналат. Адамдардын бири-бирине мамилелери менен гана алектенген этика тирүүлүктү аздектөө этикасына теңеше албайт, анда анын өзөгү, энергиясы жок. Азыркы катаал мезгил талап кылгандай зомбулук жана өлүм менен күрөшкөнгө жетиштүү көңүл бурбаган этика адамдардын бири-бирине кылган жакшылыктарын гана талдап, тастыктоо менен гана чектелип жүрө берет» [168: 375].
Ч. Айтматов интуициясы күчтүү, мезгилдин тамырынын согушун, коомдогу тектоникалык өзгөрүүлөрдү сезе билген сүрөткер катары жогорудагы проблемалардын айрым жактарын козгогон менен өз чыгармасында экологиялык маселелерди толук чагылдырууну максат кылып койгон эмес. Же Гүлсарынын тагдыры Танабайдан толук бөлүнүп алынып каралбайт. Повестте жорго негизги кейипкердин тагдырын кеңирирээк ачып берүү, колхоздук түзүлүштүн терс жактарын ашкерелөө үчүн гана пайдаланылат. Бирок ошондой болсо да автордун адам менен өнөктөш жаныбардын тагдырын социалдык жактан бирдей карап, ички дүйнөсүн ишенимдүү ачып, канча ак кызмат өтөсө да адамдар тарабынан Гүлсарыга зордук зомбулуктун аз болбогонун көрсөтүүсү повестке экологиялык да маани берип, окурмандарды адам менен жаныбарлардын ортосундагы мамилелердин кейиштүү жактары жөнүндө ойлондурууга аргасыз кылат.
1.4. Адамдын кризисинин экологиялык кризистерди шарттоосу («Ак кеме», «Фудзиямадагы кадыр түн» жазуучунун ж.б. чыгармаларынын мисалында)
XX кылымдын улуу сүрөткерлеринин бири Габриэль Гарсиа Маркес 1987-жылы августта Останкинонун биринчи каналына берген интервьюсунда техногендүү цивилизациядагы адабияттын ордуна, көркөм чыгармачылыктын проблемаларына токтолуп келип, «XXI кылымдын адабияты көп сөздүүлүктөн, тиричиликтик, натуралисттик майда-чүйдө сүрөттөөлөрдөн арылышы зарыл. Мен келечектин адабиятын таблеткадай элестетем. Таблетканы оозуңа салганда сенде көркөм чыгарманы окугандай ассоциациялар, сезимдер пайда боло башташы керек. Ансыз адабияттын коомдо өз ордун сактап калышы кыйын» деген оюн айткан.
Өз чыгармаларында фантастикалык, мифологиялык параметрлер менен ой жүгүртүп, кейипкерлерди гротесктик формада түзгөн чоң сүрөткердин келечектин адабиятын таблеткага салыштыруусун биринчи кезекте, метафора катары түшүнүшүбүз керек. Чындыгында көркөм асыл нарктардын биотехниканын продукциясына айланып кетүүсүн элестетүү кыйын. Бирок, дүйнөгө белгилүү улуу жазуучу мындай салыштыруусу менен адабияттын салттуу айрым жактарынын, ыкмаларынын жана формаларынын эскиргенин, маалыматтык, динамикалык коомдо кейипкерлердин байпагынан чачына, басканынан турганына чейин тизмектеп, сюжетти созо бербестен ойду, боёкту концентрациялап, окуяны агынан жаргыдай жалпыга түшүнүктүү элестүү каражаттар аркылуу чагылдырып, чыгармаларды мүмкүн болушунча философиялык, эмоционалдык жактан чыйралтып, композицияны жыйнак түзүүнүн зарылчылыгын айткысы келгени талашсыз.
Андай чыгарманын эталону катары жазуучунун өзүнүн «Жалгыздыктын жүз жылы» романын көрсөтсөк болот. “ Жалгыздыктын жүз жылы» тиричиликтик көп сөздүү романдарга жазылган пародия («Дон Кихотту» эстейли), ал аларды биротоло көмсө экен деп туралы» [Книга песчинок. Фантастическая проза Латинской Америки, Л. «Художественная литература», 1990 г., с. 9]. Романда негизинен Латын Америкасындагы Макондо аттуу чакан кыштактагы адамдардын цивилизацияга аралаша баштаганы баяндалган. Бирок, роман кыштактагы банан компаниясынын жаратылышты аёосуз эксплуатациялоосун чагылдыруу менен чектелбейт. Автор мифологиялык, фантастикалык элементтердин жардамы менен Латын Америкасынын тарыхын азыркы учурга байланыштырып, жыныстык мамилелерге, бийликке болгон ашыкча ышкыбоздук адамдарды биологиялык, социалдык жана психологиялык жактан кандай деградацияларга учуратаарын да ачып берет.
XX кылымдын адабиятында бир гана Маркес эмес, дүйнөгө белгилүү башка жазуучулардын чыгармаларында деле мифологиялык, фантастикалык сюжеттерге, притчаларга жана символикаларга кайрылуу күчөп, өзүнчө тенденцияга айланган. Ага Д. Джойс, Ф. Кафка, А. Мердок, Т. Манн, Б. Пастернак, У. Фолкнер, М. Булгаков сыяктуу көптөгөн сүрөткерлердин чыгармалары мисал боло алат.
Ал эми Латын Америкасынын адабиятында мифология жана фантастика чыныгы кайра жаралууну баштан кечирүүдө. Бул континенттин М. Астуриас, Х. Л. Борхес, А. Карпентьер, Х. Кортасар өңдүү көрүнүктүү жазуучуларынын чыгармачылыктарында мифтик, фантастикалык көрүнүштөр жана притчалар, татаалдашкан символикалар чоң орунду ээлейт.
Дүйнөлүк адабияттагы мындай көрүнүштөрдү аныктап, чечмелөөдө философтор жана адабиятчылар «мифологиялык реализм», «фантастикалык реализм», «магиялык реализм» деген сыяктуу жаңы терминдерди колдонуп жүрүшөт. Бирок, магия, фантастика жана мифология менен реализмди кантип элдештирип, кантип бир арабага чегүүгө болорун түшүнүү кыйын. Менимче, булар синтаксистик парадокс.
Бизди дүйнөлүк адабияттагы мифологиялык көрүнүштөрдүн ренессансынынканчалык деңгээлде обьективдүү жана субьективдүү себептери бар? -деген гана кызыктырат.
Мейкиндик, убакыттык жактан алганда адамзат барган сайын социалдык утопиялардан, мифологиялык, тотемисттик башаттардан алыстоодо. Бирок, XX кылымда, өзгөчө анын экинчи жарымында адабиятта мифологияга кызыгуунун, ага кайрылуунун күч алышын эмне менен түшүндүрүүгө болот? Деги мифология деген эмне?
Мифологиянын байыркы коомдогу ээлеген орду тууралуу айрым кайчы ойлор айтылган менен анын гносеологиялык, философиялык, көркөмдүк эстетикалык касиеттери жөнүндө окумуштуулар негизинен бирдей пикирге токтолушат. «Миф бул эмнеге, кандай жол менен деген сыяктуу суроолорго жооп берүүчү баяндоо, аңгеме (рассказ). Миф — адамдардын реалдуу кубулуштардын себептик байланыштарын таанып билүүсүнүн, өздөштүрүүсүнүн алгачкы берилиши, айтылышы» [93: 127].
«Мифология өзүнүн абсолюттук облигинде салтанаттуу кийимдеги универсум, өзүндөгү чыныгы универсум, ал өз алдынча чыгармачылыктын жашоо образы жана башаламандыктардын кереметтери толтура поэзиясы жана өзү үчүн поэзиянын стихиясы жана материалы. Ал (мифология) искусствонун чыгармалары өсүп чыга жана гүлдөй турган дүйнө, кыртыш десе да болот. Ушундай дүйнөнүн чектеринде гана айрым туруктуу түбөлүк түшүнүктөр жана образдар жаралат.» [171: 105].
Резюмелегенде, миф бул байыркы адамдардын айлана-чөйрөдөгү кубулуштарды түшүнүүгө жана түшүндүрүүгө болгон аракеттеринин алгачкы формасы. Мифологиядан мындан башка нерселерди издеп, айрым окумуштуулардай миф байыркы адамдардын этикалык нормативи, регулятору, а түгүл конституциясы болгон дегендей жыйынтыктарды чыгаруу туура эмес. «…Миф интеллектуалдык оюн же көркөм фантазиялардын элестөөлөрү эмес, байыркы жүрүм-турумдардын жана ишенимдердин практикалык жетектөөчүсү ” [170: 198].
Талаш жок, обьективдүү тарыхый шартка жараша байыркы адамдардын түшүнүктөрү өтө эле чектелүү болгон. Бирок ошондо деле байыркы адамдар күндөлүк турмушунда мифтердин жетекчилиги менен жашаган деп айтуу кыйын. Дагы бир окумуштуунун пикирине таянсак «… биз кандай экенин жетишерлик билбеген байыркы миф «искусствону» сүйгөнү үчүн эле ойдон чыгарылбаган, ал дүйнөдөгү өзү көргөн бириндеген нерселерди кандай жолдор менен болбосун бириктиргиси, байланыштыргысы келет… мифке өзүнчө тургандарды бир нерсеге бириктиргенден жана өзүнчөлөрдү ишенимдүү жана туруктуу сюжетке айландыргандан башка арга калбайт ” (70: 68].
Байыркы адамдар мифтердин чыгармачылыктын муктаждыгынан, ээ жаа бербеген фантазиянын түрткүсүнөн эмес, айлана-чөйрөдөгүлөрдү таанып билүүнүн, үйрөнүүнүн зарылчылыгынан келип чыккандыгын жакшы түшүнүшкөн. Миф менен сөздүн тагдыры, тарыхы бирдей. Анткени, алгач мифтер эхолалия түрүндө (тууроо, белимчилөө) пайда болсо, кийинчерээк миф-чакырык, миф-каргыш, миф-буйрук формаларына айланган. Коомдун өнүгүшү менен мифтердин суггестиялык мазмундары ритуалдык формаларга трансформацияланган. Ал эми андан кийинчерээктеги мезгилдерде диндин примитивдүү формасы, жаратылыштагы күчтөрдүн символдору катары милдеттерди аткарып келсе, жазма адабияттын өнүгүшү менен мифтердин көпчүлүгү жомокторго, уламыш, легендаларга, философиялык жана социалдык координаттарга айланып кеткен.
Биздин доордо мифтердин кайра жаралууга дуушар болуусунун сыры эмнеде?
Мифологиянын XX кылымдагы ренессансын дүйнөдө болуп жаткан обьективдүү тарыхый процесстердин тутумунан карап, ошого ылайык баа берүү керек. Мындай позициядан алганда мифологиянын ренессансынын төмөндөгүдөй обьективдүү себептери бар:
Биринчиден, эстетикалык кризистен улам искусстводо мифологияга кайрылуу күчөөдө. XX кылымда негизинен табиятты экстенсивдүү өздөштүрүү аяктап, өндүрүш интенсивдүү өнүгүүгө өтүп, илимпоздордун көңүлдөрү да нерселердин ички түзүлүштөрүн, мүмкүнчүлүктөрүн тереңирээк үйрөнүүгө бурулса, андай көрүнүш философия, адабиятка да мүнөздүү болуп саналат. XX кылымга карата салттуу адабият кайсыл жанрда болбосун өзүнүн классикалык үлгүлөрүнө ээ болуп, мыкты жазуучулар өз өнөрлөрүн техникалык, стилистикалык жактан эң жогорку деңгээлде өздөштүрүшү, китептерди басып чыгаруунун көлөмүнүн өсүшү менен адабиятта да массалык товардын комплекси, же кризистик көрүнүш пайда болуп, андай кырдаал көркөм ой жүгүртүүнүн бир формасы катары адабияттын өзүнүн өнүгүшү, көлөмдүү тарыхый, хроникалык турмуштук роман, повесттерден жадай баштаган окурмандардын көңүлдөрүн өзүнө буруш үчүн сүрөткерлерге да өз чыгармаларын интенсивдештирүүнүн, же жанрдык алкактардын чектеринде жаңыча боёкторду жана ыкмаларды колдонуунун зарылчылыктары жаралган.
XX кылымдагы ири жазуучулардын өз чыгармаларында инжилдик, мифологиялык сюжеттерге көбүрөөк кайрылууларынын негизги себеби ушунда.
Экинчиден, мифологиялык чыгармалар өздөрүнө тарыхый, философиялык координаттарды, маанилерди жана түбөлүктүү түшүнүктөрдү камтыган символдук сапатка ээ болгондуктары менен айырмаланышат. “ Миф-схема жана аллегория эмес, ал ар түрдүү символдор, схематикалык аллегориялык символдор кирген көп катмарлуу, татаал символ ” [163: 130].
Окумуштуу Е. М. Мелетинскийдин сөзү менен айтканда, символ ассоциативдүү ой жүгүртүүнүн паролу. Шарттуу паролду айтар менен жашыруун эшиктер, маанилүү сырлар ачылгандай бизде да тигил же бул мифтин атын угар, же окур замат философиялык, гносеологиялык, же моралдык баяндын ассоциациялары пайда болот. Мифологиялык образдар түбөлүктүүлүгү, образдуулугу менен айырмаланат. Маселен, тууган жердин касиети жөнүндөгү жүз сөздүү аргументтен Антейдин ысмы көбүрөөк таасир калтырса, өзүн өзү куру убаракерчиликтер менен кыйнаган адамдын абалын түшүнүү үчүн Сизифти атаса жетиштүү болот. Соддом менен Гоморра дегенде моралдык ыпластыктардын эң төмөнкү чегин түшүнөбүз, Сцилла менен Харибда дегенде эки чоң коркунучтун, же татаал дилемманын ортосунда калгандын абалы ассоциялашат ж. б. д.у.с.
Дагы бир себеби, адамдын субьективдүү жактары, биологиялык, психологиялык өзгөчөлүктөрү менен түшүндүрүлөт. Адам жаратылыштын сырларын канчалык терең үйрөнүп, канчалык илимий техникалык ачылыштарды жасабасын баары бир өзүнүн байыркы наристе кезин унута албайт. Адам канчалык эс тартып, социалдык макамы жогорулаган менен дайыма болбосо да кээде балалык кыялданууларсыз, жоруктарсыз жашай албагандай, анын коомдук аң сезиминин бир катмарында мифологияларга, адаттан тышкаркы окуяларды кечирүүгө болгон имманенттүү муктаждык дайыма жашайт. Ал конкреттүү адамдарга гана эмес, коомго да мүнөздүү болуп саналат. Же ар кандай коом өз мифтерин жаратат [172: 7]. А. Лосев мифти тиричиликке жана аң сезимге зарыл категория катары эсептеп, атүгүл «…наука всегда мифологична» [93: 532) деген жыйынтык чыгарган.
Төртүнчүдөн, «Менимче, бир куракка келгенде таза индивидуалдуу нерселерге, айрым конкреттүүүлөргө, бюргерликке, тактап айтканда, турмуштук жана күндөлүк көрүнүштөргө кызыгуунун азаюусунда кандайдыр бир мыйзам ченемдүүлүк бар. Анын ордуна түбөлүк кайталанма түбөлүк адамзаттык, убакытка баш ийбеген же ток этерин айтканда, биринчи планга мифологияга кызыгуу чыгат. Анткени, типтүүлүктө мифология дайыма үстөмдүк кылат, мындай маанидеги мифология; өзүн аңдап түшүнүп, өзүнүн алгачкы белгилерине ээ болууга умтулган жашоонун… байыртан калыптанган эң алгачкы формуласы, алгачкы образы, убакыттан сырткаркы схемасы» [98: 172].
Адамзаттын өнүгүшүнүн ар бир баскычында өзүнө мүнөздүү социалдык мифтер жаралган. Ф. Ницшенин сырттан адам (сверхчеловек) жөнүндөгү окуусу да жаңы мифти жаратууга болгон аракет. Акыркы убактарда болсо массалык маалымдоо каражаттарынын, өзгөчө киноискусствосунун жардамы менен коомдук аң сезимде супермен жана супер компьютер, НЛОлор жөнүндөгү мифтер бекемделүүдө.
Мындан адамзаттын тарыхый өнүгүшүнүн ар бир баскычынын, ар бир коомдун өзүнүн мифи болот деген жыйынтык чыгарса болот. «…ар кандай дүйнө таанымдын, дүйнөнүн ар кандай картинасынын негизинде мифологиялык катмар, тийиштүү миф бар» [163: 135]. Мифологиянын жогорудагыдай касиеттеринен улам өздөрүнүн чыгармаларын мүмкүн болушунча философиялык, эмоционалдык жактан чыйралтып, жалпы адамзатка түшүнүктүү паролдор, символдор менен сүйлөгүсү келген сүрөткерлер мифтерге өзгөчө басым жасашууда. «…мифтер маанилүү түшүнүктөрдү эсептелүү же ондон ашпаганга алып барып такап, бири-бирин туруктуу кайталай берет» [70: 69]. Бул жагынан алганда “ миф..түз соссюриандык эки категорияга- Iangueге жана paroIeге таандык: өткөн мезгилдин тарыхый баяндамасы катары ал диахроничен жана убакыттык жактан кайтарылгыс, ал эми учурдагыны (келечекти кошо) түшүндүрүүчү инструмент катары — синхрондуу жана убакыттык жактан кайтарылуучу» [105: 140].
Менимче, Г. Маркес келечектин адабиятын таблеткага салыштырганда көркөм чыгармалар мифтердикиндей касиеттерге ээ болсо деген оюн айткан. Ар сүйлөм болбосо да ар эпизод өзүнүн стилистикалык, синтаксистик түзүлүшү, эмоционалдык, философиялык жактан чыңалуусу боюнча мифтик паролдорду, символдорду эске салып, окурмандардын ойлорунда бүгүнкү менен тарыхтагы маанилүү нерселерди ассоциялаштырып, эртеңкинин маанилүү проблемаларынын айрым жактарын да чагылдырып турса, андай чыгармалар кандай мезгилде болбосун коомдон өз ордун, өз окурмандарын таппай койбойт.
Көркөм ой жүгүртүүнүн бардык формаларындай эле элдик оозеки чыгармалардын түрлөрүнүн да обьективдүү тарыхый жактан, көбүнчө потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрүнө жараша чектелгендиктери менен бирге тигил, же бул маселени ачып берүүдө, идеяны интерпретациялоодо артыкчылык жактары болот.
Уламыштарда, легендаларда элдин, жердин тарыхы кененирээк констатацияланса, анын философиясы, этикалык нормативдик мурастары негизинен санат-насыяттарга, макал лакаптарга топтолгон. Эпикалык чыгармаларда элдин турмушу, социалдык утопиясы жана фантазиясы, маданияты, этнографиясы күчтүү чагылдырылса, эмгек жана каада салт ырларынан элдин тарыхый, экономикалык өнүгүүсүнүн өзгөчөлүктөрү айкын көрүнүп турат.
Элдик оозеки чыгармалардын булардан башка түрлөрүнүн да руханий чөйрөдөгү функцияларына жараша өздөрүнүн артыкчылыктары жана чектелгендиктери бар. Маселен, белгилүү фольклорчу, окумуштуу В. Я. Пропптун пикирине ылайык, сыйкырдуу жомокторго 150дөй спецификалык элементтер мүнөздүү болсо, алар коомдо туптуура 31 функцияны аткарууга пайдаланылат [133—154].
Элдик оозеки чыгармалардын коомдогу функциялары да ар кандай. Эпикалык чыгармалардыкы сыйкырдуу жомоктордукунан алда канча көп болсо, сүйүү, күйүү ырларыныкы, арман, кошоктордуку өтө чектелүү. Коомдун өнүгүүсүнүн алгачкы баскычтарында баатырдык эпостор чыңырган чындык катары кабылданып, мобилизациялоочу, патриоттук тарбия берүүчү милдеттерди аткарып, дидактикалык чыгармалардын да моралдык авторитеттери жогору болуп келсе, азыр алар окумуштуулар түгүл, көпчүлүк жөнөкөй адамдар деле сын көз менен караган, белгилүү өлчөмдө эстетикалык, тарыхый баалуулуктары бар адабий эстеликтердин милдеттерин аткарып калышты.
Элдик оозеки чыгармалардын эң байыркы түрү, коомдук аң-сезимдин алгачкы формасы катары мифтердин коомдо аткарган функциялары да эволюциялык өзгөрүүлөргө учуроодо. Алгач жаралганда мифтер айлананы таанып билүүнүн, кийинчерээк кудайлар жөнүндө окуунун, теогониянын каражаты болсо, коомдун өнүгүшү менен жомокторго, шарттуу паролдорго айланып кетти. Ал эми адам менен жаратылыштын ортосундагы карама каршылык күчөгөн азыркы техногендүү мезгилде мифтердин конституциялык элементтеринде экологиялык функция басымдуулук кылып баратат.
Бул жерде көрүнүктүү немец философу, мифология боюнча чоң авторитеттердин бири Эрнест Кассирэрдин пикирин келтире кетсек ашыкча болбойт. «Алгачкы адамдын жаратылышка көз карашгы теоретикалык, практикалык да эмес, боордоштукка жакын, ал жаратылыштын иерархиясында өзүн уникалдуу жана артыкчылыктуу орунда деп эсептебейт. Жашоонун баардык форомаларын бир туугандардай кабылдоо -мифологиялык ой жүгүртүүнүн жалпы негизи болуп саналат» [71: 108].
Адабий өңүттө мифтер 8—9 категорияга бөлүнөт. Бирок, философиялык жактан андай майдалоо максатка ылайык келбейт. Биздин оюбузча, философиялык жактан Ф. Шеллингдин классификациясы эң эле оптималдуу болуп саналат.
Дүйнөлүк философиядагы мифологияга карата көз караштарды анализдеп келип, Ф. Шеллинг мифтерди төмөндөгүдөй үч категорияга бөлгөн: 1) Евгемердик мазмундагы мифтер. Этиологиялык десе да болот, жаратылыштык, маданий, социалдык нерселердин пайда болуу себептерин түшүндүрөт. 2) Моралдык мазмундагы мифтерде кудайлар, жаратылыштык жана башка көрүнүштөр моралдык, нравалык түшүнүктөрдүн символдору катары пайдаланылат. 3) Физикалык мазмундагы (метафизикалык десе да болот) мифтерде кубулуштардын, нерселердин физикалык касиеттерине негизги басым жасалат [170: 164].
Философиянын тарыхына кайрылсак, стоиктер мифологияга карата евгемердик позицияда турушса, неоплатониктер физикалык көз карашты жактаган. Ал эми эпикурчулар мифологиялык сюжеттерди, каармандарды тарыхка салыштырышып, андан аналогия издешкени менен айырмаланышкан. Биз мында мифологияга карата көз караштарды тереңдетип анализдеп, аларды тастыктап, чечмелеп кирүүдөн алыспыз. Бирок, мейли адабиятта, же философияда болсун, айтор мифтер канча категорияга классификацияланбасын дүйнөлүк мифологияда евгемердик-этиологиялык сюжеттер басымдуулук кылат. Андай көрүнүш кыргыз мифтерине да мүнөздүү. Алсак, «Тоотай мерген жана үч аркар, «Үркөрдүн кызы үлпүлдөк сулуу», «Ак сары ат, көк сары ат», «Жети каракчы» ж.б.д.у.с. элге кеңири белгилүү мифтерде айрым жаныбарлардын, космостогу, айлана-чөйрөдөгү физикалык нерселердин жаралуу, пайда болуу тарыхтары баяндалат. Ч. Айтматовдун «Ак кеме» повестиндеги негизги сюжеттик линияны түзгөн Бугу эне жөнүндөгү тотемдик миф да мында ушулардын катарына кирет.
Мифте түндүк кыргыздардын эң чоң урууларынын бири Бугу уруусундагылардын генеологиясы баяндалат. Бугу эне жөнүндөгү миф «Кожожаш» эпосундагы Сур эчкидей, Карагул ботомдой элге кеңири белгилүү баяндардан.
Минтип уруунун, же этностун генеологиясын айбанаттар менен байланыштыруу кылымдар боюнча малчылык менен жан сактап келген биздей көчмөндөр түгүл, миң жылдар мурда отурукташкан, цивилизациялуу элдерге да мүнөздүү болуп саналат. Байыркы Римдин Ромул жана Рем жөнүндөгү легендасында Рим шаарын карышкыр багып өстүргөн эки бир тууган негиздегени айтылса [87: 528), байыркы түрктөр да өздөрүнүн тегин карышкырдан чыккан дешет [33: 53]. Буряттарда буканы, монголдордо төө жана итти, Якутияда ак кууну жана казды, карганы жана бүркүттү өздөрүнүн теги катары эсептешкен уруулар бар [33: 53].
Ч. Айтматов өзүнүн «Ак кеме» повестинде мүйүздүү Бугу эне жөнүндөгү евгемердик-тотемисттик мифтин негизинде бир катар моралдык, нравалык маселелер менен бирге учурдун экологиялык проблемаларын да терең ачып берген.
Кандай руханий көрүнүш болбосун аны ошол учурдагы саясий социалдык жана маданий процесстердин тутумунан алып карамайынча анын социалдык маанисин, көп кырдуу коомдук турмуштагы ордун жана ага тийгизген таасирин жетиштүү аңдап түшүнүүгө мүмкүн эмес. Ч. Айтматовдун «Ак кеме» повестинин көркөмдүк, эстетикалык өзгөчөлүктөрүн, анда көтөрүлгөн экологиялык маселелерди да ошол учурдагы адабий, философиялык процесстердин тутумунан кароо керек. Повесть жазылган жана жарык көргөн мезгилде адабиятта, философияда кандай тенденциялар үстөмдүк кылган?
Философия жана адабият жөнүндө сөз козголгондо, албетте, тарыхчылардай, же физиктердей арифметикалык тактыкты камсыз кылуу кыйын. Адам рухунун бир формасы катары адабият да философиядай эле линия түрүндө эмес, спиралдык формада өнүгөт. Чыныгы адабиятты агымдарга бөлүү көп жагынан салыштырмалуу, шарттуу. Бирок, ошондой болсо да «Ак кеме» жаралган мезгилде коомдо, адабиятта жаратылышка карата эстетикалык-ностальгиялык мамиле аяктап, жаңыча экологиялык аң-сезим, мамилелер үстөмдүк кыла баштаган. Ч. Айтматовдун курбалдаш калемгерлери өздөрүнүн алгачкы чыгармаларында [маселен С. Крутилин «Липяги», В. Солоухин «Капля росы», «Владимирские проселки», Ю. Казаков «Голубое и зеленое», Е. Носов «На рыбачей тропе», С. Залыгин «Тропы Алтая», Г. Матевосян «Оранжевый табун», «Буйволица», В. Лихоносов «Осень в Тамани» ж.б.) жаратылышты негизинен эстетикалык планда кабылдашып, бала чактагы, өспүрүм мезгилдеги эстен кеткис нерселерге күбө болгон талдарга, жан-жаныбарларга, жапжашыл шалбаалардын арасынан сызылган сууларга, жалпы эле жаратылыш байлыктарына карата ностальгиялык сезимдерин билдирип, бала кезден жүрөккө жакын жерлердин жылдан жылга деградацияга учурап бараткандыгын жандары кейүү менен көрсөтүшсө, ошол эле жазуучулар жана алардын жакшы маанидеги эпигондору 1960-1970- жылдардан тартып жаратылышты, өзгөчө анын реликтилик оазистерин антропогендүү кийлигишүүлөрдөн сактоо маселелерин көркөм чыгармаларында, өзгөчө публицистикада кабыргасынан кое башташкан. Анын далили катары С. Залыгиндин 1962-1963-жылдарда төмөнкү Обь ГЭСинин курулушуна каршы «Литературная газетада» жарыяланган макалаларын, «Комиссия» деген романын, О. Гончардын «Тронка», В. Астафьевдин «Царь-рыба», Г. Троепольскийдин «Белый Бим черное ухо» роман, повесттерин, Ф. Абрамов, В. Фоменко, Вас. Песков, Вл. Чивилихин, Д. Гранин сыяктуу ж.б. авторлордун көркөм чыгармаларын, публицистикаларын көрсөтүүгө болот.
XX кылымдын экинчи жарымы дүйнөлүк адабиятта Латын Америкасындагы азыркы Кыргызстандай эле мамлекеттүүлүктөрү жаңыдан калыптанып жаткан өлкөлөрдүн адабияттарынын чыныгы кайра жаралууну баштан өткөргөнү менен өзгөчөлөнөт. М. Астуриастын, А. Карпентьердин, Х. Борхестин, Х. Кортасардын, Г. Маркестин, К. Буэнтестин дүйнөлүк резонанска ээ болгон чыгармаларынын тематикаларын негизинен адам менен жаратылыштын ортосундагы мамилелер, адамдын экологиясы жөнүндөгү маселелер түзөт. Жаралуу мезгили, тематикасынын үндөштүгү көркөм боёкторунун окшоштугу боюнча Ч. Айтматовдун «Ак кемесине» Колумбиянын дүйнөгө белгилүү жазуучусу Г. Маркестин «Жалгыздыктын жүз жылы» романы жакын турат.«Ак кемеде» экологиялык императивдин үстөмдүк кылуусун, биринчиден, жогорудагыдай обьективдүү себептер, социалдык, философиялык зарылдык менен түшүндүрүүгө болот.
Экинчиден, повестке мифологиялык сюжет лейтмотив болуп, элдик философиянын таасиринин ачык сезилип туруусунун, автордун кийинки чыгармачылыгында андай көрүнүштүн бекем орношунун да жалпы коомдун өнүгүүсүнө, адабий процесске таандык обьективдүү, субьективдүү мыйзам ченемдүүлүктөрү бар.
Мезгил-мезгилинде чыгармачылык кризисти баштан кечирип туруу ар бир сүрөткерге мүнөздүү көрүнүш.«Гүлсараттан» кийин Ч. Айтматов да чыгармачылык кризиске киргенин, же Толгонай, Жамийла, Танабайдын комплекстеринен бошонбосо өзүн-өзү кайталап, мурдагы дүйнөгө белгилүү чыгармаларынын жаңы варианттарын жарата баштай турганын ачык эле сезген. Андай чечүүчү мезгил жөнүндө автор өзү мындай дейт: «Азыр ойлосом, мени ага ал убакта адам чыдагыс туңгуюкка барып такалганым, өзүмдү толкундаткан, кыйнаган, талап кылган ойлорду, сезимдерди көндүм ыкмаларда ишке ашыра албай калганым түрткү берген экен. Аларды жазбасам, андан ары жашай алмак эмесмин» [80: 25].
Жазуучу жаштык мезгилиндеги өзгөчө таасирлерин негизинен көркөм формаларда чечмелеп, чогуу өскөн, бирге чоңойгон айылдаштарынын алдындагы моралдык карызынын бир бөлүгүнөн кутулуп, чыгармачылыгынын киндик каны тамган жерге байланышкан этабын аяктап, философиялык, мейкиндик жана тематикалык жактан жаңы дыңды өздөштүрүүнү, жаңы бийиктикти багындырууну максат кылып койгондо мифологиялык сюжетке кайрылган.
Повесттин сюжеттик өзөгүн, лейтмотивин түзгөн — Бугу эне жөнүндөгү тотемдик миф. Повесттин композициялык түзүлүшү, сюжеттик өнүгүшү да, стилистикасы да Бугу эне жөнүндөгү мифтин мазмунун жаңы шартка ылайык тереңирээк ачып берүүгө багындырылган. Окуя өнүгө турган мейкиндикти мүмкүн болушунча мифтик маанайга жакындатуу үчүн автор тегеректери бийик тоолорго курчалып, цивилдүү дүйнөдөн четте жайгашкан, анын чоң дүйнө менен байланышы биротоло үзүлбөгөндүгүн анда-санда кайрыла калган автодүкөн гана ырастап турган кордонду тандаган. Бул жагынан кордон Г. Маркестин «Жалгыздыктын жүз жылы» романындагы Макондо кыштагына окшош.
«Көп жылдар өтөт, кийин полковник Аурелиано Буэндиа дубалдын түбүндө өлүм жазасын күтүп туруп, тээ качанкы атасы музду көрсөтүүгө алып барган кечти эстейт» [101: 11) деген мааниси алысты чарпыган, чыңалган фраза менен башталат Г. Маркестин романы. Биз жер шарынын бир четиндеги тегереги суу, тропикалык токойлор менен курчалган Макондо аттуу чакан кыштактын эли менен таанышабыз. Цивилдүү дүйнөдөн океан, чытырман токойлор аркылуу ажыратылган Макондонун бир ууч эли илимдин сырларын үйрөнсөм, дүйнөнү таанып билсем дегенде ак эткенден так этип, примитивдүү тажрыйбаларын уланткан өздөрүнүн патриархы Хосе Аркадио Буэндиа менен биргеликте, жаратылыш менен толук гармонияда, бейкапар тиричиликтерин өткөрүп жатышкан. Миңдеген чакырым алыстыктагы цивилизация менен Макондолуктарды жыл сайын чуру-чуу түшүп келип, кыштактын четине чатырларын жайган цыгандар тааныштырчу.
Ч. Айтматовдун «Ак кемесинин» башталышынан да алгач ушундай эле метафизикалык-идиллиялык көрүнүшкө дуушар болобуз. Туш тарабы бийик тоолор, карагайлуу токойлор, суулар менен курчалып, чоң дүйнөдөн алыстагы кордондогу Бала чоң атасы менен Макондолук Хосе Аркадио Буэндиадай эле мифологиялык дүйнөдө жашап жаткан. Бала үчүн таш да, чөптөр да, суу да жандуудай сезилсе, анын чоң атасы Момун чыккан күн кайра бата турганына кандай ишенсе, уруулаштарынын бардыгы Мүйүздүү Бугу Энеден тараганына, ошондуктан бугу уруусундагылар үчүн бугудан ыйык нерсе жоктугуна ошондой ишенет. Мүйүздүү Бугу Эне, андан таралгандар жөнүндө эртели кеч кайталай берип, бугунун ыйыктыгына баланы да ишендирип бүтөт.
Улуу гуманист, өмүрүнүн сезилээрлик бөлүгүн Габондогу аборигендердин арасында өткөргөн А. Швейцер примитивдүү адамдардын жаратылышка да, башка көп нерселерге карата да мамилеси этикалык жактан рационалдуу боло турганын көрсөткөн. Абориген үчүн Фрезердин изилдөөсүндө ырасталгандай, жандуу айбанаттар түгүл, айрым дарактар, суулар, көрүнүштөр да социалдык, этикалык статустарга ээ. Алар жандууларды гана эмес, жаратылыштын башка көрүнүштөрүн да негизсиз зыянга учураткандан инстинктивдүү түрдө чочулашат. Айрым жандууларга, жаратылыштын көрүнүштөрүнө кол тийгизгенге даашпайт.
Аборигендердин мындай түшүнүгүндө диндик башталышка караганда рационалдуу өзүн сактоо инстинкти көбүрөөк. Динге ишенгендердин арасында моралды, мыйзамды мындай кой, диндин канондорун, талаптарын кадам сайын бузгандар аз кездешпейт. Ал эми аборигендердин өлүм коркунучу алдында да өздөрүнүн табуларын бузушу, тотемдик, фетиштик ишенимдеринин чектеринен чыгуусу кыйын.
Повесттеги Бала гуманист А. Швейцер «дитя природы» деп эсептеген аборигендерге жакын. Айырмасы, А. Швейцер «дитя природы» дегенди аборигендерге карата өтмө мааниде колдонсо, повесттеги бала сөздүн түз маанисинде жаратылыштын «дитясы». Ал жашы боюнча да, айлана чөйрөнү кабылдоосу боюнча да адамзаттын ууз кезин, алгачкы пралогикалык сезим, түшүнүктөрүн эске салып турат.
Байыркы адамдардын айлана-чөйрөгө карата мамилелери статикалык аналитикалык эмес, синтетикалык мүнөздө болгон.
Р. Киплингдин Мауглиси өзүн айбанаттардын арасында кандай эркин сезсе, техногендүү цивилизациядан четте калган кордондогу Бала да жаратылыш менен ошондой гармонияда. Балада өзүн курчап турган нерселерге пайдалуу, пайдасыз, жандуу, жансыз дегендей рационалдаштырылган түшүнүк жок. Бала үчүн бугу да, чөп да, таш да, суу да бирдей. Анда жаратылышка карата күн-түн, жарык-караңгы дегендей эки түрдүү антитезалык түшүнүк гана бар.
Кыргыз уругун тукум курут болуудан сактап калганы үчүн балага Мүйүздүү Бугу Эне ыйык. Ойногонго ыңгайлуу таштар-жакшы, ыңгайлуу эместери- «митаам», «куу каптал», «макоо».
Өсүмдүктөрдүн арасында да жакшы көргөндөрү, жактырбагандары, аягандары бар. Бирок, Балада жаратылышка карата антитезалык түшүнүк болгон менен антагонисттик көз караш, мамиле жок. Жандуу организм примитивдүү кабылдоолор аркылуу ысык, суукту, жытты, дабышты айырмалагандай эле Бала да айлана-чөйрөдөгүлөрдү сырткы көрүнүштөрүнө, сапаттарына жараша констатациялап, өз сезимин билдирет. Анын кабылдоосу- симпатиялуу, өнөктөштүк. Абстракциялуу жалпылоочу деңгээлде ой жүгүртпөгөн менен Бала жаратылышта баардыгынын өз орду бардыгын, өзү болсо ошолордун бири экенин жакшы түшүнөт.
«Жайынча баратса ар демеге бир токтоп, чөп болсо сыдырып, таш болсо сылап, сүйлөшүп өтмөк. Азыр ал достору таарынат бекен деп ойлободу». Машине — дүкөн келатат. Сага анан келем — деп өттү чөгүп жаткан «Төө ташка». Жонун эңилчек басып, белчесинен жерге батып, чөккөн төөгө окшош ташты Төө таш деп атап алган бала. Башка учурда анын өркөчүнөн таптап койбой кыя өтпөйт. Таптаганда да таятасы чолок куйрук чобурун «азыр келем, күтө тур» дегенсип таптаганын көргөн, ошентип таптайт.
Баланын ат койбогон ташы жок. Дагы бир корум «Ээр-Таш» деп аталат. Жерден чыккан көөдөнү буурул, жону кара, кайкы бел корумду «Ээр-Таш» дейт. Дагы бир «Кашабаң» деген ташы бар, куду көк жал бөрү кейиптенип көк-сур, жалп түптүү, жар кабак. «Кашабаңга» бала ар качан өңүп келип, мылтыгын мээлейт да, «тарс» атып жиберип, анан учурашат. Баарынан ынакташы «Таңке Таш». …Дагы башка тааныш таштар көп: бири «жаман», бири «жакшы, а түгүл «митаам», «куу каптал», «макоолору» да бар.
«Бала чөптөрдү да кыял мүнөзүнө жараша бөлүштүрүп алган, „жакшы көргөнү“ бар, „жаман көргөнү“, а түгүл ачуулуусу да жок эмес» [10: 7].
«Балага калганда шыраалжындын дагы бир артыкча досчулугу бар: бирөөдөн кагуу жеп таарынганда, же кусалык көкүрөгүнө толгондо эч кимге көрүнбөй, ыйлагысы келип, шыраалжындын арасына житип кетет» [10: 6—7].
Бала жаратылыштагылар гана эмес, ити Балтек, таятасы сатып берген китеп кап, дүрбү менен да өнөктөш мамиледе. Алар менен сырдашат, кээде арыз муңун айтат. Муну менен автор биринчиден, баланын мифологиялык кабылдоосун, мамилесин тереңирээк ачып берүүнү, экинчиден анын ички дүйнөсүнүн гармониялуулугун, айлана-чөйрөгө карата симпатиялуулугун көрсөтүүнү максат кылган.
Бала жаратылыш менен болгон мамилеси жагынан «Жалгыздыктын жүз жылындагы» Ремедиос сулууга окшош. Ал баладай бир идеал, миф менен жашабаган менен алгачкы адамдардай, же аборигендердей цивилдүү коомдун априордук, инсанды моралдык, психологиялык жактан чектеген шарттуулуктарын четке кагып, кудум ак куудай, же эликтей эркин жүргүсү келет. Бала коомдун айрым шарттуу талаптарын кабыл алган менен өзүнүн пралогикалык идеалынан баш тарткысы келбейт. Экөөсү мезгилдик жактан бир жерде жашап калышса, мүмкүн Адам менен Еваны эске салышмак. Экөөсүнүн тагдырлары да окшош. Ремедиосту куюн ак шейшепке ороп асманга учуруп кетсе, Бала балык болуп көлдү көздөй сүзүп кетет.
Окууга, айлана-чөйрөнү таанып билүүгө ынтызарлыгы жагынан Бала патриарх Хосе Аркадио Буэндианы эске салып турат.
Дүйнөлүк адабияттан дагы аналогия издесек экөөсү кадимки Фаусттун ипостасынын тагандарындай көрүнөт. Хосе Аркадио Буэндиа үй бүлөсүн унутуп, цыгандар үйрөткөн примитивдүү эксперименттер аркылуу жаратылыштын, дүйнөнүн сырларын ачуунун аракетинде болсо, Баланын да айлана чөйрөнү таанып билсем, окуу дегенде эки көзү төрт. Айырмасы: Хосе Аркадио Буэндиа эксперименттер, илим аркылуу алтын, философиялык таш жасап, кудайдын бейнесин сүрөткө түшүрүп, алардын жардамы менен дүйнөнү өзгөртүүгө боло турганына бекем ишенимде болсо, Бала балыкка айланып Ак кемеге сүзүп кеткиси келет. Бала үчүн Ак кеме илим-билимдин, цивилдүү дүйнөнүн, моралдык, нравалык жактан жаңыланып, рухтук толуп ташуунун символу.
Хосе Аркадио Буэндиа энергиясы ашып ташкан, бир мүнөт аракетсиз тура албаган, дайыма алды жакка, чоң дүйнө менен байланыш жасоого умтулган активдүү романтик. Бала таятасы Момун экөөсү өткөндөгү менен жашап, келечекке, эртеңкиге өткөндүн сын-ченемдери менен карагандардан. Мында Бала жөнүндө бир нерсе дешке болбойт. Ал символикалык милдетти гана аткарат. Бирок, Момунду кыргыз этносунун типтүү өкүлдөрүнөн десек болот. Анткени, элибиздин менталитетинде эртеңкини, келечекти проекциялоого караганда өткөндөргө көбүрөөк кылчактоо, жаштарга караганда улгайгандарга көбүрөөк таянуу үстөмдүк кылат. Э. Фроммдун көз карашы боюнча, биз санжыраны, уруулардын таржымалдарын талыкпай иликтегендей өткөндөгүлөргө ашкере кызыгууда, аксакал, карыларды ашыкча идеалдаштырып жиберүүдө сезилерлик өлчөмдө некрофилдиктин элементтери да бар [159:103]. Г. Маркестин романы менен Ч. Айтматовдун повестине кайрылсак, эки чыгармадагы ар бир абзац параллель жүргүзүп, тереңирээк изилдөөнү, окшоштуктарды, үндөштүктөрдү тереңирээк ачып берүүнү талап кылып турат. Бирок, мындан «Жалгыздыктын жүз жылы» менен «Ак кеме» коендой окшош деген жыйынтык келип чыкпайт. Экологиялык, адамдын экологиясы жөнүндөгү маселелери боюнча окшошкон менен масштабы жагынан эки чыгарманы салыштырууга болбойт. «Ак кеме» притча болсо, Г. Маркестин романы көп бутактуу, көп проблемалуу Американын улуу дарыяларындай стихиядагы кеңирсиген эпос.
Бала повестте негизинен экологиялык идеянын катализатору, экологиялык нормативдик көз караштардын барометри катары милдетти аткарат. Бала — адамзаттын Гесиод, Овидий «Алтын кылым» деп атаган алгачкы мезгилиндеги экологиялык мамилелеринин символу. Суунун тазалыгынын эталонун аныктоодо мөңгү суусу эталон болгондой Г. Маркес адамзаттын табийгый гармониялуу абалын, тазалыгын аныктоодо Ремедиос сулууну үлгү кылып алса, Ч. Айтматов азыркы экологиялык мамилелерди адамзаттын ууз кезиндеги мамилелерге салыштырып, андан жыйынтык чыгаруу үчүн метафизикалык чөйрөдө, мифологиялык дүйнөдө жашаган, эмпирикалык тажрыйбасы жок Баланын образын тандап алган. Анын аты жок, атасы белгисиз. Бул анын жалпыланган образ-символ, образ-координат экенин ырастайт.
Бала, Момун чал аркылуу экологиялык гармониялуу мамилелерди, экологиялык гуманизмдин жетишкендиктеринин эталондук бир формасы көрсөтүлүп, ал азыркы учурдагы ашкере керектөөчүлүк позициядагы, ыплас антропоцентристтик этиканы тутунган, кордондун кожоюну Орозкулга жана анын бөтөлкөлөш досторуна салыштырылган.
Бала менен Момун чал Бугу эне жөнүндөгү миф, жаратылыш адамдын боорукер энеси деген идея менен жашашса, Орозкулдун жан дүйнөсүн кыймылдаткан идея–бийлик, мансап, жеңил оокат. Табийгаттын кооз бурчунда, өзүнүн жакындарынын арасында жашаган менен ал үчүн карагайлар бекер оокаттын каражаты, эптеп маяна алып туруунун шылтоосу. Мүйүздүү Бугу Эне жөнүндөгү баян алжыган чалдын жомогу. Согончогу канабаган аялы Бекей — аяганга да, көңүл бурганга да татыксыз, мас болгондо жүндөй сабап, кереги тийген учурда бери тартып, ачуусу келгенде ары ыргытып тура турган талпак сыяктуу нерсе. Бекейдин төрөбөгөнүнө өзүм күнөөлүү эмесминби дегендей шектенүү анын оюна да келбейт. Орозкул өзүнөн өзү шектенүүдөн, башкаларды аёодон сырткары жаралган. Кайын атасы Момун -бөк десе бөкчү, чөк десе чөкчү айный баштаган апенди чал. Момундун Бугу Эне жөнүндөгү баяндары кээде Орозкулдун күлкүсүн келтирсе, көпчүлүк учурда аны кыжырлантат. Макулуктай неменин башкача ой жүгүртүп, бийлик, мансаптан башка нерсеге ишенип, ошону тутунуп жүргөнүнө чыдагысы келбейт. Анын жан дүйнөсүн илдеттей ээлеп алып, жадатпас идеяга айланган нерсе — бул бийлик, мансап, оңой оокат. Бийлик, мансап шаардагы жеңил турмуш жөнүндө эңсей берип, аларды өзүнчө мифке айландырып алган.
«…Шаар ошонусу менен шаар да… Аерде чоңдор иштейт, машине менен зуулдап көчөдөн чоңдор өтүп турат. Машинелеричи! Капкара болуп күнгө жылтылдап, үнү угулбай жаныңдан жыбылжып өтүп баратса, дене боюң дүр этип, зыңкыя катып тура калгың келет. Шаардын эли аны да байкабайт, өз бет алдынча уйгу-туйгу шашып баратканы. Жашоо деп мына ошол шаардагы жашоону айт!…Шаарга барсам кана… Эгер шаардан жылуу орун колго тийгендей болсо куйрукту шарт түйүп, тоо-токоюң менен жерге кир, катып саткан карагайың менен, куу жатын катының менен жерге кир, алжыган чал, асыранды балаң менен жерге кир деп басып кете бербес белем! „Орозкул Балажанович, кирүүгө можна?“ — дегизип жалдыратат элем го далайды, түпкүчтөй түйүлтөт элем го кээ бир ак жүрөктөрдү. Ошерден бир шаардык катын албайт белем».
…Менменсиген далайга көрсөтөт элем көргүлүктү, Орозкул «бакаң мына деп, таанытат элем, атаңдын көрү!»»…Мобу таандардыкы өттү, энеңди… Эмне эле дөбөдөн кетпей чуулдап калган? Пулемёт болсочу азыр…» [10: 59—60]. «Баарыбыз тең мүйүздүү Бугу эненин балдарыбыз. Тирүү болсок бир дөбөдө, өлсөк бир чуңкурда бололу!» — деп коюшат экен. Былжыраган оокатыңды урайын, сокур тыйын үчүн биринин канын бири ичип, же камакка тыга салуудан кайра тартпай турушса, кайдагы кудайым тааныбаган бугуну кеп кылышат! Илгери эл ишенчү экен бугунун жомогуна… Баланын жомогуна азыр ким муктаж!» [10: 62].
Мындан көрүнүп тургандай Орозкул эгоисттик антропоцентристтик багыттагы көп мифтердин биринин жаратуучусу. Көп мифтер дегенибиз, азыркы учурда Орозкулдай адамдардын жандарына тынчтпай, айрым учурларда акылдарынан ажыратууга чейин жеткирген бийлик менен байлыктан башка социалдык көрүнүштөр аз эмес. Алар-секс, спорттук жеңиш, супермен, байлык, саясий атаандаштык деген сыяктуу жана башка көрүнүштөр.
Баланын этикалык идеалы жаратылыш менен жуурулушуп, анын органикалык бөлүкчөсүнө айланып кетүү болсо, Орозкулдун идеалы, этикалык ченеми бийликке, мансапка жетишип, жаратылышка да, адамдарга да үстөмдүк кылуу. Болгондо да анын атын укканда ыйлаган бала сооронуп, адамдар үч бүктөлө таазим кылышып, «Балажанович, мүмкүнбү, уруксатпы» деп турушса. Андан бер жагын Орозкул жашоо деп деле эсептебейт.
Мындай мифологиялаштырылган эки көз философиянын, этикалык эки идеянын кичине кордондо түгүл, андан чоң чөйрөдө деле катарлаш жашоосу кыйын болмок. Эки идеал, антагонисттик эки көз караш эртели кеч атмосферадагы эки циклондой кагылышмак.
Кордонго кокустан адашып келип калган бугулардын Орозкул жана анын шакирттери эрксиз, коркок Момун тарабынан өлтүрүлүшү физикалык жактан болбосо да моралдык жактан мына ошол кагылышууну жаратат.
Идеалын балталап, талкалап жаткан Орозкулга каршы Баланын кол көтөрүүгө да, сөз кайтарууга да мүмкүнчүлүгү жок эле. Реалдуу турмуштук позициядан алганда деле, көркөмдүк эстетикалык пландан деле Баланын өзүнүн элдешкис позициясын, каршылыгын билдире турган бир гана жол бар болчу. Ал- Орозкулдарды, ага кыңк этпей кызмат кылып, өзүнүн идеалына каршы ок аткан таятасы Момунду таштап кетүү эле. Жүрөктөрүнө кетпес дак орноп, айланасындагыларга чыдоого болбой калганда өспүрүмдөрдүн антип үйлөрүнөн, же ар кимдерден качууга аракеттенүүсү күндөлүк турмушта сейрек кездешпейт.
Жакындарынан, адамдардан биротоло көңүлү калган Бала балыкка айланып сүзүп кетет, же эңсеген идеалына жетет. Бала үчүн дүйнөнүн жарыкчылыгынан караңгы көлөкөсүнө өтүүдө чоочуткудай, коркуткудай эч нерсе жок. Жаратылыштын табийгый мыйзам ченемдүүлүктөрүнөн, пралогикалык жана эстетикалык көз караштардан алганда Баланын балыкка айланып кетүүсүндө, же криминалисттердин тилдери менен айтканда, трагедияга учуроосунда адаттан тышкаркы эч нерсе жок. Кудай бергенди кудай алат. Жаратылыштын түпкүрүнөн бир формада жарыктыкка келген нерсе өзүнүн дагы бир формасына айлануу үчүн жаратылыштын койнуна кетти. Идеалы талкалангандан кийин Баланын жашоосунун маани-мазмуну калбай калды. Бала айлана-чөйрөгө карата мамилеси менен гана эмес, акыркы жоругу аркылуу да А. Швейцер айткан «дитя природы» экенин ырастады. Жакындарынын арасынан жан дүйнөсүнө ишенимдүү сүйөк таппай, руху кургакта калган чабактай тыбырчылаган Бала балыкка айланып, энесине умтулган наристедей өрөпкүп, жан дүйнөсү жай алып, Ысык-Көлдүн тереңине сүзүп кетти. А Орозкулчу?
Кордондогулардын баардыгына үстөмдүк орнотуп, Бала менен Момунду акыркы таянычтарынан ажыраткан менен Орозкулдун идеалында, этикалык императивинде эч кандай жылыш болгон жок. Бөтөлкөлөштөрү менен бугуну атып жеп алгандан анын бийлигине да, мансабына да эч нерсе кошулбайт. Бийлик, мансап дегенде жан дүйнөсү удургуган Орозкул ызырынган бойдон калды. Этке, аракка убактылуу көңүлү жайланган менен соолукканда Орозкулдун жан дүйнөсү кайрадан түтөп чыгаары бышык.
«Ак кемедеги» негизги философиялык, этикалык жыйынтык да, трагедия да ушунда. Автор повесттеги акыркы эпизод менен «ашкере керектөөчү псхологиядагы хомо сапиенстер жаратылыш байлыктарын талкалап, жеп жок кылышууда, мындай учурда Бала менен Момун чалдай медитациялык позицияда турууга болбойт. Орозкулдар күнүмдүктөрү үчүн жаратылыш түгүл, аталарын, энелерин да аяшпайт» деген ойду айткан.
Мезгилдик, мейкиндик жактан адамзаттын өнүгүшүнүн ар кайсыл этаптарына таандык мифтерди параллелдештирип, магнит талаасындай ортосунан философиялык, этикалык «от» чыгарып окурмандарды мифологиялык стихияга түртө салуу Г. Маркестен сырткары Латын Америкасынын дагы бир чоң сүрөткери М. Астуриаска да мүнөздүү. Бул жагынан Ч. Айтматовдун «Ак кемеси» М. Астуриастын «Сеньор Президент» романы менен да үндөшөт.
«Сеньор Президент» романында майя-кичелик индээцтердин «Пополь Вух» эпосундагы мифология менен XX кылымдын фюрер, каудильорлорунун арийлик раса, тарыхый улуттук миссия ж. б. у.с. мифтери карама каршы коюлган. Масштабы кичине болгон менен мазмуну боюнча Орозулдун мифи да фюрер, дучелердин мифтерине окшош. Орозкулда алардын деңгээлинде бийлик болсо, мүмкүн Гитлер, Муссолини бер жакта эле калмак.
Бала-образ-символ, образ-координат болгондой эле «Ак кеме» аллегориялык, ассоциативдүү чыгарма. Орус жазуучусу С. Залыгин туура белгилегендей, повесттин ар бир абзацы өзүнчө алганда тарых, жаратылыш жөнүндө окурмандарда ассоциацияларды пайда кылып, учурдун актуалдуу проблемалары боюнча кеңирирээк ой жүгүртүүгө мажбурлайт [61: 20].
Майрык Чаар жез кемпир Кассандраны эске салса, Мүйүздүү Бугу Эненин трагедиясы– Аралдын, Байкалдын, Азовдун, Американын Улуу көлдөрүнүн, Бразилиянын тропикалык токойлорунун трагедиялары. Чоң, кичине масштабдардагы мындай экологиялык кризистерди Кыргызстандын да ар бир аймагынан табууга болот. Повесттин акыркы беттерин окуп жатканда жогорудагыдай ассоциациялар ойго келет. Орозкулдун Бугунун башын ызырына балталап жатканы-азыркы адамдардын жаратылышты аеосуз эксплуатациялап, айрым түрлөрүн биротоло тукум курут кылып бараткандыгынын символу экенин түшүнөсүң.
«Мастык менен ого бетер көшөргөн Орозкул бастырманын артында Мүйүздүү Бугу Эненин башын жанчып жатты. Кыялында ал көптөн кеткен кегин кайтарып жаткандай.
— У энеңдин!… — деп, өлүү баш сөзүн укчудай, Орозкул эки ууртунан көбүк бүркө сөгүнөт. — Менден кутула албайсың! — үстү үстүнө балта урат. — Сенин түбүңө жетпесем Орозкул атым өчсүн. Мына! Мына! — деп күрсүлдөтөт» [10: 120—121].
Коомдогу кыйынчылыктарды, кризистик көрүнүштөрдү четтетүү үчүн эң биринчи анын себептерин аныктап, обьективдүү туура баа берүү талап кылынат. Көпчүлүк окумуштуулар глобалдуу экологиялык кризистин негизги себеби катары биологиялык түр, социалдык субьект катары адамдын өзүнүн кризиске учурагандыгын көрсөтүшүүдө. «… балээнин баары адамдын ички кризиске учураганында, — деп белгилеген Рим клубунун президенти, менеджер жана философ А. Печчеи, анын тездикте жана радикалдуу өзгөрүп жаткан дүйнө менен гармонияда жашай албай жаткандыгында» [128: 211]. «Азыркы дүйнөнүн көйгөйлөрүнүн баары адамда, башка жактарда эмес, ошондуктан көйгөйлөрдү чечүү да ага байланышкан, мындан ары адам үчүн маанилүү нерселердин квинтэссенциясы адамзатта болсо, адамзатка байланышкан маанилүү маселелердин баардыгы адамдын сапаттарына жана жөндөмдүүлүктөрүнө көз каранды болуп калат» [128: 73].
М. Месаревичтин Э. Пестелдин, Дж. Боткиндин, М. Эльманджердин ж. б.1974, 1979-жылдардагы Рим клубуна даярдашкан «Стратегия выживания», «Нет пределов обучению» деген 2,7–докладдарында да жогорудагыдай жыйынтыктар чыгарылган [88: 16—20].
Экономикалык, социалдык кыйынчылыктар негизинен саясий, социалдык катаклизмдерден, өзгөчө чоң бийликтеги айрым адамдардын жаңылыштыктарынан, ашыкча амбицияларынан улам келип чыккандай эле глобалдуу экологиялык кризис да башка планетадагылардын экспансиясынан, жаратылыштагы геологиялык-тектоникалык өзгөрүүлөрдөн эмес, өздөрүн цивилизациялуу дешкен адамдардын, коомдун, мамлекеттин кызыкчылыктарына жамынган саясий, өндүрүштүк иш аракеттеринен улам пайда болуп, ал адамзаттын келечегине ядролук катастрофадан кийинки экинчи реалдуу чоң коркунучту туудурууда. Жылдан жылга ал апокалипсистик коркунуч геометриялык прогрессте чоңоюуда. Айрым окумуштуулар техногендүү цивилизация азыркыдай темпте жана формада өнүгө берсе адамзат 2050-2100-жылдардын чегинде экологиялык катастрофага дуушар боло тургандыгы жөнүндө ишенимдүү тыянак — прогноздорду чыгарышууда. «Жыл сайын жер жүзүнөн жан-жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн 4—5 миң түрү (күн сайын 3төн) биротоло жок болууда. Эрозиядан улам жыл сайын 66 миллион гектар жер деградацияга учуроодо. Алардын ичинен 24 миллион гектары айдоо аңыздар, алар айыл чарбасына пайдалануудан чыгууда. Бул Австралиядагы дан-эгиндери эгилген аянттардын баардыгына барабар» (Боконбаев К. Дж.,Экология, окружающая среда и безопасность Кыргызстана, Б.2004, ОсОО «ТАС», 176с.].
Планетанын дем алуучу органы делген тропикалык токойлордун космикалык темпте кыркылып жок болуусун, ири шаарлардын, айрым региондордун булганышын, парниктик эффектинин таасиринин артышын, көзөмөлдөн чыгып кеткен демографиялык кырдаалды, массалык жок кылуучу куралдардын арсеналынын көбөйүүсүн башкача айтууга мүмкүн эмес.
Рим клубунун негиздөөчүсү, Италиянын өнөр жайын уюштуруучулардын бири, философ жана социолог А. Печчеи экономикалык, социалдык катаклизмдердин алдын алып, экологиялык катастрофаны болтурбоо үчүн биринчи кезекте адамдын сапатын жакшыртуу керек, же революциялык гуманизмди коомдук аң сезимге бекем орнотуу зарыл деп эсептейт. «Бул жаңы гуманизм азыркы адамдын күч-кубатына жана сырткы чөйрөдөгү өзгөрүүлөргө шайкеш келиши гана эмес, азыркы өнөр жай, саясый-социалдык жана илимий-техникалык чөйрөлөрдөгү революциялык процесстерди жөнгө салып жана багыттап тургудай туруктуулукка жана ийкемдүүлүккө, жаңыланып туруу жөндөмдүүлүгүнө ээ болуусу зарыл. Жаңы гуманизм революциялык мүнөздө болушу керек. Ал азыркы кыйшайгыстай көрүнгөн принциптерди жана нормаларды толук алмаштырып, мезгилге ылайык рухий-мотивациялык, философиялык, этикалык, социалдык, эстетикалык жана көркөмдүк жаңы баалуулуктарды жаратпаса да радикалдуу жаңылоо үчүн ишенимдүү жана чыгармачыл болушу шарт. Эгерде биз адамдарды уюштуруу жана аңдап түшүнүү системасынын деңгээлин көтөрүп, жаратылыш менен шайкеш туруктуу жана гармониялуу, бактылуу жашоосуна жетишүүнү көздөсөк, анда биз терең маданий революцияны ишке ашырууну, адамзат коомунун сапатын жана жөндөмүн түп тамырынан жакшыртууну максат кылып коюшубуз зарыл» [128: 211—212].
А. Печчеинин революциялык гуманизм жөнүндөгү теоремасы түшүнүктүү. Аны жаңыча ой жүгүртүүнүн бир варианты десе да болот. Ал эми адамдык сапат, же сапаттуу адам дегенди кандай чечмелөө керек? Анткени, мындай формулировка (термин) философияда, социологияда мурда кездешкен эмес.
Байыркы Египеттин «Песнь арфиста», «Беседа разочарованного со своим духом» деген адабий, философиялык мурастарында, Байыркы Индиянын «Вединде», «Упанишадында», «Рамаяна», «Махабхарата» сыяктуу көркөм эстеликтеринде, Будданын, Конфуцийдин канондорунда, Байыркы Кытайдын философиялык окууларында, Античный Грециянын Аристотель, Сократ, Платон, Демокрит өңдүү улуу философторунун эмгектеринде, адам проблемасына өзгөчө көңүл бөлүнүп, конкреттүү мезгилдин шартына, ойчулдардын көз караштарына ылайык адам менен жаратылыштын, дене менен жан дүйнөнүн, материя менен идеянын ортосундагы байланыштар, айырмачылыктар кеңири изилденген. Адамдын жаратылыштагы, космогониядагы орду, анын феномени жөнүндөгү маселелер кайра жаралуу мезгилиндеги Н. Кузанский, Томас Мор, Монтень, Кампанелла, жаңы мезгилдеги Декарт, Гоббс, Спиноза өңдүү философтордун, XVIII кылымдагы Дидро, Гельвеций сыяктуу француздук материалисттердин, немецтик классикалык философиянын И. Кант, Л. Фейербах, Г. Гегель, И. Шеллинг өңдүү өкүлдөрүнүн эмгектеринин да негизги темаларынан болгон. Адамдын биологиялык, физиологиялык негизи менен руханий-нравалык сапаттарынын катышы, жаратылыш менен коомдун адамды инсан катары калыптандыруудагы мааниси, алардын бири бирине тийгизген таасири Орусиянын В. Г. Белинский, А. И. Герцен, Н. Г. Чернышевский, Н. А. Добролюбов сыяктуу демократ ойчулдарынын, К. Маркс менен Ф. Энгельстин, В. И. Лениндин материалисттик окууларынын да өзөгүн түзөт. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө демократиялык институттардын бекем орноп, адам укугунун приоритеттик мааниге ээ болуусу философия, социология, биология, медицина илимдеринин гана эмес, коомдук ишмерлердин, өнөр жайынын ири уюштуруучуларынын, адабият менен искусствонун өкүлдөрүнүн да адам проблемасына кызыгууларын арттырууда. З. Фрейд, Э. Фромм, Ф. Ницше, М. Шелер, Тейяр де Шарден, Ж. П. Сартр, С. Кьеркегор, И. Т. Фролов адам маселеси боюнча мурдагы кылымдардагылардан кескин айырмаланган жаңы концепцияларды сунуш кылышкан [158: 32—90].
Философиянын тарыхына ретрореспективдүү көз таштасак, дүйнөлүк гуманитардык ой казынасына адам проблемасы натуралисттик (Дж. Бруно, Б. Телезио, Дж. Кампанелла ж. б. социалдык көрүнүштөрдү изилдөөдө табийгый илимдердин закондорун колдонушкан), позитивисттик (О. Конт, Г. Спенсер, Э. Мах, Ст. Милль ж. б. адамды изилдеп үйрөнүүдө тармактык илимдердин ролун жогорулатышып, философиянын ролун танышкан), феноменологиялык (И. Т. Ламберт, Дж. Декарт, Э. Гуссерль ж. б. описательный, экзистенциализмге жакын), сциенттик (адамды табийгый илимдердин жыйынтыктары, методдору менен гана изилдөөгө болот деп эсептешкен), материалисттик (К. Маркс, Ф. Энгельс, В. И. Ленин жана аларын эпигондору, адам коомдук мамилелердин продуктусу), антропологиялык (Л. Фейербах, Гельвеций, Н. Чернышевский ж.б. адамдын философиясы), психоаналитикалык (З. Фрейд,«Человек-либидо») ж.б.д.у.с. концепциялардан каралып келгенин көрөбүз. Булардан сырткары адам маселесин структуралык жактан биология, физиология, анатомия, психология, социология ж.б. илимдер да изилдейт.
Структуралык илимдерде адам комплекстүү каралбайт. Ошондуктан бизди бул жерде адамдын маңызын, өзгөчөлүктөрүн ачып берүү үчүн алардын кандай методологияларды, концепцияларды, аныктамаларды пайдаланышары кызыктырбайт. Ал эми комплекстүү караган универсалдуу концепцияларда адамга карата «адамдын жаратылышы» (Э. Фромм), «адам-либидо» (З. Фрейд), «адамдын маңызы», «адам коомдук айбанат» (К. Маркс, Л. Фейербах ж. б.), «адамдын сапаты» (А. Печчеи) деген сыяктуу сөз айкаштары, аныктама терминдер колдонулуп келүүдө. Бирок, кандай жаңы методология, кандай универсалдуу концепция, аныктама, термин киргизилбесин баары бир адамды толугу менен камтып, аны толугу менен ачып берүүгө мүмкүн эмес. Айрым окумуштуулар (Ф. Капра, И. Фролов, А. Печчеи, Г. Уорнер) адамды комплекстүү изилдеп үйрөнүү үчүн социологиядагыдай адам жөнүндөгү илимдин жаңы универсалдуу тармагын киргизүүнүн зарылчылыгын белгилешүүдө. Бул багытта конкретүү аракеттер да бар. Орусияда И.Т.Фроловдун жетекчилигинде Адам институту түзүлгөн,«Адам» деген илимий журнал да чыгат.
Биздин оюбузча, азыркы шартта адамды комплекстүү изилдеп, үйрөнүп, анын көп кырдуу, көп түрдүү сапаттарын, коом, макрокосм, биосфера менен болгон байланыштарын, ал байланыштардын өз ара трансформацияларын, өз ара таасирлерин ачууга далалаттануу үчүн (толук үйрөнүп алууга мүмкүн эмес) адамдын жаратылышы, же адамдын экологиясы деген терминди колдонуу керек. Азыр дүйнөдө адамдын экологиясы өзүнчө илим катары калыптанып баратат [110: 11].
Рим клубунун негиздөөчүсү жана анын туңгуч президенти А. Печчеи адамдык сапат, революциялык гуманизм жөнүндөгү дискурсивдери менен микроклеткалардын бузулушу рак шишигин пайда кылгандай эле, биологиялык түр катары адамдын кризиске учурашы, же анын психологиялык, моралдык установкаларынын, социалдык этологиясынын техногендүү цивилизациянын шарттарына толук адекваттуу келбей калышы саясатта да, коомдо да, анын ичинде адам менен жаратылыштын ортосундагы мамиледе да глобалдуу экологиялык кризисти пайда кылганын белгилеген. Чындыгында азыр биосферага адамдай активдүү таасир тийгизген биологиялык түр (вид) жок. Ошондуктан планетанын экологиясынын кризисин- адамдын экологиясынын алкагынан, тутумунан кароо талап кылынат.
Деги адам деген эмне? Байыркы кытайлардын окууларында белгиленгендей, индивидуалдуу касиети, баалуулугу жок, социалдык топтун бир бөлүкчөсү, бир винтигиби? Же софисттер белгилешкендей, жаратылыштын бермети, бардык нерсенин ченемиби? (Протагор «Человек — мера всех мещей» [158: 36—37]. Же Ф. Ницше аныктагандай ар кандай ыпластыктардын жыйындысыбы? («Поистине, человек — это грязный поток» [114: 12]. Же материалисттер аныкташкандай коомдук мамилелердин гана туундусубу? (К. Маркс «Сущность человека не есть абстракт, присущий отдельному индивиду. В своей действительности она есть совокупность всех общественных отношений» [102: 265]. Же Н. Кузанский айткандай, кудайдын прообразы, кудайдын жердеги өкүлүбү? (Н. Кузанский «В самом деле человек есть бог…» [83:10]. Биздин оюбузча, жогорудагы жана алардан башка концепциялардын резюмелериндегидей категориялуу бир жыйынтык чыгарганга болбойт. Ар адамда айбанаттык инстинкттер менен кошо теңирдин деми сезилип турган космикалык күч, коомдук мамилелердин таасирлери менен бирге индивидуалдуу генетикалык өзгөчөлүк кошо жүрөт. Адам — карама каршылыктардын, дилеммалардын жыйындысы.
Бул өңүттөн алганда Ч. Айтматовдун, Г. Маркестин чыгармалары, анын ичинде «Ак кеме» повести адамдын экологиясын изилдеп үйрөнүүгө омоктуу материал болуп берет.
Кичинекей кордондогу, тропикалык токойлордун арасындагы Макондодогу адамдардын экологиясынын бузулуусу — алардын арасында антигумандуу мамилелердин, зордук зомбулуктун бекем орноп, карагайлардын уурдалып, кыркылып жок болушуна, тотемдик Бугунун өлтүрүлүп, трагедиянын келип чыгуусуна себеп болуп, Макондонун тургундары моралдык, нравалык жактан, ал эми жаратылышы экологиялык жактан деградацияга учурап, инцесстик байланыштан улам Патриарх Хосе Аркадио Буэндианын турмуштук зор потенциалы бар динамикалык уруусу атависттик белгиси бар наристенин төрөлүшү менен жыйынтыкталат.
«Ак кемедеги», «Жалгыздыктын жүз жылындагы» кайсыл кейипкерди албайлы, бир идеяга фанатиктей берилип, же биологиялык бир инстинкттин аркасынан биротоло ээрчип, алардын барымтасында калып, гравитациялык талаадан чыгып кеткен метеориттей жан дүйнөлөрүндөгү гармонияны, психологиялык тең салмактуулукту жоготкон, адамдык аутэкологиялары бузулган кейипкерлер. Ч. Айтматовдун повестиндеги кейипкерлердин баардыгынын турмуштук, социалдык өксүктөрү бар. Орозкул жаратылыштын эң улуу -тукум калтыруу укугунан ажыраган. Ал өзүнүн тукумсуздугун аялы Бекейден көрөт. Баласыз куу баш болуп, шаардагы жеңил турмушка, бийликке, мансапка жетпей өзүнүн өмүрү өтүп баратканын ойлогондо айланасындагыларды кууруп жибергиси келет. Аялын кайын атасына кошуп сабайт.
Кыргызда аялдын атасы — анын күйөөсүнүн да атасы катары эсептелет. Ошондуктан башка элдерден өзгөчөлөнүп кайын ата деп аталат. Элдик жол-жосун боюнча күйөө бала кайын атасына өз атасындай ызаат көрсөтүүгө милдеттүү. Бирок, Орозкул элдик каада салт, жол –жосундан сыртта калган. Ал патологиялык эгоист, эгоцентрик. Ал бардык нерселерге өзүнүн кызыкчылыгынын алкагынан гана карайт. Башкалардын трагедиялары, адамдык сезимдери жөнүндө ойлогонду да билбейт. Кыскасы, өзүнүн өксүгүнө, галлюцинацияга айланган күйүтүнө өзү уугуп, адам деген эле аты калбаса жырткычка айланып бараткан инсан. Мындай инсандын жаратылышка карата мамилеси уурдоо, сатуу, көзүнө көрүнгөн айбанатты атып жок кылуу түрүндө трансформацияланышы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Орозкулдун экологиясынын бузулушу патологиялык кыртыштан экени байкалса, Момун чал менен Бала турмуштук, социалдык себептерден улам мифологиялык дүйнөгө ыкташат. Орозкул жан дүйнөсүн тартипке келтирип, бийлик, мансап, шаар жөнүндөгү илдеттей идеялардан арылып, айланасындагыларга карата мамилесин оңдосо, өзүн бактылуулардын бактылуусу деп эсептөөгө деле негиз тапмак. Бирок, бийлик, мансап жөнүндөгү өксүк, дымактын күйүтү- анын психологиясынан нормалдуу адамдарга мүнөздүү жакшы сезимдердин баардыгын сүрүп чыгарып, жан дүйнөсүн ач көздүк, көрө албастык, жек көрүү гана ээлеп алган. Момундун эркин биротоло сындырып, өзүнөн да төмөн түшүрүп таштоо үчүн көлөкөсүндөй болгон Сейдахматтын жардамы менен аны Мүйүздүү Бугуну атууга мажбурлайт.
Повесттеги калган кейипкерлер да тагдырдын оор сыноолоруна туш болуп, адамдык экологияларына биологиялык, моралдык доо кетип, турмушка, айлана чөйрөгө өздөрүнүн комплекстери аркылуу мамиле жасап калган инсандар. Бала- тирүүлөй тоголок жетим. Атасы кайда экени белгисиз. Апасы бирөөнүн этегине жармашып шаарга кеткен. Айтымга караганда, ал жактан деле жарып кетпегендей. Бала эсине киргенден бери апасын көрө да элек. Теңтуштары жок болсо, чоңураактардын бардыгы өз күйүттөрүнө уугушуп, өздөрү менен өздөрү болуп жүрүшсө, кордондогу балага чөп-чар менен сырдашып, таштар менен ойноп, таятасынын жомогун угуп, Мүйүздүү Бугу Энени ыйык тутунгандан башка эмне калат?
Мүйүздүү Бугу Эне жөнүндөгү баян Бала үчүн боордоштуктун, гармониялуулуктун символу. Аптаптуу күндөрдө терезелерди ачып желдетип турбаса дем алууга оор боло баштагандай эле, Бала да Мүйүздүү Бугу Эне жөнүндөгү баянды тез-тез угуп, кыялында аны менен бирге жашап турбаса, ал үчүн кордондун абасы тумчуктура баштагандай сезилет. Орозкул Бугунун башын балталап жатканын көргөндө баланын чындап эле деми кыстыгат… Өздөрүнүн жакындарына, кордондогу жападан жалгыз Балага адамча мамиле жасабагандардан айлана- чөйрөгө, жаратылыш байлыктарына карата нормалдуу мамилени күтүүгө болобу?
Чындыгында кордондогулар бири-бирин көргүлөрү да келбейт. Аларды примитивдүү коркунуч гана биргеликте кармап турат. Башка жактарга барып, тиричилик кылганга мүмкүнчүлүктөрү да, каалоолору да жок. Айлана-чөйрөлөрүн курчап турган кооз жаратылышта эмне болуп жатканы, кандай проблемалар бары аларды кызыктырбайт.
Кордондо жети адам жашаганы менен алардын ортосунда (Момун менен Баладан башка) симпатиялуу моралдык, психологиялык байланыш жок. Добул түшкөндө бейтааныштар кокусунан ыгы келген дарактын түбүнө корголоп калышкандай, алар да тиричилик үчүн кордонго байырлап калышкан. Ар кимиси өз түйшүгүн гана ойлойт. Жазуучу кордондогулар аркылуу аллегориялуу түрдө азыркы коомдогу көпчүлүк адамдардын жаратылыштан да, бири-биринен да моралдык, психологиялык жактан алыстап, ар кимиси өз камын гана ойлоп, бардык нерселерге кайдыгер болуп калганын көрсөткөн. Жамаатта, коомдо жашаган менен Сейдакматтай социалдык апатияга батып, баардыгына кайдыгер караган, же Орозкулдай ашыкча амбициясы жанына тынчтык бербей алдастатып, бийлик, мансап үчүн энесин сатууга да даяр турган, же Бекей, Момун жана анын кемпириндей өз өкүттөрүнө өздөрү уугуп, адамдык жакшы сезимдерин жоготкондор азбы?
Учурдун глобалдуу кризистеринин себептери цивилизацияда, же жаңы технологияларда эмес, мына ошол ар кандай оор шарттардан улам аутэкологиялары (жекече экологиялары) бузулуп, өткөнгө да кылчайбай, келечектен да жакшы нерсени күтпөй калган адамдарда. Аты эле айтып тургандай, жалгыздык темасы Г. Маркестин романынын квинтэссенциясын түзөт. Эпостук стихиядагы, масштабдагы романда саясий, социалдык, экологиялык жана моралдык, нравалык проблемалар жалгыздыктын призмасы аркылуу каралып, адам тарыхый аң сезимден жана тарыхый эс тутумдан ажырап, конкреттүү коомдун этикалык императивдеринен сыртта, өзүнүн инстинкттеринин биринин туткунунда калса, ал коомго, экологияга кандай оор кесепеттерди алып келе турганы өзгөчө күчтүү ачылып берилген.
Айлана-чөйрө жаратылыш менен гармонияда жашап, биоценездин, коомдун органикалык бөлүгүн түзүп туруу үчүн адамдын ички дүйнөсүндө гармониянын, тең салмактуулуктун болуусу зарыл. Адамдын ички дүйнөсүндөгү, же экологиясындагы анамолиялык, же деструктивдүү көрүнүштөр анын сырткы дүйнө менен болгон байланышына адекваттуу трансформацияланып, ал коомдо, жаратылышта тийиштүү реакцияларды пайда кылып, ал терс эмоцияны экстраполяциялаган индивиддин өзүнө гана эмес, башкаларга да негативдүү таасирин тийгизет. Жазуучу С. Залыгин туура белгилегендей, өз «чарбасына» өзү ээлик кыла албаган адам башкаларга кожоюн болуп жарытпайт.
«Жалгыздыктын жүз жылындагы» Х. А. Буэндианын тукумдарынын трагедиялары — алардын экологиялык, психологиялык тең салмактуулуктарды жоготуп, өздөрүнүн күчтүү инстинкттеринин, кумарлыктарынын гана кулдарына айланышкандарында. Эмоционалдык күчтүү сезимдер кандай түрдө болбосун окурмандарды күчтүү таасирге дуушар кылып, сөзсүз көпчүлүктүн эсинде калат. Бирок, андай инстинкттерге, сезимдерге баш-оту менен берилип, реалдуулукту жоготуп, ошол сезимдер менен гана жашап калуу, адамдын айланасындагылар менен болгон нормалдуу байланышын бузуп, моралдык жалгыздыкка калтырып, акыры адамды биологиялык, нравалык жактан кыйроого учуратат, ал коомго да, анын ичинде экологиялык мамилелерге да терс таасирин тийгизет. Г. Маркестин чоң масштабдагы, көп пландуу роман эпосундагы экологиялык линиянын жыйынтыктарынын бири ушунда.
Г. Маркестин романы менен Ч. Айтматовдун «Ак кеме» повестинде жогорудагылардан башка үндөштүктөр, салыштырып анализдөөнү, тереңирээк иликтөөнү талап кылган нерселер аз эмес. Биз бул жерде максатыбызга ылайык, адамдын экологиясынын жаратылышка карата болгон мамилелерге трансформациялануусуна гана азыраак токтолдук.
Автордун «Ак кеме» повестине идеялык, эстетикалык жактан казак драматургу К. Мухамеджанов менен биргеликте жазган «Фудзиямадагы кадыр түн» драмасы жакын. Драмада да «Ак кеме» повестиндей эле окуя мейкиндик жактан локалдуу чөйрөдө, же окумал курбулардын бири Фудзияма деп атай койгон дөбөдө өнүгөт, мезгилдик жактан бир суткага жакын убакытта өтөт. Ал жерге бир кезде балдар үйүндө чогуу тарбияланышып, андан кийин университетте бирге окуп, согушта да бир батереяда кызмат өтөп, кийин турмуштук жолдору ар жакка бөлүнүп кеткен төрт курбу чейрек кылымдай убакыттан кийин үй-бүлөлөрү менен көңүл ачканы чогулушат. Курбуларды баш коштурууга себепкер болуп, чакырып, сый көрсөтүп жаткан ошол жердеги совхоздун башкы агроному Досберген. Сыйлуу коноктордун бири — тарых илиминин доктору, кайсыл бир институттун директорунун орун басары Иосип Татаев, же Осипбай. Экинчиси-жазуучу, журналист Исабек Мергенов актриса аялы Гүлжан менен, үчүнчүсү — жергиликтүү мектептин тарых сабагынын мугалими Мамбет Абаев, аялы Анвар менен. Чогулгандардын сөздөрүнөн улам алардын Сабыр деген дагы бири болгонун билебиз, бирок ал эмнегедир курбулардын жыйынына келбейт.
Алгач дөбөдөгү окуя эң эле баналдуу түрдө өнүкчүдөй сезилет. Табийгаттын койнунда ичкиликке кызып, казандагынын алдыга тартылышын күткөн курбулар чымчылай тамашалашып, аялдарга да сөз ыргыта көңүлдүү отурушат. Эски курбулардын арасында мындан курчураактары да боло берет. Бирок, реплика чымчышуулар тереңдеген сайын ал мугалим Мамбеттин демилгеси, экиленген актриса Гүлжандын, курбуларга детдомдо таалим тарбия берген Айша апанын коштоосу менен кимдин ким экенин тастыктаган ретрореспективдүү анализ — чегинүүгө, азыр кайда экеги белгисиз, бир кезекте мыкты ырларды жазып, көптөн үмүттөндүргөн Сабырдын рухий дүйнөсүнүн алдындагы «ачык сотко» айланып кетет. «Ачык сотту» Осипбай менен Исабек каалашпайт, сөздү башкага бургулары, тамашанын шылтоосу менен андан четтегилери келишет, бирок өжөрлөнгөн Мамбет түлкүнү аскага камаган аңчыдай, аларга буйтаганга жол бербейт, Сабырдын маселесин козгоп туруп алат.
Бесплатный фрагмент закончился.
Купите книгу, чтобы продолжить чтение.